
Кыргызстандын Пакистан вектору жана мамлекеттик сапардын жашыруун логикасы
Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 3-4-декабрында акыркы жыйырма жылда биринчи жолу Пакистанга мамлекеттик сапар менен барды. Анын жыйынтыгында экономика, порттук логистика, энергетика, айыл чарба, саламаттык сактоо жана башка тармактар боюнча 17 документке кол коюлду. Алардын ичинде регионалдык жана глобалдык жүк ташуу системасында Пакистандын портторун колдонуу тууралуу меморандум да бар [Sputnik Кыргызстан].
- Сапардын экономикалык мааниси
Кыргызстандын деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, Пакистан расмий түрдө өзүнүн Карачи, Гвадар жана Касим ири портторун пайдаланууну сунуш кылды. Пакистандын премьер-министринин айтымында, бул Кыргызстанга дүйнөлүк рынокторго түз чыгууга жол ачат [Dawn].
Сапарга чейин эки өлкөнүн ортосундагы соода алда канча аз болгон: 2025-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстандын Пакистанга болгон экспорту болжол менен $0,5 млн долларды түзгөн, ал эми импорту $7 млн доллардан ашкан. Жаңы келишимдердин алкагында эки тарап жакынкы бир нече жыл ичинде соода алмашууну $200 млн долларга жеткирүүнү максат кылууда.
- Эмнеге Пакистан жана бул тандоонун өзгөчөлүгү?
Пакистан аркылуу деңизге чыгуу, жөн гана соода мүмкүнчүлүгү менен чектелбейт. Кыргызстан үчүн Казакстан жана Россия аркылуу өткөн түндүк багыттар көз карандылыкты арттырууда. Санкциялар күчөп, геосаясий туруксуздук барган сайын Кыргызстанды тобокелчиликке түртүп жаткан шартта, бул чечим көйгөйдөн чыгууга жол ачат.
- Демилгенин Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу (CKU) менен байланышы
Кыргызстан аймактагы транспорттук архитектуранын өзгөрүшүнө карай олуттуу кадамдарды эчак эле таштаган. 2025-жылдын июль айында Кыргызстандын премьер-министрдин орун басары баштаган делегациясы Карачи деңиз портуна барып, анын инфраструктуралык, логистикалык жана жүктөө мүмкүнчүлүктөрү менен таанышкан.
Демек, Пакистан багыты бүгүн эмес, мурда эле изилденип келген. Ал эми президенттин соңку мамлекеттик сапары, ошол аракеттердин жыйынтыгы болду.
- Пакистан аркылуу өтүүчү негизги маршруттар
Эгер Кытайдан Кыргызстан аркылуу Пакистан портторуна кеткен маршруттар ишке ашса, Кыргызстан чыныгы регионалдык транзиттик түйүнгө айланышы мүмкүн. Темир жол, автотранспорт жана деңиз порттору бириккен мултимодалдык маршруттар – Кытайдан жана Борбор Азиядан Түштүк Азияга, Жакынкы Чыгышка жана андан ары дүйнөлүк рынокторго жол ачат.
Дүйнөлүк жеткирүү маршруттары өзгөрүүлөрдү жана алтернативдик жолдорду талап кылган учурда – бул демилге инвестиция, соода жана экономикалык туруктуулуктун булагы болушу ыктымал.
- Кадамдын саясий мааниси
Бул кадам экономикалык гана эмес, күчтүү саясий ишарат. Адаттагы түндүк өнөктөштөрдөн сырткары Пакистан менен кызматташуу, Кыргызстандын көп векторлуу саясатын жүргүзүп жатканын түшүндүрөт.
Башкы этапта бул кадам символикалык мааниге гана ээ болгону менен, кийинчерээк түндүк маршруттар жабылып, көз карандылык өөрчүп кетсе, бул багыт кризистен чыгуу үчүн “этияттык” жол болуп бере алат.
- Бул сапар канчалык даражада көз карандысыз демилге?
Бул багыт толугу менен Кыргызстан тарабынан гана иштелип чыккан демилге деп айтуу мүмкүн эмес. Бул кадам Борбор Азия менен Түштүк Азиянын байланышын чыңдоого багытталган кеңири регионалдык стратегиянын алкагында жүргүзүлүп жаткан саясий жана экономикалык демилге. Бул стратегия – Пакистан, Кытай жана Иран инфраструктураларын байлап, жаңы соода коридорлорун түзөт. Демек, Кыргызстан ушул ири стратегияга ылайык, саясатын алып барууда. Анткени Кытай, Кыргызстанды Борбор жана Түштүк Азияны байлоочу түйүнгө айландырууга кызыкдар. Бул стратегияда Пакистан негизги ролду ойнойт.
Андыктан, Жапаровдун Пакистанга болгон мамлекеттик сапарын толугу менен «өз алдынча кадам» деп эсептөө туура эмес. Ошентсе да, Кыргызстан өзүн ири аймактык демилгенин бөлүгү катары сезип, анын алкагында пайдалуу орунга ээ болууга умтулууда.
Жыйынтык
Ошентип, Жапаровдун сапары жана Пакистан багытынын ачылышы жөн гана дипломатиялык окуя эмес, бул Кыргызстандын жаңы тышкы экономикалык саясатынын башталышы. Бир жагынан, Кыргызстан деңизге чыгууга реалдуу мүмкүнчүлүккө ээ болууда. Экинчи жагынан, бул кадам Кремлге карата көз карандысыздыкты жана ийкемдикти билдирген олуттуу саясий ишара болуп саналат. Ошондой эле, Кытайдын стратегиялык кызыкчылыктарына кызмат кылмакчы.
Кыргызстан узак убакыттан бери алгачкы жолу көнүмүш саясий географиясын өзгөртүүгө карай аракеттенүүдө. Бул кадам келечекте өзгөчө мааниге ээ болушу ыктымал. Андыктан, жетишилген макулдашуулар кандай ишке ашарын жана мындан аркы окуялардын өнүгүшүн кылдат байкоо зарыл.
Латыфул Расых




