
«Авраамизм» саясий эки жүздүүлүк жана капкан
Касым-Жомарт Токаевдин 7-ноябрда Вашингтонто Дональд Трамп менен жолугушууда «Авраам келишимине» кошулуу тууралуу чечими, бул жашырылбаган саясий кошоматчылык. Мындай кадам АКШнын саясатына жасакерленүү, ыраазычылык билдирүү жана диний биримдик беткабы артында дүйнөгө таңууланган сионисттик долбоорго колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.
Башынан эле « Авраамизм (Ибрахимдик келишимдер) иудаизм, христианчылык жана ислам дининин ортосунда көпүрө катары, «тынчтык, чыдамкайлык жана бирге жашоо» символу катары көрсөтүлүп келгенин түшүнүү зарыл. Бирок ушул жумшак сөздөрдүн артында терең коркунучтуу идея – «жаңы авраамдык дин» концепциясы жашырылган. Ал үч динди ээрчигендерди, Ибрахим пайгамбардын (Ага тынчтык болсун) байрагынын астында бириктирүүчү долбоор катары сунушталууда. АКШ жана “Израил” тарабынан таңууланып жаткан бул долбоор, чынында мусулмандарды исламдын өзгөчүүлүгүнөн баш тартууга, Кудай орноткон айырмачылыктарды өчүрүп салууга, иудаизм менен христиан динин туура жана тең деп билүүгө чакырат.
А бирок, Аллах Таала Куранда бул тууралуу ачык айткан:
. Кимде-ким Исламдан башка динди кааласа, анда, (анын «дини» Алланын алдында) эч качан кабыл кылынбайт жана ал Акыретте зыян тартуучу-өкүнүүчүлөрдөн (болот) (3:85).
Ошентсе да, «диндер аралык маек» жана «толеранттуулук» деген ураандар аркасында ислам өзгөчөлүгүн жоготууга жана үммөттүн биримдигин алсыздатууга каратылган идеологиялык программа ишке киришүүдө. «Үч диндин биримдигине» чакыруу бул тынчтыкка алып баруучу жол эмес, тескерисинче мусулмандарды өз максатынан алыстатып, алардын көңүлүн башка жака буруп, Батыштын жана сионизмдин таасирине баш ийгизүү ыкмасы.
Биз буга чейин бул долбоордун түп-негизин ачып көрсөткөнбүз жана бул келишимдердин максаты, “Израилдин” аймактык үстөмдүккө чыгуусун бекемдөө жана ар кандай исламий каршы туруучу күч-аракеттерди жок кылууга каратылганын айтканбыз. «Ибрахимдин үйү» жана «Ибрахимдин жалпы урпактарынын ибадаты» деп айтылган ураандардын артында мусулмандардын исламий көз-караштардан баш тартуусу күтүлүүдө. Натыйжада Ислам, алар ойлогондой жумшак, тынч жана зыянсыз динге айланып, андагы чыныгы исламдык позиция «экстремизм» катары каралмакчы.
Мындай көрүнүштө Токаевдин аракеттери жөнөкөй ката эмес, казакстан мусулмандарынын диний жана моралдык негиздерине кыянат кылуу болуп эсептелет. Келишимдерге кошулуу тууралуу чечим, коомдук талкууга узатылбастан, аалымдардын көз-карашысыз жана дин тутуучулардын макулдугусуз кабыл алынды. Бул бийликтин элден алыстагандыгын жана Вашингтондун мактоосу үчүн ислам баалуулуктарынан баш тартууга даяр экенин көрсөтөт.
Токаев, Трамптын алдына өзүнүн «өзгөчө берилгендигин» көрсөткүсү келип, анын саясий долбоорлоруна, “Израилди” мусулман аймактарын көзөмөлдөөчү күч катары бекемдөө максатындагы саясатка кошулуп жатат. Ошентип, калкынын көбү мусулман болгон өлкө катары Казакстан, чоң бир жат оюнга тартылып жатат. Ал эми бул оюндун максаты – Үммөттү Батыштын жана сионизмдин кызыкчылыктарына баш ийдирүү.
Аллах Таала Куранда эскертет:
Жөөт жана насранийлер, сен алардын динин ээрчимейинче эч качан сага ыраазы болушпайт. Айткын: “Алланын Жолу гана акыйкат жол! (2:120).
Демек, “тынчтык” жана “толеранттуулук” шылтоосу менен сионисттерге жана батышка болгон ар кандай жагынуу аракеттери – саясий жана идеялык кыйроого алып келет. Жада калса динден чыгарат!
Ислам Үммөтү мындан мурун да мындай куулуктарга күбө болуп келген. Тарых көрсөткөндөй, Ислам душмандарынан тартууланган ар кандай “тынчтык” келишимдери мусулмандардын кор болуусуна жана душмандардын алардын үстүндө бийлик кылууларынан башка эч бир пайда алып келген эмес. Эгер бүгүн Казакстанда ушул көрүнүш кайра кайталанып жатса, демек күнөө өз элинин ишенимин, кадыр-баркын, өздүгүн сатып өткөрүүгө даяр болгондордо.
“Албетте, каапыр болгон кимселер байлыктарын адамдарды Алланын жолунан тосуу үчүн иштетишет. Анан, аны сарпташат го, кийин ошол (байлыктары) өздөрүнө өкүнүч болот, кийин жеңилишет. Каапыр кимселер тозокто жыйылышат“.
Худжад Джамиа




