Макала

Банк тузагы аркылуу авторитардык көзөмөл орнотуу

Банк тузагы аркылуу авторитардык көзөмөл орнотуу

Акыркы жылдары банк тармагы жана электрондук төлөм технологиялар тармагы терең өзгөрүү майданына айланды. Бул өзгөрүү жаран менен мамлекеттин ортосундагы тең салмактуулукту өзгөртүүдө. Башында көмүскө экономиканы алдын алуу, салыктарды оптималдаштыруу жана каржылык тунуктукту жогорулатуу катары көрсөтүлгөн демилгелер акырындап, калкты толук көзөмөлдөө инфраструктурасына айланып баратат.

Казакстанда Каржы министрлиги банктарды жеке адамдардын эсептери менен алар алган кредиттери тууралуу маалыматты салык органдарына берүүгө милдеттендирүүнү сунуштоодо. Формалдуу түрдө бул жалпы декларациялоо системасынын алкагында салыктык теңдикти орнотуу деген жүйө менен жүргүзүлүүдө. Бирок иш жүзүндө бул жарандардын каржылык активдүүлүгүн алардын макулдугусуз аралыктан, борборлоштурулган түрдө көзөмөлдөө болуп саналат. Муну менен мүлктүк чыгымдар, каражаттардын айлануусу, эсептердеги калдыктар көзөмөлгө алынат. Бул жөн гана бухгалтердик көзөмөл эмес, бул калктын жүрүм-турумун,  жашоо деңгээлин байкоо.

Бул тенденция авторитардык башкаруунун стратегиясына так жана даана туура келет. Жарандардын жана алардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү каржылык агымдар жөн гана салык базасын түзүү үчүн кылынган жок. Алар административдик кысым жана саясий тартип орнотуу үчүн камчы болуп саналат. Капиталисттик башкаруу системасында жарандардын капчыгы тууралуу  маалыматты ким көзөмөлдөсө, ал анын жашоосун көзөмөлдөйт.

Көзөмөлдүн санариптик тармагы болгон банк системасы жаңы авторитардык башкарууну куруунун эң керектүү элементи болуп калууда. Ал “жумшак” жана заманбап технологияны колдонот, бирок, ошол эле учурда, жарандын жеке жашоосун көзөмөл кылууда мыкты услуб болуп берет. Буга катар ар кандай салык жеңилдиктери, амнистиялар жана артыкчылыктар анча деле мааниге ээ болбой калат. “Мунун баары жарандардын бакубаттуулугу үчүн» деп ишендирүүгө багытталган чырмалышкан түзүмдүн бир бөлүгү. Бирок мунун артында азырынча көзгө илинбес санариптик Левиафан өсүп келе жатканын али көпчүлүк байкабашы мүмкүн.

Маалымат үчүн: Левиафан — бул метафора, ал XVII кылымда Томас Гоббстун философиялык эмгегинде пайда болгон. Анын белгилүү «Левиафан» (1651) аттуу эмгегинде бул сөз мамлекетти жасалма, бардык нерсеге кудуреттүүдөй болуп көрүнгөн, тартипти сактоо үчүн жаратылган, бирок жеке адамдын үстүнөн абдан чоң бийликке ээ болгон дене катары белгилеген. Кийин «Левиафан» түшүнүгү мамлекеттин өтө көп нерсени: жашоону, пикирди, каржыны, сөз эркиндигин, жеке купуялуулукту көзөмөлдөшүн символдогон түшүнүккө айланды. Азыркы шартта, айрыкча санариптик көзөмөл жөнүндө сөз болгондо, «санариптик Левиафан» — бул жарандардын салыктардан тартып сатып алууларга чейин, кредиттерден тартып баскан турганына чейин маалыматка ээ мамлекет. Бул маалыматтарды ал тартип үчүн эле эмес, көзөмөл жана манипуляция үчүн да колдонот.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button