Макала
Trending

Дааватчыларга карата зулумдук күчөп барууда

Дааватчыларга карата зулумдук күчөп барууда

Акыркы кездерде дааватчыларга  карата зулумдуктар күчөп жатат. Мусулмандар абактарда жана убактылуу кармоочу жайларда ар кандай кыйноолордун курмандыгы болушууда. Ток тарттыруу, сабоо, ур-токмокко алуу, сууга салып же желим баштык менен тумчуктуруп кыйноо кадыресе көрүнүшкө айланып бара жатат. Бул регионалдык жана эл аралык күчтөрдүн үндөөсү менен болуп жатканы шексиз. Себеби, Кытай, АКШ, Россия сыяктуу колонизатор державалар Исламды өзүлөрү үчүн эң чоң коркунуч деп билишет. Чынында эле Ислам алардын колониялдык пландарын, мусулман өлкөлөрүндөгү таасирлерин жокко чыгарчу, бүт дүйнө мусулмандарын бириктирчү жалгыз долбоор болуп эсептелет. Ошондуктан, алар Исламдын күчөшүнө, мусулмандардын Ислам негизинде биригишине толугу менен каршы. Алар бул нерсени болтурбоо үчүн мусулмандарга каршы түздөн-түз жана сакафий чабуулдарды жасашып, аларды кысымга алып келишет. Ошондой эле, алар Исламга каршы бул багытты өздөрүнүн таасири астындагы мусулман өлкөлөрүнө мажбурлап аткартышат.

Биздин өлкө да башка мусулман өлкөлөрү сыяктуу колонизаторлордун таасири астында болгондуктан, дин жаатындагы саясат алардын көрсөтмөсү негизинде түзүлөт. Акыркы жылдардагы бийликтин Ислам жаатындагы иш-аракеттери – муну ырастап турат. Негизи 2021-жылы Бишкек жана Ош шаарларында – мусулмандардын каршылыгына карабастан – Айт намаздарын борбордук аянттарда окууга тыюу салынышы мусулмандарга карата зулумдун күчөшүнүн коңгуроосу болгон эле.

Ошол эле жылы дин тармагындагы мамлекеттик саясаттын концепциясы кабыл алынды. Бул концепцияда бийликтин Исламга каршы саясаты ачык эле орун алган. Ал эми 2023-жылы бийлик тарабынан мечит жана медреселер массалык түрдө жаптырылды. Мечиттердин мындай көлөмдө жапырт жабылышы өлкө тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Мечиттердин жабылышы айтылган концепцияда көрсөтүлгөн “диний мекемелерди каттоо” деген шылтоонун негизинде алып барылды. Дал ушул концепциянын негизинде коомдук жайларда никаб кийип жүрүүгө, үймө-үй кыдырып даават кылууга тыюу салынды. Андан тышкары, бул концепцияда ушундай бир көрсөтмөлөр камтылган, алар аркылуу ар кандай мусулмандын, ал тургай, аалымдардын даават кылуусун чектөөгө болот.

Ошону менен бирге, ата-бабаларынын динин бекем карманган, “Роббим – Аллах” деген мусулмандар темир торго ташталып, ар кандай зулумдардан жапа чегишүүдө. Өзгөчө жыл башынан бери бул зулумдар абдан күчөдү.

Ата-бабаларыбыздын динин кармануу зулумга дуушар кылган күнөө болуп эсептелеби?! Ата-бабаларыбыздын жашоо эрежеси болгон шариятты кармануу жазага тартылуучу кылмышпы?! Жок, албетте! Ата-бабаларыбыздын дини болгон Ислам колонизаторлорго каршы бир муштум болуп биригип, каршы туруунун негизи болгон. Ошондуктан, бүгүн колонизаторлор биздин бийликтин колу менен мусулмандарга каршы зулумдарды жасап жатышат. Бирок, Аллах  Таала залимдерди ээрчүүдөн кескин кайтарып, залимдердин акыбети оор болорун эскертүүдө:

﴿وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ

«Зулумдук жолун туткан адамдарга таянбагыла, антсеңер, силерге тозок оту жетет»                                          [11:113]

﴿ولاَ تَحْسَبَنَّ اللَّهَ غَافِلاً عَمَّا يَعْمَلُ الظَّالِمُونَ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍ تَشْخَصُ فِيهِ الأَبْصَار﴾

«Сен «Аллах залим кимселердин кылып жаткан иштеринен кабарсыз» деп ойлобо! Аллах аларды(н жазаларын) көздөр (коркунучтан) катып кала турган (коркунучтуу кыямат) күнүнө гана калтырууда»                                               [14:42]

Андыктан зулумдук жолун карманууну токтоткула!

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button