Казакстан бийлиги радикалдашуу темасын январь окуяларындагы зомбулукту актоо үчүн кантип колдонгон

Казакстан бийлиги радикалдашуу темасын январь окуяларындагы зомбулукту актоо үчүн кантип колдонгон
2022-жылдын январь айында Казакстан тарыхындагы эң олуттуу саясий жана социалдык жаңжалдардын бири болуп өттү. Жаратылыш газынын баасы өсүшүнө каршы башталган нааразылык акциялары тез эле массалык баш аламандыктарга айланып, Алматы баштаган бир нече шаарды камтыды. Бул окуяларга жооп катары бийлик катуу каршылык көрсөттү, көп өтпөй Казакстанда Сирия менен Афганистандан келген террористтер иш жүргүзүп жатат деген маалымат таратылды. Бирок кийинчерээк бул маалымат жалган экени белгилүү болду. Окуяларга эч кандай чет өлкөлүк согушкерлер катышкан эмес, ал эми расмий каналдар аркылуу тараган радикалдашуу боюнча айыптоолордун эч кандай негиздемеси жок болгон.
Окуяларды талдоодо маанилүү жагдайлардын бири — нааразы болгондорго коюлган айыптоолордун, анын ичинде терроризм жана экстремизм боюнча күмөндөрдүн далилденбегени. Алар бийликтин катаал аракеттерин актоо үчүн гана ыңгайлуу шылтоо болуп берди. «Республика» сайтындагы «Кремлден чалуу жана коркок Абиш» аттуу макалада мурдагы атайын кызматтын кызматкери Руслан Искаковдун көрсөтмөлөрү талкууга алынган. Ал кызмат абалынан ашыкча пайдаланганы үчүн күнөөлүү деп табылган. Искаковдун айтымында, 20 миң террорист тууралуу версия ички иштер министрлиги тарабынан, Ерлан Тургумбаевдин жетекчилиги астында маалыматтык кампаниянын бир бөлүгү катары таратылган. Ал бул дезинформация нааразы болгондорго күч колдонуу үчүн негизги рол ойногонун, анын кесепетинен 238 жаран курман болгонун белгилейт.
Искаковдун айтымында, 2022-жылдын январындагы окуялар учурунда чыныгы абалды жашыруу аракети болгон. Калк бийлик айткандай “радикалдашканынан” эмес, тескерисинче, өлкөдөгү оор социалдык-экономикалык абалга катуу нааразы болгон. Искаковдун белгилешинче газ баасынын жогорулашы элди көчөгө чыгара турган акыркы тамчы болгон жана бул нерсе нааразылыктардын негизги себеби ички көйгөйлөрдө экенин тастыктайт. Ал эми бийлик муну тышкы коркунуч катары көрсөтүүгө аракет кылган. Радикалдашуу жана террор коркунучу калкты коркутуу жана бийликтин репрессияларын актоо үчүн куралга айланган. Бир сөз менен айтканда окуялар учурунда чет элдик террористтердин катышуусуна далилдер болгон эмес, ал эми радикалдашуу боюнча айыптоолор жалган маалыматка негизделген.
Мындан тышкары, макалада Казакстан күч түзүмдөрүндөгү коррупция тууралуу да айтылат. Искаковдун айтымында, бийлик Тургумбаевдин коррупциялык байланыштары боюнча далилдерди жашырып, объективдүү чындыкты бурмалаган. Чындык ордуна ойдон чыгарылган экстремисттердин жана террористтердин кара жүзү көрсөтүлүшү коомдун бийликке болгон ишенимин дагы да солгундатып, социалдык чыңалууну мындан ары күчөтөт.
Өзүбүз күбө болгондой, зулум түзүмдөрү ислам радикализми темасын бийликке нааразы болгондорго каршы зомбулукту актоо үчүн ар дайым кол астындагы курал катары колдонууга дайын турушат. Бул несре аркылуу бийлик коомдук пикирди чаташтырууга гана аракет калбастан, жарандардын чыныгы нааразылык себептерин башка бир багытка бурууга кылган аракети байкалат. Мындай ыкма бийликке өз катачылыктарын жашырууга жана ички көйгөйлөрдү жабууга жардам бериши мүмкүн, бирок ал нааразычылыктын түпкү себептерин чечпейт. О.э сырткы коркунуч бардай көрүнүштү жаратканы менен чыныгы социалдык-саясий маселелер чечилбестен эртеңкиге кала берет.
Латыфул Расых