
Кыргызстандагы энергетикалык тартыштык: убадалар менен ачуу чындык арасында
Президент Садыр Жапаров: «Дагы 2,5 жылдан кийин Кыргызстан өзүн толук түрдө электр энергия менен камсыздайт» – деп билдирди. Анын билдирүүсү кубанычтуу угулса да, бирок бул сөздөр мурунку убадалар жана өлкөнүн учурдагы энергетикалык абалына байланыштуу көптөгөн суроолорду жаратат.
- Мындай убадалар буга чейин да бир нече ирет айтылган. Беш жыл мурун да бийлик өкүлдөрү «жарык өчүрүү маселеси биротоло чечилет» деп билдиришкен. Бирок бүгүнкү күндүн чындыгы башкача болууда. Электр энергиясынын тартыштыгы сакталып, кышка чейин эле электр энергияны өчүрүүлөр күчөп жатат.«Жакын арада көйгөй чечилет» деген сөздөр көбүнчө саясий-агитациялык мүнөзгө ээ жана энергетика тармагында системалуу өзгөрүүлөргө негизделбейт.
- Президент энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү үчүн негизги жол катары гидроэлектр станцияларды куруу долбоорун көрүп жатат. Бирок бул жол көйгөйдү чечүүнүн кепилдиги боло албайт.
Биринчиден, ГЭСтердин эффективдүүлүгү суу ресурстарына көз каранды, ал эми суу көлөмү мезгилге жана коңшу мамлекеттердеги суроо-талапка жараша өзгөрүп турат.
Экинчиден, жаңы кубаттуулуктар калкты камсыздоо үчүн эмес, коммерциялык максаттарда иштетилиши мүмкүн. Мисалы, бийликке жакын түзүмдөрдүн катышуусу менен активдүү түрдө өсүп жаткан майнинг фермаларды энергия менен камсыз кылууда колдонулушу ыктымал. Натыйжада, энергия өндүрүшү көбөйсө да, анын адилеттүү бөлүштүрүлүшүнө коркунуч сактала берет.
- Кыргызстандын энергетикалык системасы дагы деле жабык жана күңүрт абалда.Кудайдан коркуу жана адилетүү башкаруу (шарият) жок болгондуктан, бул маселе даана байкалат. Жарандар электр энергиясын өндүрүү, бөлүштүрүү жана сатуу боюнча так маалыматтарга, ошондой эле ГЭСтердин ишине керектүү суу ресурстарына байланыштуу маалыматтарга ээ эмес. Мындай абал коррупцияга жана натыйжасыз башкарууга шарт түзөт. Жыйынтыгында, улуттук байлык элдин эмес, саналуу топтун кызыкчылыгына кызмат кылып калууда.
- Бийликтин «сабыр кылгыла» деген чакырыктары «өлкө жакшы жашап калды» деген риторикасына карама-каршы келет. Электр энергия, жарандардын жашоосу жана өнөр жайдын өнүгүшү үчүн эң негизги муктаждык.
Эгер мамлекет туруктуу энергия менен жарандарды камсыздай албаса, анда бийлик трибуналарынан жаңырып жаткан «жыргал жашоо» жана «экономикалык өсүш» деген кыйкырыктар жөн гана сөз бойдон калат.
- Электр энергиясынын тартыштыгыбул жөн гана техникалык көйгөй эмес. Тагыраагы, бүл көйгөй экономикадагы терең таркаган системалык илдеттердин белгиси болот. Анын ичинде:
- өнөр жайдын өнүкпөгөнү жана модернизациялоонун жоктугу.
- мезгилдик фактор жана импорттук көз карандылык,
- башкаруу жана көзөмөл институттарынын алсыздыгы.
Демек, энергетикалык кризис, бул өлкөдө үстөмдүк кылган капиталисттик идеологияны чагылдырган күзгү. Ал «акыркы жылдардагы сапаттуу өзгөрүүлөр» деген сөздөргө карабастан, Кыргызстандын экономикасы артта калганын айкын көрсөтөт.
Эгер көз карандысыздык алгандан бери өлкө дагы деле элди электр энергия менен камсыздоо сыяктуу негизги маселе менен күрөшүп жатса, «жашоо жакшырып калды» деп айтуу, же чындыкты көрбөө, же элди алдоо болот.
Ошондуктан, энергетикалык тартыштык жакын арада чечилет деген билдирүүлөр, бул ойлонулган реформанын жыйынтыгы эмес, тескерисинче, саясий имиджди сактоо үчүн айрыкча шайлоонун алдында айтылган сөздөр.
Адилеттүү шариат системасысыз жана коомдогу (аль-амру биль-маъруф уа нахьй ъаниль- мункар) жакшылыкка чакыруу жамандыктан кайтаруусуз жетекчилер жоопкерчиликсиз бойдон кала беришет. Ал эми калктын кызыкчылыгы коммерциялык долбоорлордон жогору коюлбастан энергетикалык дефицит сыяктуу негизги көйгөйлөр өнөкөт бойдон кала берет. Демек, «өлкө жаңы өнүгүү баскычына чыкты» деген сөздөр кооз, бирок иш жүзүндө далилденбеген билдирүүлөр.
Курани Керимде Аллах Таала мындай деген: “Эгер ал кыштактардын (жайлардын) калкы ыйман келтирип, такыбадар болгондо, албетте, Биз аларга асман менен жердин береке (дарбазаларын) ачып койгон болоор элек. Бирок алар (пайгамбарларыбызды) жалганчы дешти, анан, биз аларды өздөрү кылган күнөөлөрү себептүү кармадык (Аъраф, 7:96).
Бул аят жердеги, суудагы жана эмгектеги береке (баракат) эл жана жетекчилер адилеттүүлүктөн тайып, чындык жолунан жүз бургандан кийин жоголоорун ачык көрсөтүп турат.
Демек, энергия тартыштыгы бул жөн гана экономикалык же башкаруу маселеси эмес, бул идеологиялык маселе.
Жогоруда Куранда: Эгер ал кыштактардын (жайлардын) калкы ыйман келтирип, такыбадар болгондо, албетте, Биз аларга асман менен жердин береке (дарбазаларын) ачып койгон болоор элек (Аъраф, 7:96) – деп айтылгандай, эгер коом же бийлик адилеттиктен алыстап, Аллах берген байлыктарды жеке пайда үчүн колдонушса, анда береке жоголот. Андыктан жаңы станциялар да, ири долбоорлор да чыныгы молчулукка алып келбейт. Чыныгы молчулук жана бакубат жашоо, эл бийликке эмес, бийлик элге кызмат кылуучу түзүмдүн негизиндеги мамлекетте гана болот!
Латыфул Расых




