Макала

Кыргызстан президентинин Малайзияга болгон визити

Кыргызстан президентинин Малайзияга болгон визити

Кыргызстан президенти Садыр Жапаровдун Малайзияга расмий сапарынын алкагында экономика жана инвестиция тармагында эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган келишимдер түзүлдү. Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында алтын экспортунан тартып, халал индустрия жана энергетикага чейин ар түрдүү багыттарды камтыган бир катар келишимдерге кол коюлду.

Маанилүү жыйынтыктардын бири, “Кыргызалтын” ААК менен Малайзиянын Public Gold Marketing Sdn. Bhd. компаниясы ортосундагы келишим болду. Ал келишимге ылайык, Кыргызстандын аффинирленген алтындары өлчөнгөн куймалар түрүндө экспорттойт. Бул кыргыз алтынын биринчи жолу башка өлкөгө – малайзиялык рынокко  сактык жана эсептик актив катары инвестициялоого байланышкан келишим.

Белгилей кетчү жагдай — Малайзия ислам финансысы деп аталган тармакта дүйнөлүк лидерлердин бири болуп эсептелет. Бирок бул финансы системасы “исламдык” деп символикалык түрдө гана аталат жана көбүнчө ислам өлкөлөрүнөн каражат тартууга багытталган. Бул система 1980-жылдардан баштап иштеп келе жаткан банктык жана финансылык кызматтардын системасы болуп, анын курамына банк, инвестициялык фонддордон баштап, “сукук” аттуу баалуу кагаздарды чыгарган компаниялар, халал-продукциясына сертификат берүүчү атайын мекемелерге чейин кеңири багыттагы катышуучулар кирет.

Бул финансылык ишмердүүлүк шарий чечимдерге таянымыш этип, пайыз (риба), спекуляция (гарар) жана тыюу салынган тармактарга (мисалы, арак, кумар оюндары, чочконун эти ж.б.) инвестиция кылууга тыюу салат деген жүйө менен негизделген. Бирок ошол эле учурда капиталисттик банк системасынын инструменттерин колдонот. Малайзиянын мындай финансы системасына ийкемдүүлүк” сыпаты ыйгарылып, шарият нормалары менен капиталисттик каржы технологияларынын айкалышына жол берилген жана ал аркылуу ислам өлкөлөрүнүн финансы системаларын өздөрүнө тартуу максатталган.

Биз буга чейин да бир нече жолу белгилегендей – ислам аталыштары жана терминдерин жамынып, “адалдап” алган кызматташтыктын мындай формалары — чайкоочулук болуп саналат жана шарият нормаларына туура келбейт, ошондуктан аларга исламда тыюу салынган.

Ошондой эле өлкөлөр ортосунда халал индустрия чөйрөсүндө кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду. Атап айтканда, Кыргызстандын Халал индустриясын өнүктүрүү борбору Малайзиянын AviaDinamika жана Platinum Greenhaven компаниялары менен бирге халал эт паркынын курулушуна инвестиция тартуу жана халал стандарттарын илгерилетүү боюнча кызматташуу макулдашылды. Кыргызстан мусулман коомчулугунун колдоосун бекемдөө максатында, Малайзиянын бул тармакта дүйнөлүк лидер экенин эске салуу менен бул багыт артыкчылык катары жарыяланды.

Кошумча келишимдер энергетика жана шаар аралык дипломатия жаатындагы кызматташууга байланыштуу түзүлдү. Кыргызстандын Энергетика министрлиги CitaGlobal Berhad компаниясы менен меморандумга кол койду, ал эми Бишкек жана Куала-Лумпур шаарлары ар кыл тармактарда кызматташуу ниети тууралуу кат алмашышты.

Пресс-конференцияда Садыр Жапаров Кыргызстандын энергетика, санариптик экономика жана туризм тармагындагы долбоорлорго Малайзиянын инвестицияларын тартууга кызыкдар экенин баса белгиледи. Ал белгилегендей, Кыргызстан электр энергиясынын 90%дан ашыгын гидроэнергетика аркылуу өндүрөт жана өлкө бул тармактагы жаңы демилгелерге чет элдик инвесторлорду тартууга даяр. Буга окшогон стратегиялык маанидеги тармактарга инвестиция тартуу мамлекеттин көз карандысыздыгына көлөкө түшүрүп, башка өлкөлөрдүн көзөмөлүнө жол ачкан расмий чакырык болуп саналат.

Визиттин алкагында билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, академиялык алмашуулар жана кыргызстандык студенттердин Малайзиянын жогорку окуу жайларында билим алуусу боючна маселелер талкууланды. Кыргызстандын президенти ошондой эле парламенттик жана эл аралык деңгээлде кызматташууну чыңдоого даяр экенин билдирди.

Ошентип, бул визит көп векторлуу саясат алкагында мурда талкууланган демилгелерди ишке ашыруу ниетин ырастоого багытталды. Бирок азырынча реалдуу экономикалык жана саясий өнүгүү жагынан натыйжасы бүдөмүк бойдон калууда.

Хужжат Жамиа

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button