Макала

Көп аялдуулук боюнча мыйзамдын создуктурулушу

Көп аялдуулук боюнча мыйзамдын создуктурулушу

Президент Жогорку Кеңешке эки аялдуулук жана көп аялдуулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин жокко чыгарууну караган «КРнын Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамды кайтарды. Бул мыйзамды парламент 2025-жылдын 25-июнунда кабыл алган. Демилгечи депутаттар Нурлан Азыгалиев жана Медербек Саккараев болгон. Бирок президент Садыр Жапаров акыйкатчынын, Башкы прокуратуранын, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Улуттук илимдер академиясынын, Юстиция министрлигинин жана Конституциялык сот аппаратынын корутундуларына таянып, каршылыгын билдирди. Бул уюмдардын пикири боюнча, эки аялдуулук жана көп аялдуулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин сактоо Кыргызстандын эл аралык уюмдар алдындагы милдеттенмелерине кирет. Бул гендердик теңчилик принциптерин карманууну көрсөтөт жана аялдар менен балдарды укуктук жана социалдык теңсиздиктен коргойт, ошондой эле өлкөнүн Конституциясында жана мыйзамдарында бекитилген үй-бүлө институтун бекемдөөгө өбөлгө түзөт имиш.

Бирок мындай мыйзамды кабыл алууну создуктуруу, чындыгында, атайылап тоскоолдуктарды жаратуу жана көптөн бери конструктивдүү чечүүнү талап кылган чыныгы көйгөйлөрдү көз жаздымда калтыруу болуп эсептелет. Бул жерде кеп бир гана укуктук талаа жөнүндө эмес, чыныгы социалдык муктаждыктар жөнүндө да болууда. Көп аялдуулукту мыйзамдаштыруудан үй-бүлө башчысынын жоопкерчилиги да өзгөрбөйт, ал эми аны мыйзамдаштыруу тартиби үй-бүлөлүк туруктуулук маселесин чечпейт. Анткени, үй-бүлө маселелерин толугу менен Кылмыш кодекси менен жөнгө салып болбойт жана көп аялдуулук бардык үй-бүлөлүк көйгөйлөргө дабаа эмес. Бирок, эгер коомдо чындыгында мындай муктаждык бар болсо, эмне үчүн бул маселени укуктук талаада чечип койсо болбойт?

Андан да маанилүүсү, аялдардын укуктары дегени менен аны коргой албаган, коомдун айрым катмарларында эркектердин тартыштыгы маселесин чечүүгө алсыз батыш баалуулуктарына негизделген мыйзамдар кыргызстандыктардын муктаждыктарына жооп бербейт.  Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда аялдар түгөй табуу тартыштыгы маселеси чечилбей келет. Ал эми бул мыйзам күчүнө кирсе аялдар укуктук алкакта көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк алышмак.

Мындан тышкары, көп аялдуулукту мыйзамдаштырууга болгон каршылык жана создуктуруу андан да терең социалдык тамырларга ээ. Бул, негизинен, уланып келе жаткан исламофобдук маанай жана үй-бүлөлүк мамилелерди 14 кылымдан бери чечип келген ислам мыйзамдарынын актуалдуулугун тан албастан, ага карата кооптонууга байланыштуу.

Касиеттүү Курандын «Ан-Ниса» сүрөсүнүн 3-аятында мындай делет:

“Силерге жаккан аялдардан экиден, үчтөн жана төрттөн үйлөнгүлө, бирок эгер адилеттүү боло албасаңар, анда бирөө эле болсун” (Куран, 4:3).

Бул аят эркекке адилет жана жоопкерчиликтүү болуу шартын жүктөп, көп аял алуу (4 аялга чейин) мүмкүнчүлүгүн ыйгарат. Көп аялдуулук маселеси ислам мыйзамдарынын алкагында илгертен эле натыйжалуу чечилип келген жана, акыры, Кыргызстан укук талаасында да бул чечимдин актуалдуулугун тан алууга убак келди. Мамлекет бул теманы ачык талкуулоодон кетенчиктеп турган чакта, көбүнесе колунда барлар, чөнтөгү калың чиновниктер качантан бери экинчи, керек болсо үчүнчү жана төртүнчү үй-бүлөлөрү менен күн кечирип келишет. Алардын ичинен мыйзам жоопкерчилигине тартылгандарын уккан, билген жан жок. Көп аялдуулукка байланыштуу мыйзамдык демилгелер Батыштын теңчилик принциптерине эмес, элдин чыныгы муктаждыгын жана Исламга болгон берилгендигинин негизинде көтөрүлүшү керек .

Көп аялдуулукту таануу аялдардын укуктарын чектөө катары эмес, чыныгы социалдык жана демографиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн мыйзамдуу жолу катары кабылдануусу керек. Бул ошондой эле көптөн бери көшөгө артында калган темаларды ачыгыраак талкуулоого мүмкүнчүлүк ачат. Көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу аркылуу учурдагы көйгөйлөрдү жана коомдун чыныгы муктаждыктарын шариат чечимдери аркылуу чечүүдөгү маанилүү кадамдардан болуп, өлкөдөгү социалдык кырдаалды жакшыртууга өбөлгө түзүлмөк.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button