Макала
Trending

Миграцияда жүргөн кыргызстандык аялдардын саны өсүүдө

Миграцияда жүргөн кыргызстандык аялдардын саны өсүүдө

Жылдан-жылга чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандык аялдардын саны арбып барууда. Бул тууралуу Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматы ырастап турат. Изилдөөлөргө ылайык, 2024-жылы 540 миң мигрант өлкөдөн тышкарыда болгон, алардын 55%ын аялдар түзөт. Акыркы он жылдыкта Кыргызстандан чет өлкөгө барган мигранттардын саны 16%га кыскарганына карабастан, мигранттар арасында аялдардын саны өскөн. Аталган уюм билдиришинче, шылуундук, эмгек жана сексуалдык эксплуатация миграцияда жүргөн аялдардын негизги проблемалары бойдон калууда.

Өлкөдөгү оор экономикалык абал жана күндөн-күнгө тынымсыз көтөрүлүп жаткан кымбатчылык адамдарды чет өлкөлөргө барып иштөөгө мажбурлап келет. Мындан улам, мурун көбүн эсе эркектер миграцияда жүрүшкөн болсо, учурда  мигранттардын басымдуу бөлүгүн аял заты түзө баштады.

Негизинен аял затынын миграцияга чыгуусуна экономикалык шарттар себеп болуп жатат. Үй-бүлөнү багуу, балдардын окуусу, турак-жайга ээ болуу азыркы учурда курч бойдон калууда. Кээ бир учурларда өз үй-бүлөсүн багуу үчүн эки жумушта иштегендер да бар. Бул экономикалык кыйынчылык аял затынын миграцияга барышынын бир фактору болсо, коомдогу аял жөнүндөгү көз караш дагы бир фактору болууда. Башкача айтканда, коомдо аял затына карата түшүнүк өзгөрүп барууда. Бүгүн аял аялдык вазыйпаларынан тышкары эркек сыяктуу эле иштеп акча табуусу керек деген көз караш өөрчүп жатат. Мындан улам, аял заты кыйналып бала төрөп, бапестегенине кошумча жумушка чыгып акча табуу милдети да кошулууда.

Капиталисттик идеология аял затына пайда табуунун булагы катары карагандыктан, аял жөн гана бир мата сыяктуу каралып, анын аял катары сый-урматы, кадыры жоголуп баратат. Арийне, капиталисттерге түгөнбөс арзан жумушучулар керек, алар аялдын аялдык сыпатына карап олтурушпайт. Ошондуктан, алар «аялдын эркиндиги», «азаттыгы» деген жалган ураандар менен аялды үйдө олтурган жеринен жумушка чыгарып эркектер менен барабар кул сыяктуу эксплуатация кылууну көздөшүүдө. Муну менен аярлуу, назик аял заты капитализмдин «камчысы астында» эзилип, ар кандай азаптарды тартышууда. Бул өтө чоң кырсык. Анткени, аял үй-бүлөнүн өзөгү болгондуктан, мындай көрүнүш коомго өтө терс таасирин тийгизери шексиз.

Андыктан, капитализмде аял эч убакта бактылуу болбойт жана эч бир сыйды көрбөйт, тескерисинче жалаң гана зулум көрөт. Себеби, капитализмде аял – жөн гана бир экономикалык көсөткүч.

Мындан өзгөчөлөнүп Ислам аялды эне, үй кожейкеси, корголушу важиб болгон намыс деп карайт. Ислам эркек кишини энеси болобу, жубайы же эже-карындашы болобу, же кызыбы, жакшылык менен камсыздап багууну буйруган. Кандай гана абал болбосун, эркектер ушул милдетин аткарып, аял затын коргошу кажет. Мына ошондо гана аял заты өзүнүн азиз макамына көтөрүлөт, сый-урмат жашоону көрөт.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button