Макала
Trending

Номад ТВ – Кремлдин жаңы медиа чеби

Номад ТВ – Кремлдин жаңы медиа чеби

2025-жылдын 23-ноябрында Бишкекте «Номад ТВ» аттуу жаңы телеканал өз ишин баштады. Расмий билдирүүлөрдө бул долбоор «сапаттуу журналистиканы өнүктүрүүгө багытталган» деп көрсөтүлүүдө. Башкы редактор Наталья Кролевич «чындыкка негизделген, ачык-айкын, профессионалдуу медианын» зарылдыгын баса белгилеп, канал Кыргызстанды эл аралык деңгээлде татыктуу көрсөтө турган аянтча болоорун айтты. Маалыматка ылайык, өлкөнүн мыкты журналисттери жаңы каналды түзүү үчүн биригишкен, ал эми эфир тартибинде жаңылыктар, ток-шоу, атайын репортаждар жана өлкө жашоосуна арналган берүүлөр киргени айтылат. Бул сыртынан караганда медиа жаатындагы чоң жетишкендик сыяктуу көрүнүшү мүмкүн, бирок терең назар салганда, алдыбыздагы сүрөт таптакыр башкача болуп ачылат.

«Номад ТВ» – кыргыз-орус тараптын биргелешкен долбоору. Ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телеканалдары менен түздөн-түз байланышкан жана Орусиянын мамлекеттик пропагандасынын негизги куралдарынын бири болгон НТВнын программаларын кайра трансляциялайт. Каналдын редакциялык саясатында Кыргызстандын ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ сыяктуу уюмдарга катышуусу, ошондой эле «Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы тарыхый-маданий байланыштарды» чагылдырат. Бул бир караганда табигый, көнүмүш дипломатиялык темалардай көрүнөт. Бирок телеканалдын Москва үстөмдүк кыла ала турган структуралар тууралуу, «жалпы тарыхый мейкиндик» жөнүндө баян кылуусу жана тек гана Россиянын баскынчы кызыкчылыгына кызмат кылган кызматташууларды көрсөтүүсү Россиянын тышкы саясий маалыматтык стратегиясынын негизги элементтерин ачыктайт.

Кыргызстанда медиалардын ишин орчундаткан «фейктер» тууралуу мыйзам кабыл алынып, автоцензура кырдаалы күчөп жаткан маалда Номад каналынын ачылуусу, өзгөчө күмөн жаратууда. Мындай кырдаалдан Россиянын контентине толгон жаңы канал гана шексиз артыкчылыкка ээ болот. Анткени бул аркылуу Россия, медиа мейкиндикке эч кандай каршылыксыз кирип, эл аралык окуяларды өзүнүн көз карашы менен түшүндүрүп, акыйкатты белгилөө мүмкүнчүлүгүн колго алат.

Башкы редактор Наталья Кролевичтин өзү да өзгөчө мааниге ээ. Ал кесипкөй журналист болуп таанылган жана жергиликтүү медиада белгилүү аял. 2017-жылы Russia Today телеканалында иштеп, журналисттик тажрыйба топтогон. Russia Today тууралуу айта кетсек бул – Кремлдин тышкы саясатындагы негизги медиа майдан жана дүйнөгө Россиянын керектүү көз караштарын таңуулаган, манипуляциясы жана бурмалоосу менен белгилүү болгон медиа ресурс. Россия ыйгарган сыйлыктар жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каналдары менен узак мөөнөттүү кызматташтыктар Кролевичке кынтыксыз таржымалды кепилдейт. Бирок ошол эле учурда анын Россия медиа-мейкиндигине байланышканынан кабар берет. Бул жагдай Кролевичти Россиянын кызыкчылыктарын жумшак, бирок ырааттуу түрдө ретрансляциялоо үчүн ылайыктуу адам кылат.

Ошондой эле техникалык дизайн ишенимди арттыруу үчүн багытталган. «Номад ТВ» Бишкектин борборунда AR-студияны орнотуп, каналдын «заманбап» жана «инновациялык» тарабын баса белгилемекчи. Берүүлөрдүн негизги тили орус тил болуп, кыргыз тили үн коштоо аркылуу гана кездешүүсү мүмкүн. Канал өлкөнүн 70 %ын камтып, акысыз көрсөтүлөт. Демек, канал кеңири аудиторияга ээ болуп, анын ичинен саясаттан алыс жана көзгө жагымдуу медиа форматтарга берилген жаш муунга түздөн-түз таасир берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

НТВ менен кызматташуу, редакциялык саясат, кадрдык курам, заманбап техникалык түзүлүш жана мунун баары менен коштолгон ыңгайлуу саясий учур – Россиянын аймактагы жаңы маалыматтык кампаниясын пайда кылып жатканын күбөлөп турат.  Бул гибриддик таасир берүү ыкмасы. Тактап айтканда, Россия бул аркылуу түз басым кылбастан жумшак саясатын өткөрөт. Аны менен аймакка өзүнүн маданиятын таңуулайт, Кыргызстанда жана жалпы ааламда болуп жаткан окуяларга өзүнүн түшүндүрмөсүн берет. Москва бул ыкманы илгертен колдонуп келген.

Ошондуктан тарых кайра кайталанууда. Бир кезде Орус империясынын баскынчылыгы «агартуучу» гезиттер менен коштолгон. Совет доорунда, Москва республикалык телеканалдар аркылуу өзүнүн саясий көзөмөлүн бекемдеген. Бүгүн да Кремль өзүнүн маалыматтык үстөмдүгүн транс-чек аралык медиа-аянттары аркылуу сактап калууга аракеттенүүдө. «Номад ТВ» канчалык заманбап көрүнбөсүн, ал дал ошол эски баскынчылыктын XXI кылымга ылайыкташтырылган жаңы таасир этүү куралы. Бул канал көз карандысыз жергиликтүү болуп таанылгысы келсе да, чындыгында, Москва түзгөн түшүнүктөрдү жайылтуучу жаңы демилге.

Кыргызстанда маалымат мейкиндиги улам тарып баратканда, мындай долбоорлор медиа картада кеңдиктин элесин жаратып, чоң коркунучтарды пайда кылат. Эгерде коомдо сынчыл ой жүгүртүү, ачыктык жана чыныгы медиа плюрализм болбосо, «Номад ТВ» өнүгүүгө карай кадам эмес, тескерисинче, медиа тармактын начарлоосуна алып келиши мүмкүн. Тактап айтканда, өлкө аймактагы элге эмне чын, эмне калп экендигин тышкы күч белгилей турган заманга түшүп калуу коркунучунда турат.

Ошондуктан жаңы логотип, жаңы AR-студиянын аркасында, бүгүн  баягы эле таасир куралы жашырылган. Ал аркылуу Россия, Борбор Азияны өз саясий жана маалыматтык аймагында кармоого умтулууда! Бул курал ак падышанын доорунда, андан соң совет доорунда колдонулуп келген. Эми мына бүгүн, «Номад ТВ» сыяктуу телеканалдар аркылуу Россия Федерациясы коңшу өлкөлөрдө өз таасирин сактап калмакчы. Андыктан  «Номад ТВ» илгерки тарыхый салттын уландысы десек жаңылбайбыз.

Хужжат Жамиа

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button