Макала

«Чоң Борбор Азия» – АКШнын стратегиялык планы

«Чоң Борбор Азия» – АКШнын стратегиялык планы

АКШ өкмөтүнө Борбор Азия менен кызматташуу жана бул аймакты Россия менен Кытайга каршы пайдалануу зарылдыгы жөнүндө план жана баяндама сунушталды. Бул баяндама Борбор Азия жана Кавказ институту (Central Asia-Caucasus Institute, CACI) тарабынан, Америкалык тышкы саясат кеңешинин (American Foreign Policy Council, AFPC) алдында даярдалган. Баяндама «An American Strategy for Greater Central Asia» деп аталып, аны С. Фредерик Старр жана Свен Корнелл баштаган авторлор тобу жазган. Документ АКШнын Борбор Азияга карата саясаты боюнча стратегиялык анализ жана сунуштарды камтыйт.

Бул баяндама АКШнын Борбор Азия жана Түштүк Кавказдагы стратегиялык кызыкчылыгын чагылдырат. Анын максаты — АКШнын региондогу позициясын бекемдөө, Россия менен Кытайдын таасирин чектөө, ошондой эле «базар экономикасы» ураанынын алдында демократиялык институттардын жана капиталисттик системанын өнүгүшүнө көмөктөшүү. Ошондой эле, аймактык стратегиялык пландарга Азербайжанды кошуу сунушталып, ал региондогу өлкөлөрдү байланыштырып гана турбастан, энергетика жана транспорт тармагында өнөктөш катары кызмат кылуусу өтө маанилүү экени белгиленет.

Баяндаманын негизги пункттары: «Вашингтондун максаты — АКШнын аймактагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдөө. Муну менен ал Россия жана Кытайдын мамилелерине, Азиядагы геосаясий атаандаштыкка жана өзгөчө уран, мунай жана жаратылыш газ сыяктуу ресурстардын негизги базарларына таасир эте алуу».

Кеңейтүүнүн чек аралары

Баяндаманын башында эксперттер учурдагы АКШ стратегиясы Советтер Союзу убагындагы Борбор Азия түшүнүгүнө негизделгенин, тактап айтканда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанды камтыйт деп айтылат. Бирок бул түшүнүк азыркы шарттарга туура келбейт. Ошондуктан саясат таануучулар Азербайжанды да Борбор Азия мамлекеттеринин катарына кошуп, регионду Чоң Борбор Азия деп сунушташат.

«Мындай аталыш АКШнын стратегиялык геосаясий багытына дал келген абалда “Чоңи Борбор Азияны” термин катары колдонууга негиз берет. Бирок бул стратегияга жакынкы жана чектеш мамлекеттер дагы кириши керек. Алар — Грузия, Армения жана Монголия. Бул мамлекеттер аймактын экономикалык кабыргасын түзөт жана инфраструктура (транспорт, порттор), экономикалык кызыкчылыктар жана байыркы геосаясий кызматташтык аркылуу аймактын туруктуулугун камсыз кылышат», — дешет баяндаманын авторлору. Ошондой эле алар Афганистан да Чоң Борбор Азияга кирерин белгилешет.

Азырынча Америка Афганистанды көйгөй катары карайт. Бирок аналитиктер бул мамилени кайра карап чыгуу зарылдыгын баса белгилешет. Афганистан туруктуулукту камсыз кылуучу, башкарууга мүмкүн болгон факторго айланышы керек. Бүгүнкү күндө АКШ өкмөтү Афганистан менен мамилелерди нормалдаштырууга байланыштуу сунуштарды эске алып жатканы байкалууда.

Аналитиктер Ак Үйгө жогоруда айтылган маселелерди чечүүдө дүйнөдөгү кереметтүү аймактардын бири болгон Чоң Борбор Азиянын географиясына көңүл бурууну сунушташат. Бул аймак аркылуу өтүүчү негизги транспорттук объектилер жана коридорлор, айрыкча «Ортоңку коридор» деп аталган багыт Америка тараптан колдоого татыктуу экенин белгилешти.

Борбор Азиядагы мамлекеттер энергияга, сейрек кездешүүчү минералдарга жана башка ресурстарга бай аймак. Бул ресурстар АКШнын жана анын атаандаштарынын экономикасына жана технологиялык өнүгүүсүнө дем берет.

«Бул ресурстарга жетип барууда Америка же анын союздаштары артыкчылыктарга ээ болушу өтө маанилүү. Ошондой эле АКШ бул ресурстарды өзүнүн атаандаштарына, айрыкча Кытайга берүү мүмкүнчүлүгүн чектей алышы керек».

Бул баяндамада Дональд Трамптын администрациясына түздөн-түз сунуштар берилген. Бул жерде маанилүүсү Чоң Борбор Азия эч кандай четтеп калган аймак эмес, тескерисинче, анын коңшулары, өзгөчө Кытай менен болгон атаандаштык борбордук орунду ээлейт.

Ыкмалар жана сунуштар

Баяндаманын авторлору АКШ өкмөтүнө Чоң Борбор Азияда Кытайдын «Бир алкак — бир жол» демилгеси же Түркиянын улам кеңейип жаткан долбоорлору менен салыштырганда инвестиция көлөмү боюнча атаандаша албай турганын эскертишет. Ошондой эле АКШ Чоң Борбор Азиядагы өлкөлөрдү коопсуздук уюмдарына кошуу же чоң масштабдагы аскерий операциялар аркылуу аймактагы коопсуздукту камсыздай албайт. Бирок алар аймакта АКШнын жеке секторунун кызыкчылыктарын активдүү колдогон өзгөчө регионалдык түзүмдөрдү түзүүгө көмөктөшө алышат. Америка аймактык жана жергиликтүү коркунучтарды эске алган коопсуздук системасын сунуштоого милдеттүү жана ал аны ишке ашыра алат. Албетте, бул коркунучтар айрым учурларда атайылап жаратылышы да мүмкүн.

Бул системанын максаты — аймактагы аскер кызматкерлери менен улуттук коопсуздук боюнча адистердин ортосунда координацияны жана интеграцияны жакшыртуу. Коопсуздук боюнча жалпы протоколдорду иштеп чыгып, чалгын маалыматтары менен бөлүшүү механизмдерин түзүү керек. Аналитиктердин айтуусу боюнча АКШ жаңы «элиталарды» пайда кылуу үчүн билим берүү программаларын колдонуу зарылдыгын белгилешет. АКШ билим берүү гранттарын сактап эле калбастан, аны кеңейтүүгө тийиш. Мындан тышкары, Чоң Борбор Азиядагы студенттер үчүн атайын программаларды түзүүгө университеттерди жана корпорацияларды тартуусу керек.

Аймакта медиа чөйрөнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Баяндамада бул тууралуу эксперттер мындай дешет: «Америка азыр башка ири державалар менен катуу атаандаштыктын шартында турат. Ошондуктан, расмий жана бейрасмий маалымат каналдарыбызды жаңыртып, күчтөндүрүшүбүз зарыл…».

Өз-өзүнчө өлкөлөр эмес, аймакты бирдиктүү аймак катары карап, жалпы чөлкөм катары калыптандыруу жана аймакта англис тилин кеңири колдонууга басым жасоо сунушталат.

Билдирүүдө анык саясий чараларды көрүү үчүн төмөнкүлөр белгиленген:

Биринчи — аймакка Азербайжанды кошуп, толук камтуучу жаңы аныктаманы кабыл алып, аны «Чоң Борбор Азия» деп атоо.

Экинчи — Улуттук коопсуздук кеңешине Чоң Борбор Азия боюнча АКШ президентинин атайын өкүлүн дайындоо.

Үчүнчү — АКШнын Мамлекеттик департаментинде жана башка мамлекеттик мекемелерде бирдиктүү аймактык мамилеге тоскоол болгон бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу.

Төртүнчү — АКШда Чоң Борбор Азия боюнча өкмөттүк эмес ишкердик кеңешме түзүү.

Бешинчи — эң маанилүүсү, кеңири камтылган регионалдык коопсуздук системасын иштеп чыгуу.

Жыйынтык

Мусулман аймагын өз кызыкчылыктары үчүн пайдалануу үчүн колонизаторлор түзгөн пландар ушундай. Савбандан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынат, Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деди: Жакында жеп тойбос соргоктор табагына жутунганы сыяктуу улуттар силердин үстүңөргө жутунат”, – деди. Ошондо бир киши: “Ал кезде саныбыз аз болгону үчүн ошондой болобу?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз с.а.в.: “Силер ал кезде көп болосуңар. Бирок, селдин көбүгү сыяктуу көбүк болосуңар. Аллах душмандарыңардын дилинен коркууну алып коёт, силердин дилиңерге болсо, вахнды салып коёт”, – деди. Ошондо бир киши: “Я Расулуллах вахн эмне?” – деп сурады. Расулуллах с.а.в: “Дүйнөнү жакшы көрүү, өлүмдү жаман көрүү”, – деп жооп берди. (Абу Давуд Савбандан риваят кылган)”.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button