Энергетикадагы кризис: бийликтеги кайчы пикир

Энергетикадагы кризис: бийликтеги кайчы пикир
Президент Садыр Жапаров “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун калкты электр энергиясына болгон “чектөөсүз тарифке” өтүү чакырыгын сынга алды. Бул тууралуу 4-ноябрда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, мамлекет башчы электр энергиясынын тартыштыгы шартында мындай демилгелерге жол берилбестигин жана алар коомдо социалдык бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.
3-ноябрда “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынын өкүлү Исабек Орозбаев “Биринчи радиого” интервью берип жатып, каалагандар үчүн “чектөөсүз тарифке” өтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген. Ал абонент “чектөөсүз тариф” алуу үчүн атайын арыз менен кайрылышы керектигин, мында электр энергиясынын баасы 1 кВт/саат үчүн 3,81 сом болорун айткан. Бул тарифте 700 кВт сааттык керектөө нормасы колдонулбайт.
Мындай кайчы пикир коомчулукта энергетика тармагындагы кризис жасалма түрдө жасалып жатат деген күмөн жаратты. Анткени, ноябрдын башынан тарта Кыргызстанда электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Акылдуу эсептегичтерде эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлүп, чектөө коюлган. Ал эми, чектөөсүз тариф аркылуу капчыгы калыңдар үчүн гана шарт түзүлгөндүктөн, коомчулукта нааразылык күчөгөн. Мындан улам, президент аталган демилгени жокко чыгарууга мажбур болду.
Буга кошумча, ушул тапта өлкө аймагында жана борбор калаада жарык маал-маалы менен өчүрүлүп жатат. Мунун каршысында электр энергиясын ири өлчөмдө колдонгон майнинг компаниялардын кирешеси эселеп өсүп жатат. Маселен, январь-сентябрь айларына карата майнингге салынган салыктан бюджетке 77 млн 73,5 миң сом түшкөн. Бул көлөм былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге көп. Былтыры январь-сентябрь айларында майнингге салынган салыктын көлөмү 38 млн 163,7 миң сомду түзгөн.
Демек, энергетикалык кризис, бул өлкөдө үстөмдүк кылган капиталисттердин кызыкчылыгы үчүн күчөп жатат десек жаңылышпайбыз. Курулуп жаткан ГЭСтер жана энергетикадагы башка аракеттер да карапайым калктын эмес, ушул капиталисттердин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып бара берет. Анткени, бийлик ээлери алардан түшө турган пайдага расмий жана расмий эмес пайдаларга артыкчылык беришет. Буга “МБТ Строй” компаниясы ачык мисал болот. Ал компания “Камбар-Ата-2” ГЭСине 1,5 млрд. сом инвестиция салып, аны электр энергиясы менен кайтарып алууда. Компания “Камбар-Атага” салган акчасын акташ үчүн ГЭСтен 50-60 тыйындан 5-10 жыл энергия алмакчы. Белгилүү болгондой, расмий бийлик электр энергиясынын өздүк наркы 2 сом 38 тыйынга жетерин айтып келет. А бирок, капиталисттердин кызыкчылыгына келгенде бул өздүк нарк 60 тыйындан да арзандап калууда. Ал эми катардагы адамдар улам кымбаттап жаткан электр энергиясын төлөөгө мажбур, ошондой эле бул тармакка бөлүнгөн кредиттердин оор жүгүн да эл көтөрүп жатат.
Мунун каршысында Ислам адамдардын муктаждыктарын биринчи орунга коёт, башкача айтканда эл муктаж болгон зарылдыктарды чечүүнү биринчи маселе, вазыйпа деп билет. Ошондуктан адамдарды электр энергиясы менен жеткиликтүү камсыздоого басым жасалат. Андан тышкары электр энергиясы жалпы мүлктүн катарына кирет. Жалпы мүлк жеке компанияларга да, жеке адамдарга да ээлик кылуу үчүн берилбейт. Ал жалаң гана элдин кызыкчылыгы үчүн иштетилүүсү шарт. Адамдардын бакубат жашоосу үчүн келген Аллахтын рахматы болгон шарият өкүмдөрү адамдарды электр энергиясы менен эле толук камсыздап калбастан, алардын биринчи муктаждыктарын: турак-жай, кийим-кече, азык-түлүк сыяктуу негизги зарылдыктарын толук камсыздайт.
Жыйынтыктап айтканда, энергетика тармагындагы проблеманын негизги себеби башыбызда кара булут болуп айланган капиталисттик түзүм. Ошондой эле, тармактагы коррупциялык схемалар. Алар калктын негизги муктаждыгы болгон энергияны менчиктештирүү жана коррупциялык аракеттер менен үлкөн пайда табышууда. Демек, калк капитализмден баш тартып, Исламды тикелөөгө аракет кылган жетекчилер аркылуу гана мындай кор абалдан чыга алат. Кайрадан элди алдаган жетекчилерге үмүт артуу болсо бир ийинден чаянга эки жолу чактыруу болуп эсептелет. Бул болсо мусулмандарга жайиз эмес!
Мумтаз Мавераннахрий




