Макала
Trending

Яхудийлердин Дохага чабуулу жана кыянатчылык

Яхудийлердин Дохага чабуулу жана кыянатчылык

Баскынчы яхудий түзүмү Катардын башкалаасы Дохада жайгашкан ХАМАСтын кеңсесин бомбалады. Чабуулдан ХАМАСтын лидери Халил Ал-Хайянын иш кеңсесинин жетекчиси, уулу, үч жан сакчысы жана Катардын ички коопсуздук кызматынын офицери курман болгону жарыяланды.

Маалыматка ылайык, бомбалоо ХАМАС “Израил” менен ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү талкуулаш үчүн Катарда чогулган учурда болуп өттү. Чабуулдан АКШ жетекчилиги кабардар экени айтылды.

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн мурдагы офицери Скотт Риттердин айтымында, чабуул учурунда АКШ “израил”ден чыккан 15 согуштук учак өтүүсү үчүн Катардын абадан коргонуу системасын иштетпөөсүн камсыз кылган. Учактар ыктымал Ирактагы аскердик базадан учуп чыккан жана Америка алар жакындаган учурда коргоо системасын жапкан. Бул болсо “израил”дин ээн-эркин чабуул кылуусун камсыздады. Риттер: “Катар Американын өнөктөшү эмес. Ал көз каранды өлкө. Катар Американын ачуусуна тийсе жок кылышыбызды билет. Бүткүл Ортоңку Чыгыштын бизге карата көз карашы ушундай. Аларга кыянаттык кылабыз жана кылуудабыз. Бирок алардын мындан кутулуу жолу жок. Алар АКШга каржы жана коопсуздук жагынан ушунчалык терең байланып калышкан. Ошондуктан, Катар биздин өнөктөш эмес, эгер өнөктөшүбүз болсо ага мындай мамиле кылбайт болчубуз. Америка эч ким менен өнөктөштүк кылбайт. Америка силерди курал катары гана колдонот”, – деп билдирди.

          Белгилүү болгондой, Америка президенти Трамптын май айында Катарга болгон сапары учурунда 1,2 трлн долларлык келишим түзүлгөн. Американын Катардын триллиондук белегине жообу ага карата кыянаттык жана шерменделик мамиле болду. Бул жерде баса белгилей кетүүчү нерсе, “израил” Америка тарабынан жашыл жарык берилгенге чейин эч кандай кадам таштай албайт.

          Өкүнүчтүүсү, мындай кыянаттык жана бомбалоолорго карабастан мусулман өлкө жетекчилеринин кор абалдагы позициясы. Катар баштаган араб өлкөлөрү да, Эрдоган баштаган түркий өлкө жетекчилер да яхудийлердин чабуулун айыптагандан ары өтүшкөн жок. Ал эми баскынчы яхудий түзүмү дал ушул жетекчилердин кыянаттыгынан кайрат алып, Газадагы кыргынды, Батыш жээкти басып алуусун, а түгүл Палестина сыртына чыгып Иран, Сирия, Ливия, Катар аймактарын бомбалоодо. Ал эми, Казакстан, Азербайжан, Түркия “изрил”ди мунай менен камсыздап жатса, Египет менен Иордания сыяктуу араб өлкөлөрү мусулмандардын Газага жардамын токтотуучу чеп болуп берүүдө.

          Ооба, Газа калкы мына ушул кыянаттык жана душмандын бомбалоосу арасында эзилип жатат. Бирок, алар душмандын бомбасынан дагы мусулмандардын кыянаттыгынан оор запкы чегишүүдө. Андыктан, биз мусулмандар жетекчилердин куру айыптоосуна алданбай, ар бир аймактагы күч кызматындагы эр-азаматтардан Газаны бошотуусун, мусулмандык боордоштук милдеттерин аткаруусун тынымсыз талап кылып, аракетке чакыруубуз шарт! Анткени, баскынчы яхудийлердин аракети жана анын кожоюнунун ыплас аракеттери мусулман армияларынын каршы туруусу менен гана токтойт!

Мумтаз Маверанахрий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button