
Өспүрүмдөр арасында психиканын бузулушу арбып барууда
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму балдар жана жаштардын психикалык абалы жөнүндө жаңы баяндама жарыялады. Баяндамага ылайык, балдар жана жаштар арасында психиканын бузулушу улам жайылып бара жаткан көрүнүшкө айланган. Европа жана Борбор Азияны камтыган бул изилдөөдө көрсөтүлгөндөй, региондогу ар бир жетинчи баланын жана өспүрүмдүн психикасы бузулган. Өзгөчө, өспүрүм кыздарга оор. 15-19 жаштагы ар бир төртүнчү кыздын психикалык саламаттыгы проблемага кабылган. Ал эми, өз жанына кол салуу 15-29 курактагы жаштар арасында өлүмдүн негизги себеби болууда. Акыркы 15 жылда балдар жана өспүрүмдөрдүн психикасынын бузулушу үч эсеге көбөйгөн.
Бүгүнкү балдардын жана өспүрүмдөрдүн абалы өтө оор. Себеби, учурда накта капитализм менен тарбияланган балдар өсүп келүүдө. Башкача айтканда, капитализм «бакыт» деп белгилеген нерсени өспүрүмдөр кабыл алышууда. Ал эми, капитализмдин «бакыты» – бул материалдык жактан бай болуу жана мүмкүн болушунча дене кумарлануусун кандыруу. Азыркы интернет өнүккөн заманда, кайсы гана платформаны караба, баары ушул нерсеге чакырат жана кызыктырат. Адамдын деңгээли же ийгилиги анын материалдык абалы, минген унаасы, көтөргөн телефону менен өлчөнүп калды. Дал ушул өлчөө ийгилик катары көрсөтүлүп, соц тармактарда, күнүмдүк жашоодо жетишкендик катары таңууланып жатат.
Мындай түшүнүктөр өзүнүн керт башын гана ойлогон өзүмчүлдөрдү, башкаларды теңсинбеген текеберлерди тарбиялап чыгарат. Эгер, адамдын материалдык деңгээли көтөрүлүп калса, материалдык жактан андан төмөн тургандарды теңсинбей карап калат, ал тургай, аларды кемсинткенге чейин барат. Өкүнүчтүүсү, бул көрүнүш балдарыбыз арасында да өөрчүп барууда. Балдарыбыздын кыялы акыркы үлгүдөгү телефон көтөрүү жана башка акыркы, акыркы, акыркы нерселерди колдонуу болуп бара жатат. Балдардын сүйүнгөнү да, өкүнгөнү да ушуга байланыштуу.
Арийне, биз капитализмде жашап жаткандыктан, жакырлардын көп болушу табигый. Анткени, капитализм системасы ушундай түзүлгөн, бир ууч байлар гана байып, калган адамдар жакырчылыктын күнүн көрүшөт. Бул реалдуулукту дүйнөлүк аналитикалык борборлордун, жада калса БУУнун изилдөөлөрү ырастап турат. Ага ылайык, дүйнөнүн 1% калкы дүйнөнүн дээрлик 90% байлыгына ээлик кылат. 99% калкка дүйнөнүн 10% гана байлыгы туура келүүдө. Бул адилетсиз система себептүү, балдарыбыздын баары эле акыркы үлгүдөгү нерселерге ээ болушу мүмкүн эмес. Андыктан, капитализмдин түшүнүктөрүн карманган балдарыбыз нааразылык жана психикалык ооруларга туш болушу табигый.
Андан тышкары, бул дүйнөгө жаралуунун максатын билбестик, башкача айтканда бул дүйнөгө кайдан келдим, эмне үчүн келдим, бул дүйнөдөн кийин кайда барам деген түшүнүк балдарда ачык-айкын болбогондуктан, капитализмдин түшүнүктөрүн жана өлчөөлөрүн кабыл алышууда. Башкача айтканда, алардын астында кабыл алчу капитализмдин түшүнүктөрү гана калууда. Себеби, бүгүнкү күндө алар бала бакчадан тартып эле капитализмдин түшүнүктөрү менен суугарылып баштайт. Андыктан, бул дүйнөгө жаралуусунун максатын билбеген, жалаң гана материалдык пайданы көздөгөн баланын психикасынын бузулушу турган кеп. Мындан улам, бул маселе, эгер биз балдарыбызды сактап калбасак балдар жана өспүрүмдөр арасында орчундуу бойдон калат. Аларды сактоонун жолу – бир гана Ислам. Аларга Исламдын тарбиясын жана түшүнүктөрүн берели. Исламда бардык суроонун жообу бар жана анын чечимдери акылды канааттандырып, жүрөктөрдү тынчтантат.
Ал эми, мечиттерди жабуу, балдардын мечитке баруусуна тыюу салуу, Исламий таалим берүүнү кысымга алуу, кала берсе, даъватты чектөө балдарыбыздын Ислам тарбиясын алуудан четтетет. Натыйжада балдарыбыз ырайымсыз капитализмдин астында жалгыз калышат, арийне өзүмчүл жана материалдык пайданы гана көздөгөн балдар тарбияланып чыгат.
Харун Абдулхак




