Макала

Ысык-Көлдө “зевс” жана “посейдондун” айкелдери орнотулду

Ысык-Көлдө “зевс” жана “посейдондун” айкелдери орнотулду

Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн жээгинде байыркы гректер кудай катары ишенген “зевс” жана “посейдондун” айкелдери орнотулушу Ислам жана мусулмандардын динин, ишенимин акараттоо болду!

Расулуллах (с.а.в) айтат: “Кыямат күнүндө адамдардын арасынан эң катуу азапталуучулар мусаввирлер (т.а. айкел жасагандар жана жандуу нерселердин сүрөтүн тарткандар) болушат”. (Имам Бухарий жана Муслим риваяты).

Уламалар бул хадистин негизинде айкелдерди жасоону, айрыкча бут-санамдарга окшогон же кудай катары каралган айкелдерди жасоону жана орнотууну харам деп эсептешет.

Албетте бул иштер үчүн оболу Ысык-Көлдүн жээгинен Green City компаниясына жер берип, ага бул айкелдерди орнотуусуна уруксат берген же орнотуусуна үн катпаган шаар админстрациясы жана өлкө жетекчиси жоопкер! Бирок, бийлик Ислам  жана мусулмандардын намысына, динине жана ыйманына карата бул ширк саналган нерсенин орнотулушуна макулдук берүүгө батынышы Үммөт өкүлдөрүнүн өлкөдөгү таасири начарлаганына далалат кылат. Мындан мурун бийлик бир канча баалуулуктарыбызды тебеледи. Биз аларга жетиштүү реакция билдире албадык. Маселен, кыздарыбызды турмушка берүүнү 18 жашка чектөө жөнүндөгү мыйзам, Ислам уруксат берген паранжы, никабга тыюу салган мыйзам, кумар оюндары жөнүндөгү мыйзам жана мусулмандардын абдан көп укутарын чектеген жалпы диний концепция жөнүндөгү жаңы мыйзам. Эми мына алар ачык-ашкере ширк экенин жада калса муфтият да четке кага албаган жасалма “кудайлардын” айкелин орнотууга батынышты!

Ибн Хажар Аскаланий: “Жахилияттагы бут-санамдар – айкелдер эле. Пайгамбарыбыз (с.а.в) аларды сындырды. Ошого окшогон нерселерге уруксат берүү кайрадан жахилиятка кайтуу болуп эсептелет”.

Ибн Таймия: “Жандуулардын  айкелдерин жасоо харам болуп эсептелет. Эгер бул айкелдерге ибадат кылынса же кылынышынын ыктымалы болсо, бул – ширк”.

Ислам дини – Аллах Пайгамбарыбыз (с.а.в.) аркылуу инсандардын өзү менен, бири-бири менен жана Аллах менен болгон бардык алакаларын тартипке салуу үчүн жиберген шариаты (мыйзамы). Ислам жалгыз жол болуп, андан тышкарыдагы жолдордун баары куфр т.а. кайрыисламий жолдор деп каралат.

Дүйнөлүк куфр системасы – коомдорго Исламдын мабда (башкаруу системасы) катары кирип келишин алдын алуу максатында коомдордо Исламдан болбогон бардык баалуулуктарды киришин колдоп, жол ачып берет. Алар белгилүү бир коомдо жашаган Ислам Үммөтүнүн динге жана диний баалуулуктарга карата позицияларында зиректигин же кайдыгерлигин этибарга алып, ошол коомго куфр баалуулуктарын, үрп-адатын жана жашоо таризин алып киришет!

Коомубузда куфрдун тамыр жайышы албетте алгач куфрдун башкаруу системасы негизиндеги мыйзамдары астында жашап жатканыбызга байланыштуу! Бирок, кандай гана абал болбосун, биз мусулман экенибизди унутпашыбыз керек! Демек, өлкөбүздө ишке ашырылып жаткан куфр, ширк амалдарына Аллах кудуреттүү кылган даражада, Аллах берген мүмкүнчүлүктөр аркылуу каршылык көрсөтүүбүз важиб!

Куфр, эч качан өз өзүнөн жок болбойт, болгон эмес. Ал ар дайым аракетте, өсүүгө умтулат. Аны Исламий Үммөт аң-сезимдүү аракети менен тизгиндеп, мыйзамдын кубаты менен кишендеп келген!

Аллах бизди кечирсин, биз куфр баалуулуктарына абдан кеңери мүмкүнчүлүктөрдү берип койдук! Бийликти мухасаба кылууну (тергеп-тескөөнү) дээрлик токтоттук. Натыйжада мурун мусулмандардан чочулап жада калса Жогорку Кеңештин имаратына намазкана куруп, жума учурунда атайын танапис берүүгө мажбур болгон бийлик өкүлдөрү эми ачык эле харам болгон кумарканалардын ачылышына уруксат бере башташты. Эми болсо, ачык-ашкере ширкке алып барган айкелдерге уруксат беришүүдө!

Али да, кеч эмес! Ыйманга таянып ширкке каршы натыйжалуу ыкмалар менен аракет кылалы. Аллах бизди ширк калкы менен бирге эмес экенибизди кечирип, Кыямат күнү бизди алардан алыс кылсын! Амиин!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button