Макала
Trending

Путин менен Трамптын  жолугушуусу жана Украина маселеси

Путин менен Трамптын  жолугушуусу жана Украина маселеси

АКШ 1867-жылы СССРден сатып алган Алясканын Анкориж шаарында 15-август түнү АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путин жолугушту. Сүйлөшүү 2,5 саатка созулуп, жыйынтыгында кыска маалымат жыйыны өттү.

Трамп жолугушуу жемиштүү өткөнүн бирок келишимге келе алышпаганын айтты.

Ал эми, Путин сүйлөшүү учурунда тараптар мунасага келгенин билдирди.

Белгилүү болгондой, Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда негизги эки ураан менен чыккан: Биринчиси, Американын дүйнөгө лидерлигин камсыздоо. Экинчиси, согуштарды токтотуу.

Согуштарды токтотуу маселесинде Индия-Пакистан жана Азербайжан-Армения ортосундагы келишпестиктерди жоюу аркылуу алдыга жыла алды. Муну менен Трамп нобел сыйлыгын алуу кыялын да орундатмакчы. Ошондой эле, Америка буга чейин төлөп келген согуш чыгымдарын башка өлкөлөргө жүктөмөкчү. Мисалы, Украина согушунда колдонулуп жаткан Америка куралдарын Европанын сатып алуусун талап кылууда.

Ал эми, Трамп админстрациясы Американын лидерлигин сактап калуу үчүн өзүнө төрт негизги душманды белгилеп алган. Алар: Кытай, Европа, Россия жана Ислам.

Трамп бийликке келгенден бери Кытайдын атаандаштыгын токтотуу үчүн бир катар аракеттерди жасап келүүдө. Кытайды аскерий союздар менен курчап, саясий жактан Индия, Япония, Түштүк Корея аркылуу чек аралап, Тайванда чыңалууну күчөтүп, экономикалык жактан бажы төлөмдөрдү көбөйтүү аркылуу басымдарды жасады. Муну менен катар Россияны келишимге тартуу менен Кытайдан алыстатууга аракет кылууда. Бул багытта Америка саясаты конкреттүү ийгиликке жете элек. Ошентсе да, Трамп менен Путиндин жолугушуусу ушул максатка кызмат кылуучу кадам болуп калды.

Ал эми, Европа жана Россия маселесинде Трамп админстрациясы бир катар ийгиликтерге жетишти. Европа менен Россия ортосунда Украина согушу себептүү буга чейин болуп көрбөгөндөй кастык күчөдү. Европа Россия мунай-газынын ордуна Америкадан мунай-газ импорт кыла баштады. Ошондой эле, согуштун шылтоосу менен Европа мамлекеттери НАТО үчүн төлөмдөрдү көбөйттү. Мунун баарын Америка Украина согушуна Россияны тукуруп жаткан учурда максат кылган. Демек, Трамп админстрациясы  Россиянын эл аралык аброюн убактылуу тикелөө аркылуу Европага карата коркунучун сактап калууну жана Кытайдан мүмкүн болушунча алыстатууну көздөп жатат.

Ал эми, Американын Исламга каршы күрөшүнө келсек, ал мусулман өлкөлөрүндөгү кыянатчы акимдерден майнаптуу пайдаланууда. Жакынкы Чыгышты яхудий вужуду үчүн коопсуз аймакка айлантып, куралдуу күчтөрдү жоюунун үстүндө иштеп жатат. Бул үчүн яхудий баскынчыларына толук колдоо көрсөтүүдө. Ал эми, кыянатчы акимдерди аны менен дипломатиялык алакаларды орнотууга мажбурлап жатат.

Жыйынтыктап айтканда, Трамп менен Путиндин жолугушуусунда Украинадагы согушту токтотууга кайсы бир деңгээлде мунаса табылды десек болот. Мындан кийинки сүйлөшүүлөр Украина аймагын бөлүштүрүү үстүндө болушу ыктымал. Тагыраагы, Крым, Донецк жана Луганск аймактары Россияда калтырылып, калган аймактардан чыгып кетүү үстүндө соодалашуу болот. Муну менен катар, Россия Украинанын НАТОго кошулуудан баш тартуусун талап кылып келүүдө. Демек, Украина согушу Европа менен Украинага жоготуу алып келсе, Американын кызыкчылыктары ишке ашуусуна жол ачты. Ал эми, Россия өз позициясын сактап калууга тырышып жатат.

Тилекке каршы, Ислам мамлекетинин эл аралык майданда жоктугу себептүү дүйнөгө капитализмдин зулумдугу, адилетсиздиги жана текебердиги үстөм болууда. Дүйнө калкы мусулмандардын лидерлигине, адилеттигине, анын натыйжасында келе турган бакубат жашоого суусап турат.

Мумтаз Маверанахрий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button