
Медицина жана анын миссиясы: кантип ден соолукту соодага айлантпоо керек
Эдил Байсалов бюрократияны жоюу боюнча комиссиянын жыйынында ыктыярдуу кошумча төлөмдү же дарыгерлерге «чай пул» берүүнү мыйзамдаштырууну сунуш кылды.
Мындай жагдайда Кыргыз өкмөтүнүн саламаттыкты сактоо тармагынын келечегине жана социалдык теңдикти камсыз кылуудагы мамлекеттин ролуна болгон мамилеси олуттуу суроолорду жаратты. Анын негизинде мамлекеттик мекемелерде иштеген дарыгерлер кошумча сый акы катары бейтаптардан «ыктыярдуу» төлөмдөрдү алышы мүмкүн деген ой жатат. Бул бир тараптан дарыгерлердин төмөн маяна маселесин чечүүнүн жолу сыяктуу көрүнгөнү менен саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү жагынан алганда мындай демилге орунсуз.
Медицина багыты кызмат көрсөтүүчү тармак бойдон калышы керек, ал коммерциялык ишмердүүлүккө айланбашы зарыл. Эгер медицина бизнеске айланып, дарылоонун сапаты бейтаптын чөнтөгү менен өлчөнсө, бул артка кадам болуп саналат. Дарыгерлер «чай пулга» көз каранды болбошу керек, анткени бул маселе бейтаптарды бай-кедейге бөлүп коёт. Мындай теңсиздик жакыр катмар үчүн медициналык кызматтын сапатынын начарлашына алып келет, бул саламаттыкты сактоонун социалдык жана этикалык жагынан алганда таптакыр кабыл алынгыс көрүнүш.
Мамлекет анын саламаттыкты сактоо түзүмүндөгү ролу дарыгерлер үчүн татыктуу шарттарды түзүп берүүсүндө экенин кайрадан аңдап чыгуусу зарыл. Аны жөн гана «чай пулду» мыйзамдаштыруу менен камсыз кылуу мүмкүн эмес. Мамлекет дарыгерлер өз ишине толук көңүл буруп, каржылык көйгөйлөрдү ойлобой иштеши үчүн шарт түзүүгө милдеттүү. Дарыгерлер менен медициналык кызматкерлердин маянасы алардын үй-бүлөсүн багуу жөнүндө кабатыр болбой, элге кызмат кылышына жетиштүү болушу керек. Бул болбосо, саламаттык сактоо системасынын натыйжалуу жана гумандуу иштеши жөнүндө сөз кылып болбойт. Ошондой эле, эгер дарыгерлер бейтаптардын кошумча төлөмүнө көз каранды болуп калышса, анда система бейтаптардын кызыкчылыгынан көрө материалдык кызыкчылыктарды жогору коё баштайт.
Ислам башкаруусунун тарыхы жана анын идеологиясы дарыгерлердин эмгек акысы алардын ишмердүүлүгүн коммерцияга айландырбай кандай уюштурулушу керектигине айкын мисалдарды сунуш кылат. Ислам Халифатынын “Алтын доорунда” дарыгерлерге мамлекет тарабынан кеңири өлчөмдө маяна төлөнүп турган, бул аларды кошумча кирешеге көз каранды болбостон өз милдетин так аткаруусуна шарт түзгөн. Ал убактагы дарыгерлер жөн гана адистер катары эмес, коомдун кызматчылары катары да каралып, алардын иши жана миссиясы кошумча киреше менен байланышкан эмес. Бул кесиптин адистери коомдо жогорку урмат-сыйга ээ болушкан жана дүйнө матасы элдин саламаттыгынан арзыбас экенин, ден соолук коомдун жашоосунун негизи экенин түшүнүүнү чагылдырып турган.
Пайгамбар Мухаммад (С.А.В.) ар бир башчы өз элине жоопкер экенин баса белгилеген. Бул жааттан алганда мамлекеттик медициналык жардамды камсыз кылуу жөн гана жарандардын укугу эмес, башкаруучунун да милдети экенин эстен чыгарбоо зарыл. Эл башчысы ар бир жаран чөнтөгүнүн калыңдыгына карабастан, сапаттуу жана акысыз медициналык жардам алышына кам көрүшү зарыл.
Эгер мамлекет медицинанын сапатын чынында эле жакшыртууга кызыкдар болсо, анда ал медицинаны кесип катары эмес, миссия катары сактап калууга багытталган системаны түзүүгө тийиш. Бул дарыгерлерге татыктуу маяна төлөнүп, саламаттык сактоо системасы жетиштүү каржыланганда гана мүмкүн болот. Салыштырмалуу айтсак, бүгүн мамлекет көңүл ачуучу спортко жана спортчуларга кандай көңүл бөлүп жаткан болсо, саламаттыкты сактоо тармагына да ошондой мамиле керек. Болбосо, «чай пулду» мыйзамдаштыруу сыяктуу демилгелер социалдык адилетсиздикти күчөтүп, коммерциялашууга алып келет. Бул болсо өз кезегинде саламаттыкты сактоо системасына болгон ишенимди солгундатып, көйгөйлөрдү курчутат.
Акыры, саламаттыкты сактоону өнүктүрүүдөгү жоопкерчиликти бейтаптар эмес, мамлекет өз мойнуна алышы керек. Бейтаптар сапаттуу медициналык кызмат алууда кошумча төлөм сыяктуу тоскоолдуктарга туш болбошу керек. Эгер мамлекет дарыгерлер үчүн жетиштүү эмгек шартын, маяна акысын камсыз кыла албаса жана бардык жарандар үчүн медициналык кызмат жеткиликтүү болбосо, анда эч кандай «чай пулдар» же кошумча төлөмдөр саламаттыкты сактоо түзүмүн сактап кала албайт.
Латыфул Расых