
Москва АЭС куруу убадасын стратегия катары көрсөтүүдө
Путиндин Жапаров менен болгон жолугушуусунда: «Кыргызстанда атом электр станциясын куруу мүмкүнчүлүгү бар» деген билдирүүсү, үмүттөндүрө турган жаңы демилгедей кабыл алынууда. Бирок, чындыгында бул Кремлдин акыркы он жылдан бери кайталап келе жаткан саясий ыкмаларынын дагы бир көрүнүшү. Мындан максат, аймактагы коңшу мамлекеттерге, Москваны технологиялык жана саясий борбор катары көрсөтүү. Ал эми иш жүзүндө бул демилге, курулай сөз жана негизсиз убада бойдон калууда. Москва ушинтип, аймактагы таасиринен ажырап бараткан позициясын сактап калууга аракеттенүүдө.
Россия, Казакстанда да АЭС куруу тууралуу 2010-жылдын башынан эле айтып келет. Өзбекстан, Монголия, Армения, Нигерия – айтор эсептей берсе, тизме бүтпөйт. Демек, дагы көп мамлекеттер куру убадаларга үмүттөнүп келүүдө. Бирок баарынын жыйынтыгы бир: “буюрса каралууда”, “сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, “биз технологияларыбызды ар дайым сунуштаганга даярбыз”. Айтор, куру сөздөн амалга өтүү жок. Же келишим түзүлбөйт, же так мөөнөттөр белгиленбейт. Москва он жылдап, АЭС маселесин Казакстанда алдыга жылдырып келгени менен, бирок иш референдумдан ары карай жылган жок. Ал эми Өзбекстан, расмий түрдө бул демилгени жаап салды. Монголияда болсо бир да реалдуу кадам жасалган эмес.
Бул билдирүүлөр энергетикалык саясат эмес, тагыраагы саясий кысым көрсөтүүнүн куралы катары колдонулуп келген. Ал эми бүгүн, Кыргызстанга багытталып жаткан билдирүү, мурункулардан мазмуну менен да, максаты менен да айырмаланбайт.
Борбор Азияда Москванын ролу кыйла солгундап барууда. Кытай аймакта экономикалык таасирин абдан бекемдеп алгандыктан, Россиянын демилгелери анын алдында арзыбас болуп калууда. Ошондуктан, Кремль өзүнүн «артыкчылыгын» жок дегенде атомдук технология, стратегиялык энергетика, жана башка айрым тармактарда сактап калууга аракеттенүүдө.
Бирок негизсиз демилге, чыныгы таасирдин ордун баса албайт. Андыктан Россия, миллиарддаган инвестицияларды жаткырып, узак мөөнөттүү каржылоону камсыздай албайт. Өлкөлөрдүн энергетикалык системаларын жаңыртууга алсыз жана атаандаштыкка жооп бере ала турган шарттарды сунуштай албайт. Учурда Россия, салмактуу, кеңири масштабдагы пландарды жана кооз убадаларды берүүгө гана кудуреттүү.
Кыргызстандагы АЭСтин курулушу тууралуу билдирүү, стратегиялык демилгенин элесин эле пайда кылат. Андан тышкары, Кыргызстан азырынча ядролук энергетикада укуктук базага ээ эмес, керектүү инфраструктурасы жок, өтө жогорку сейсмикалык коркунучтары бар, каржылоо булактары менен камсыздалган эмес жана мындай долбоорго саясий даярдыгы жок. Мунун үстүнө, өлкөдө атомдук теманы коом чочулоо менен кабыл алат. Москва АЭСти курууну каалаган күндө да, Кыргызстан стандарттарга жооп бере турган, ылайыктуу шарттарга ээ эмес. Демек, Путиндин сөздөрү геосаясий кызыкчылыктар менен гана бекемделген жана энергетикага эч кандай алакасы жок.
Кремль бул демилгени ЖККУнун ичинде лидерлик элесин сактоо үчүн колдонууда. Мындан көздөлгөн максат – союздаштар Россиянын технологиясына жана жардамына дагы деле таянып келүүдө деген элести сактап калуу. Учурда, ЖККУ уюму легитимдүүлүк кризисин баштан кечирип жаткан чагы. Армения уюмдан чыгып кетти десе болот, Казакстан тең салмактуу саясатка өттү, ал эми башка өлкөлөр Москвадан айланып өтүп, Кытай, АКШ жана Европа менен түз кызматташууну күчөтүүдө.
Азыр Кремлдин колунан сөз үстөмдүгүнөн жана ишке ашпай турган катуу билдирүүлөрдү кылуудан башка эч нерсе келбей жатат. Ошондуктан Путиндин бул сөзү убада эмес, план да эмес, жада калса сунушка да жатпайт.
Бул Россиянын аймактагы таасири азайып баратканын жашыруу үчүн жасалган саясий ыкма. Кремль, Борбор Азияны жок дегенде символикалык деңгээлде өз таасир аймагында кармап турууга аракет кылууда. Бирок, азыр Москванын кооз сүйлөөдөн башка айласы жок.
Хужжат Жамиа




