
Парламенттик шайлоонун маңызы
30-ноябрда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы берген маалыматка ылайык, жалпы 4 294 243 шайлоочунун ичинен 1 584 446 жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,9 %ын түзөт. БШК шайлоонун жыйынтыгын 14-декабрга чейин расмий жарыяларын билдирди.
Алдын ала жыйынтыктар боюнча, Жогорку Кеңештин бул сегизинчи чакырылышынын 61 %ын мурунку депутаттар түзөрү маалым болду. Тагырак айтканда, жаңы шайланган Жогорку Кеңештин курамында 90 орундун 55ин мурунку чакырылыштардын депутаттары ээлешет.
Бул шайлоо салыштырмалуу туруктуу өтүп, айрым мурунку шайлоолордо болгондой ызы-чуулар кайталанган жок. Бийликтин көздөгөнү да парламенттик шайлоону туруктуу өткөрүп, парламентке бийликтин тарапкерлерин алып келүү менен Жогорку Кеңешти көзөмөлгө алуу эле. Бул үчүн бийлик саясий майданды оппозициядан тазалап, парламентке оппозициячыл күчтөр келбеши үчүн алдын ала аларды ар кандай шылтоо менен жарыштан четтетти.
Бийлик бул аракетин бийликке келген күндөн тарта эле баштаган. Жалган маалымат жөнүндөгү мыйзамдар аркылуу бийликке каршы үндөрдүн чыгышына бөгөт койду. Андан соң бийлик оппозициячыл саясий фигураларды камакка алып, куугунтуктап саясий сахнаны бийликке каршы болгон адамдардан тазалады.
Ошондой эле дин жаатындагы жаңы концепциядан улам, шайлоого диний баалуулуктарды кармангандар катыша алган жок. Себеби, бул концепцияда диний адамдардын шайлоого жана үгүт иштерине катышуусуна тыюу салынган, үгүт иштеринде диний тематикага жол берилбеген. Ошондуктан, бул жолку шайлоодо мурункудай айрым дин талаптарын көтөрүп чыккан талапкерлер болгон жок.
Жалпысынан алганда, шайлоого карата элдин мамилеси суз болду. Адамдардын шайлоолорго кызыгуусу, башкача айтканда үмүт артуусу жылдан жылга төмөндөп барууда. Статистиканы карап чыксак, бул көрсөткүч ачык-айкын байкалат. Маселен, 1995-жылдагы парламенттик шайлоодо шайлоочулардын 76 %ы катышкан болсо, 2000-жылы 64,41 %ы, 2005-жыл 59 %ы, 2007-жылы 73,86 %ы, 2010-жылы 55,9 %ы, 2015-жылы 59 %ы, 2021-жылы 34,94 %ы катышкан. Себеби, калк кандай гана адамдарды же партияларды шайлабасын, парламент элге каршы, анын динине каршы, ой-мүдөөсүнө каршы мыйзамдарды чыгарып келүүдө. Бул абал бийликтин бир бөлүгү болгон парламентке ишенимди жоготууда.
Демократиялык системада парламентте таасирге ээ тарап – бул капиталисттер. Парламентке шайланган депутаттар ошол капиталисттердин талабына ылайык мыйзам чыгарып, алардын кызыкчылыктарын коргошот. Себеби, капиталисттер депутаттардын үстүнөн реалдуу таасирге ээ. Алар депутаттарга финансылык жана башка жактардан колдоо көрсөтүшөт. Акыбетте, депутаттар элдин эмес, ошол капиталисттердин кызыкчылыгын коргогон мыйзамдарды чыгарышат. Маселен, салыктардын түрүн көбөйтүү жөнүндөгү мыйзамдар, чет элдиктерге кыймылсыз мүлк же жерлерди сатып алууга уруксат берүү жөнүндөгү мыйзамдар, же башка маанилүү маселелер болсун, мында капиталисттердин кызыкчылыгы аткарылып, катардагы адамдардын талабы эч бир кароосуз калтырылат.
Алыс кетпей, коомдо резонанс жараткан казино маселеси жана дин жаатындагы чектөөлөрдү алалы. Бул маселелерде элдин эч бир ой-пикири, талабы эсепке алынган жок. Тескерисинче, адамдар каршылык билдиргенине карабастан, казиного уруксат берилди. Ошондой эле, эл каршы болсо да, даъватка чектөөлөр киргизилип, никаб кийүүгө тыюу салынды.
Биринчи маселеде капиталисттердин кызыкчылыгы менен казинолорго уруксат берген мыйзам чыгарылды. Ал эми, экинчи, динди чектеген мыйзам болсо, Россия, Кытай сыяктуу колонизаторлордун талабы менен кабыл алынды. Себеби, алар Исламдын жайылышын, өнүгүшүн каалашпайт. Алар мусулмандардын Ислам негизинде биригип кубаттуу бир күчкө айланышынан коркушат. Ошондуктан, колонизаторлор бул нерсени болтурбоо үчүн мыйзам жактан мусулмандарды чектеп, Исламдын таасирин жок кылуу талабын коюшат. Исламдын жайылышына негизи Батыш да каршы. Ошондуктан, даават, никаб кийүү демократияда адамдардын укугу болгонуна карабастан, бул мыйзам кабыл алынып жатканда демократия жөнүндө жар салып келген Батыш ооз ачкан жок.
Ошон үчүн, парламент элдин кызыкчылыгын аткарган орган деп айтуу аңкоолук. Эл бийлиги, элдин өкүлү деген тышы жалтырак ураандар капиталисттердин чыныгы бийлигин жашырган парда гана болуп эсептелет.
Парламент мыйзам чыгаруу укугу Аллахка гана таандык экенин четке кагып, мыйзам чыгаруу укугун инсанга берет. Ал эми, Исламда мыйзам чыгаруу укугу бир гана Аллахка таандык, демек мыйзам Куран жана сүннөттөн алынышы фарз. Эгер, башчы болобу, депутат болобу, мыйзам чыгаруу органы болобу, мыйзам чыгаруу укугун алса, бул өзүн Аллахка теңегенге барабар. Себеби, алар адал жана арамды белгилеген мыйзамдарды чыгарышат. Бул болсо Исламга бүтүндөй карама-каршы келет.
Харун Абдулхак




