Макала

Путиндин сөздөрү Борбор Азияга карата колониялык мамилесин ашкереледи

Путиндин сөздөрү Борбор Азияга карата колониялык мамилесин ашкереледи

ЕАЭБ (Евразия экономикалык биримдиги) тең укуктуу кызматташтыктын, эркин соода жана интеграциянын мейкиндиги катары түзүлгөн. Бирок Россиянын акыркы аракеттери жана Владимир Путиндин ачык билдирүүлөрү көрсөткөндөй, чыныгы абал мындан башкача. Тактап айтканда, Москва өзүнө жагымдуу шарттарды коюуда, ал эми башкалар ага баш ийүүгө аргасыз.

Путин чек арадагы көйгөйлөрдү өзү да моюнга алууда

2025-жылдын 27-ноябрында, Бишкекке болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча басма сөз билдирүүсү учурунда Путин өзүнүн тапшырмасы менен Россиянын бажы органдары жүк ташуучу транспортторду тандап текшере баштаганын жана «олуттуу сандагы жүк ташуучу унаалар, фуралар Орус-Казак чек арасынан эч кандай документсиз өтүп жатканын» билдирди (TASS).

Ал ЕАЭБде бирдиктүү базар жана бажы аймагы болгонуна карабастан, ар бир жүк ташуучу унаада документтер пакети болушу керек экенин, анда жүктүн эмне экендиги жана кимге жөнөтүлүп жаткандыгы көрсөтүлүшү зарыл экенин түшүндүрдү (24.kg).

Путиндин айтымында, бул «кара импорт» Россиянын бюджетине «миллиарддаган, он миллиарддаган рубль» залака алып келүүдө (Интерфакс).

Ошентип, Россия бийлиги, товарлар «эрежелерди айланып өтүп» жатканын моюнга алууда жана Москва муну сөзсүз жөнгө салынышы керек болгон маселе катары кабыл алып жатат.

ЕАЭБ ичиндеги карама-каршылыктар

ЕАЭБ, негизинде товарлардын эркин жүрүшүн жана тең укуктуу экономикалык өнөктөштүктү кепилдөөчү мейкиндик катары түзүлгөн. Бирок акыркы айлардагы окуялар, айрыкча Орус–Казак чек арасындагы көп сааттык кезектердин топтолушу жана Бишкектеги саммиттен кийин Путиндин айткандары – ЕАЭБ ичиндеги мамиле, расмий моделге дээрлик туура келбей турганын көрсөттү.

Тескерисинче, ЕАЭБде Москва тең укуктуу өнөктөш катары эмес, колониялардын көз карандылыгын күчөтүүчү жана өзүнүн эрежелерин таңуулоочу күч катары иш алып барууда.

Кремль туш болуп жаткан көйгөйлөр анын өз чечимдеринин натыйжасы

Учурдагы кризистин башаты, чек арада же Казакстан менен Кыргызстандагы бажы схемаларында эмес. Мунун баары, Кремлдин Украинага каршы согуш баштоо чечиминен келип чыгып, натыйжада катуу санкцияларга жана Россия үчүн импорттун кескин татаалдашына алып келди.

Ошентип, ЕАЭБ дароо Россия үчүн санкцияларды айланып өтүүчү негизги маршрутка, ал эми Казакстан башкы транзиттик хабга айланды. Дал ошол маршрут аркылуу, орус компаниялары түздөн-түз алып келе албаган товарлар өтө баштады.

Бирок эми «көмүскө импорт» Кремлдеги структураларга ыңгайсыз болуп, болжолдуу жоготууларга, көзөмөлдүн начарлашына жана логистикалык агымдар үчүн элита ичиндеги атаандаштыктын күчөшүнө алып келгенде, Москва түпкү себепти моюнга алуунун ордуна, жоопкерчиликти биримдиктеги өнөктөштөрүнө жүктөдү.

Путин ЕАЭБдин принциптерин бузууда

ЕАЭБде ички чек араларда бажы тоскоолдуктары болбошу керек. Бул баарына негиз болуучу түпкү принцип. Ага ылайык, бир мүчө мамлекет экинчи мүчө мамлекеттен башка өлкөлөргө импорттоодо керектелүүчү документтерди талап кыла албайт.

Бирок Россия бир тараптуу негизде текшерүүлөрдү киргизип, ЕЭК кеңешисиз союздук чечим кабыл албастан, иш жүзүндө ички бажы көзөмөлүн кайра жандандырды.

Москва, эркин экономикалык аймакта болбошу керек болгон декларацияларды, бааларды жана кабылдоочу тууралуу маалыматтарды талап кыла баштады.

Натыйжада, Россия чоң карама каршылыкты пайда кылып, ЕАЭБ ичинде негизинен талап кылынбоосу керек болгон документтер үчүн Казакстанды айыптоодо. Башкача айтканда, жаралган көйгөйдү чечүү үчүн Кремль, биримдиктин укуктук түзүлүшүн бузууда.

 Лоялдуулукту жана баш ийүүнү талап кылуу

Путиндин экономикалык жүйөсү расмий түрдө ишенимдүү көрүнүүдө бирок анын саясий себеби бар. Россия санкцияларга кабылган, анын ичинен технологиялык продукциянын импортун толугу менен көзөмөлдөөгө, стратегиялык товарлардын мамлекеттик структуралардан айланып өтүшүнө же көз карандысыз жеке схемалар аркылуу бөлүштүрүлүшүнө жол бербөөгө умтулууда.

Кысым казак карголоруна эле эмес, Казакстан аркылуу иштеген ири мамлекеттик оюнчулардан көз карандысыз болгон орус компанияларга да көрсөтүлүүдө. Мындан көздөлгөн максат, бардык агымдарды борборлоштуруу менен мамлекеттик көзөмөлгө байлоо жана аларды согуш экономикасына сарптала турган көзөмөл астындагы ресурска айлантуу.

Саясий жактан караганда да, Россиянын Казакстанга болгон басымынын күчөшү кокустук эмес. Казакстан Украинанын аннексияланган аймактарын дагы деле тан алган эмес жана согушту азыркыга чейин колдобой келет. Ошондой эле, Казакстан бийлиги Кытай, Европа Биримдиги жана Түркия менен кызматташууну күчөтүүдө. Астананын Москва менен аралыкты сактоосу жана өз алдынча көп векторлуу саясатын жүргүзүүсү, албетте Россиянын нааразычылыгын арттырууда.

Демек, катуу текшерүүлөр жана миңдеген фуралардын кармалышы – бул «силердин көз карандысыздыгыңардын да чеги бар, силер биздин стратегиялык милдеттерге туура келбесеңер, биз силерге көйгөйлөрдү жарата алабыз» деген белги. Бул кызматташуу мамилеси эмес. Бул экономикалык куралдарды, саясий тарбиялоо куралы катары колдонгон үстөмдүк кылуучу күчтүн мамилеси.

Жыйынтык:

Болуп жаткан окуялар, илгертен бери бар болгон, бирок дайыма эле көрүнө бербеген мамилелердин чындыгын ашкерелейт.

ЕАЭБ расмий түрдө тең мамлекеттердин интеграциялык долбоору катары куурулса да, бирок, орус-казак чек арасындагы фуралардын кезектери жана Владимир Путиндин коомдук билдирүүлөрү, ЕАЭБдеги мамилелердин негизги карама-каршылыгын көрсөтүүдө. Бул уюм, тең укуктуу мамлекеттердин биримдиги деп жарыяланганы менен, иш жүзүндө Россия баскынчылык мүнөзүндөгү бир тараптуу талаптарды коюп, өзүнө ылайык шарттарды таңулоодо. Тандап текшерүү, документ талаптары, товарлардын агымын көзөмөлдөө сыяктуу экономикалык куралдары “кара импортко” гана каршы иштетилбейт. Тагыраагы, бул башка мүчө мамлекеттердин өз алдынчылыгын чектеп, саясий басымды күчөтүүгө каратылган курал. Мындай мамиле, уюмдун тең укуктуу интеграция идеясынын кадырын кетирүүдө жана союзду “борбор-четки аймак” принцибине бөлүп, мүчө өлкөлөрдү Москванын шарттарына баш ийүүгө мажбурлап жатат. Андыктан, жогорудагы шарттар жок болмоюнча, товарлардын эркин жүрүшү жана тең укуктуу өнөктөштүк тууралуу кеп кылуу мүмкүн эмес. Анткени мындай декларациялар, капиталистик жалган системада формалдуу түрдө гана болот.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button