Адамдын муктаждыктарын аныктоо: Исламий ой жүгүртүү менен Батыштык ой жүгүртүүсүнүн айырмасы

Адамдын муктаждыктарын аныктоо: Исламий ой жүгүртүү менен Батыштык ой жүгүртүүсүнүн айырмасы
Адамдык муктаждыктардын жана алардын ирээти — заманбап экономикалык ой жүгүртүүнү тынчсыздандырган негизги маселелердин бири. Өзгөчө, адамзаттын аз бөлүгү ээ болгон ашкере байлык менен жер жүзүндөгү калктын көпчүлүгү тартып жаткан катуу жакырчылыктын ортосундагы ажырым улам кеңейип жаткан шартта, дагы да актуалдуу. Эл аралык статистикалар сүрөттөгөн көрүнүш өтө кайгылуу. Учурда бир миллиард адам катуу ачарчылыкта жашайт, 1,5 миллиард адам негизги саламаттыкты сактоо кызматтарынан куру калышкан, дагы бир миллиард адам таза ичүүчү сууга жетише албайт. Ошол эле учурда дүйнө калкынын 76%ы жалпы дүйнөлүк кирешенин болгону 20%ына гана ээ. Бул чындык зор өнөр жай жана илимий өнүгүүгө, ошондой эле жер шарыбыздын бай ресурстарына карабастан, адамдын эң жөнөкөй муктаждыктарын камсыздоодо азыркы батыштык түзүм канчалык деңгээлде ийгиликке жетпей калганын ачык көрсөтөт.
Мына ушул абалдан улам адамдын муктаждыктарын аныктоо жана аларды ирээтке салуу боюнча кеңири изилдөөлөр пайда болду. Анткени өнүгүү стратегияларын так негизге таянып куруу зарыл эле. Бул аракеттердин айрымдары эл аралык уюмдар тарабынан жүргүзүлсө, айрымдары аймактык изилдөө борборлорунан чыккан, ал эми кээ бир Батыш институттары өздөрүнүн өзгөчө классификацияларын иштеп чыгышкан. Бирок бул аракеттер баары бир материалисттик жана жекелик көз карашка негизделип, батыштык ой жүгүртүүнүн чегинен чыга алган эмес.
Батыштын классификациялары:
Биринчи классификацияны Эл аралык Эмгек Бюросу «Жумуш менен камсыз кылуу, өсүш жана негизги муктаждыктар» аттуу баяндамасында сунуштаган. Ал адамдын муктаждыктарын эки түргө бөлөт:
1. Үй-бүлөгө тиешелүү керектөө муктаждыктары: жетиштүү азык-түлүк, турак-жай, кийим-кече, эмерек жана үй-тиричилик шаймандары.
2. Жалпы муктаждыктар: таза ичүүчү суу, канализация, коомдук транспорт, саламаттыкты сактоо жана билим берүү кызматтары.
Бул көз караш амалий ыкманы билдиргени менен, материалдык түздөн-түз керектөө чөйрөсүнөн чыкпайт.
Ал эми Араб өлкөлөрүнүн өнөр жай өнүгүү борбору муктаждыктарды эки түргө бөлгөн:
1. Материалдык муктаждыктар: азык-түлүк, кийим-кече, турак-жай, транспорт, билим берүү жана саламаттыкты сактоо.
2. Материалдык эмес муктаждыктар: коомдук жана саясий тартипти кайра уюштуруу аркылуу канааттандырылуучу, мисалы, негизги эркиндиктер жана коомдогу индивиддин ролу сыяктуу муктаждыктар.
Бул жерде жаңы жагдай, билим берүү менен саламаттыкты сактоо муктаждыктары материалдык муктаждыктардын катарына кошулган, мурун өнүгүү боюнча адабияттарда алар материалдык эмес муктаждыктар катары каралып келген эле.
Немис өнүгүү институту болсо муктаждыктарды экиге бөлгөн:
1. Жеке керектөө муктаждыктары: азык-түлүк, турак-жай, кийим-кече жана үй-тиричилик шаймандары;
2. Жалпы кызматтар — саламаттыкты сактоо, билим берүү, таза суу, канализация жана транспорт.
Бул классификациялардын айырмачылыктарына карабастан, алардын баары дээрлик бир айлананын ичинде айланып жүрөт: материалдык жана керектөөчү өлчөмгө басым жасалат, ал эми айрым руханий же коомдук муктаждыктарды кошууга болгон аракеттер үстүрт мүнөздө калат.
Батыштык ой жүгүртүүдөгү маселе:
Бул ыкмалардын эң чоң көйгөйү — артыкчылыктарды ирээттөөнүн бузулушу. Ар ким эле азык-түлүк, суу жана саламаттык адамдын жашоосунун негизи экенин моюнга алганы менен, капиталисттик системалардын практикасында пайда алуу биринчи орунга коюлат. Натыйжада миллиондогон кедейлердин өмүрүнөн аз сандагы байлардын жыргалчылыгы жогору коюлат.
Мындан тышкары, адам менен коомдун ортосунда ажырым пайда болот: жеке эркиндиктер негизги муктаждык катары көрсөтүлүп, ал эми коомдук биримдикти сактоочу жана байлыкты адилеттүү бөлүштүрүүнү камсыздоочу жамааттык аспект көңүл сыртында калат.
Дал ушул башаламандык БУУ жана эл аралык мекемелер кабыл алган өнүгүү пландарынын “туруктуу өнүгүү”, “миң жылдык максаттар” сыяктуу ураандардын жакырчылыкты жоюудагы ийгиликке жетпей калышын түшүндүрөт. Анткени бүгүнкү көрүнүш мына ушундай: дүйнө калкынын 1%ы калган 99% адамзаттын жалпы байлыгына барабар байлыкка ээ, ошол эле учурда ачка адамдардын саны жылдан-жылга өсүүдө.
Исламдагы муктаждыктар теориясы:
Буга карама-каршы түрдө, Ислам адамдык муктаждыктарды аныктоо жана ирээтке салууда толук жана ырааттуу ыкманы алып келген. Ал адамды жөн гана керектөөчү жаратылыш эмес, Аллага жооптуу, ардактуу макулук катары карайт.
Фукахалар бул көз карашты “шариаттын максаттары” مقاصد الشريعة) ) деп белгилүү болгон негизде иштеп чыгышкан жана муктаждыктарды үч даражага бөлүшкөн:
• Негизги муктаждыктар (الضروريات)
Бул – адамдардын жашоосу аларсыз болбой турган негизги нерселер. Аларга динди, жанды, акылды, тукумду жана мүлктү сактоо кирет. Ошол эле учурда азык-түлүк, суу, кийим-кече, турак-жай, коопсуздук, саламаттык, билим берүү жана адилеттик сыяктуу зарыл нерселерди камсыз кылуу талап кылынат.
• Милдеттүү муктаждыктар (الحاجيات)
Бул – адамдардын жашоосун жеңилдетүү жана кыйналуусун азайтуу үчүн керек болгон нерселер. Мисалы, транспорт каражаттары, эмгек шаймандары жана башкаруу тартиби сыяктуу.
• Жакшыртуучу же толуктоочу муктаждыктар (التحسينيات أو الكماليات)
Бул – жашоону көркүнө чыгарып, жыргал деңгээлин көтөргөн, бирок ысырапсыз колдонулган нерселер. Мисалы, жасалгалар жана шариат уруксат берген жыргалчылыктар.
Бул исламий көз караш материалдык жак менен гана чектелбестен, руханий, ахлакый жана инсаний жактарды да камтыйт. Ошондуктан ал бардык жагынан кеңири жана тең салмактуу. Анын тартиби да так негизге курулган: алгач жашоонун негизин көтөргөн жана шариаттын максаттарын сактаган нерселер коюлат, андан кийин кыйналууну жоюучу нерселер, андан соң жыргалчылыкка алып баруучу нерселер келет.
Дүйнөлүк кризиске шариаттык чечим:
Ислам теориялык түшүнүк менен гана чектелбестен, аны башкаруу жана экономика түзүмдөрүнүн ичиндеги иш жүзүндөгү механизмдер менен байланыштырган. Зекет, садака, вакф жана Байтулмал — ар бир адамдын муктаждыктарын камсыздоону кепилдеген куралдар. Ошондой эле Ислам мамлекети элдин иштерине кам көрүүдө шариаттык жактан жооптуу, анткени Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«الإِمَامُ رَاعٍ وَمَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»
«Имам — башчы, жана ал өз жарандарынан жоопкер» (Бухарий жана Муслим риваяты).
Бирок бул саясий бирдиктүү түзүм болгон Халифалык жоголгондуктан, үммөт Батыштын ийгиликсиз системаларын кайталаган азыркы режимдердин ичинде баш аламан абалга түшүп калды. Эгер Ислам мамлекети чыныгы түрдө орногондо, ал байлыктардын багытын ири корпорациялардын чөнтөгүнө эмес, адамдардын негизги муктаждыктарын канааттандырууга бурмак жана коом мүчөлөрүнүн ортосундагы жардамдашуу тар кызыкчылыктар негизинде эмес, акыйда негизинде ишке ашмак.
Жыйынтык:
Тарыхый тажрыйба көрсөткөндөй, батыштык ой жүгүртүү канчалык кооз ураандарды жамынбасын, адамзатка адилеттүүлүк алып келе албайт. Ал эми Ислам болсо кылымдардан бери адамды денеси менен рухуна, жеке инсан катары да, коом мүчөсү катары да камкордук кылган толук системаны сунуштап келген. Бүгүн үммөттүн алдында бир гана жол калды б.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу ошол шариатка негизделген системага кайтып, аны колдонуу гана калды. Ал мамлекет Аллахтын шариатын ишке ашырып, анын максаттарын сактап, ар бир адамдын негизги муктаждыктарын Исламдын адилеттиги жана ырайымы астында камсыздайт.
Устаз Баха аль-Хусейни
Роя гезити




