АКШ доллары жана Aмериканын акча-кредит саясаты: өткөн доордун үстөмдүгүнөн келечектеги чакырыктарга чейин

АКШ доллары жана Aмериканын акча-кредит саясаты: өткөн доордун үстөмдүгүнөн келечектеги чакырыктарга чейин
Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан тарта АКШ доллары дүйнөдөгү башкы резервдик валюта макамын ээлеп, анын аты Бреттон-Вудс келишиминин негизиндеги эл аралык каржы тутумун бекемдөө менен тыгыз байланышкан. АКШ бул келишимге таянууну 1970-жылдардын башында токтотуп, кийин нефть соодасын долларга байлоо жолу менен «петродоллар» деп аталган системаны түзгөн. Бул кадам долларга болгон дүйнөлүк суроо-талапты сактап, аны эл аралык эсептешүүлөрдүн негизги валютасы катары чыңдаган.
Бирок бул макам басымдардан корголгон эмес. Өкмөттүк чыгымдардын олуттуу көбөйүшү жана мамлекеттик карыздын инфляциясы 2024-жылы 34 триллион доллардан ашканы азыркы моделдин туруктуулугуна болгон ишенимди солгундатып жатат. Айрым булактар билдиргендей, мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдөн да ашып түшкөн. Мисалы, АКШ Каржы министрлигинин маалымат базасына ылайык, 2024-жылы орточо ИДӨ 28,83 трлн долларды түзсө, жалпы карыз 35,46 трлн долларга жеткен, башкача айтканда, карыздын улуттук кирешеге катышы 123% тегерегинде болгон.
Дүйнөлүк каржы тутуму долларга өтө көз каранды экенин бир нече жолу көрсөттү. Мисалы, 2008-жылкы глобалдык каржылык кризис базарлардын алсыздыгын ачып, Федералдык резерв системасын Европадагы жана Азиядагы борбордук банктар менен валюталык своп линияларын (Swap Lines) иштетүүгө мажбур кылган. Бул эл аралык банк системасынын кыйрашын токтотуу үчүн шашылыш доллар ликвиддүүлүгүн камсыз кылган (ФРС, 2009). Ушул эле көрүнүш 2020-жылы COVID-19 пандемиясы учурунда да кайталанып, ФРС дүйнө жүзүндөгү 14төн ашык борбордук банк аркылуу ликвиддүүлүк берүү механизмин кайра иштеткен (Эл аралык валюта фонду, 2020).
Бүгүн АКШ акча тутумунун туруктуулугун күчөтүү үчүн үч негизги багыт боюнча аракеттенүүдө:
- Валюталык своп линиялары: Алар эл аралык акча-кредит саясатынын стратегиялык куралына айланып, америкалык экономиканы гана эмес, дүйнөлүк доллардын колдонулушунун акыркы булагы катары доллардын ролун да сактоого кызмат кылууда.
- Соода өнөктөштөрүн улуттук валюталар менен эсептешүүгө үндөө: Бул ыкма долларга болгон түз суроо-талапты бир аз азайткан менен, Вашингтондун көзөмөлүндө калууда жана доллардын чыныгы макамын олуттуу түрдө коркунучка салбайт. Анткени 2023-жылга чейин дүйнөлүк валюталык резервдердин 58%ы дагы эле доллар түрүндө сакталган [IMF COFER, 2023].
- Санарип долларды (CBDC) өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер:
Кытай “санарип юаньды” ишке киргизүүдө, ал эми Европа Биримдиги “санарип еврону” сыноодо ылдам илгерилеп жатат. Мындан улам, АКШ өзүнүн артта калышы менен байланышкан тобокелдиктерди этибарга албай коё албайт. Федералдык резерв системасы дүйнөлүк санарип экономикасында америкалык үстөмдүктү сактап калуу максатында «санарип долларды» чыгаруу мүмкүнчүлүгүн буга чейин эле изилдеп жатат (Федералдык резерв кеңеши, 2022).
Негизги альтернатива:
Айрым ойчулдар жана экономисттер финансы кризистеринин кайталанышы менен доллардын кагаз түрүндөгү наркына болгон ишенимдин төмөндөшүнөн чыгуунун чыныгы жолу — эл аралык деңгээлде алтын жана күмүш стандартына кайтуу, валюталарды ушул өлчөмгө кайра байлоо экенин белгилешет. Тарыхтын узак мезгилинде бул система валюталардын салыштырмалуу туруктуулугун камсыздап, инфляцияны — каржылык кризистердин жана кыйроолордун эң башкы себептеринин бирин — чектеп турган. 1970-жылдардан кийинки алтын жана күмүш стандартынын жоктугу акчаны чексиз басып чыгарууга эшик ачып, дүйнөлүк экономиканы үзгүлтүксүз рецессия жана каржылык жарылууларга көбүрөөк дуушар кылды.
Бул өзгөрүүлөр Вашингтон доллардын үстөмдүгү тагдырдын өзү эмес экенин, тескерисинче, геосаясий жана технологиялык өзгөрүүлөргө жараша аны тынымсыз кайра жаратуу зарыл экенин түшүнүп жатканын көрсөтөт. Брикс өлкөлөрүнүн жергиликтүү валюталар менен соода келишимдери же Кытайдын юанын кеңири колдонуу сыяктуу эл аралык демилгелерге карабастан, дүйнөлүк каржы тутуму азыркы учурда доллардын тереңдиги, колдонулушу жана институттук ишенимине тең келе ала турган альтернативага ээ эмес.
Устаз Абу Умар Самир Дахша
Роя гезити




