АКШ «саясий тамак бышканга чейин» Судан боюнча төрт тараптуу жолугушууну жылдырды

АКШ «саясий тамак бышканга чейин» Судан боюнча төрт тараптуу жолугушууну жылдырды
АКШ президенти Трамп Судан маселесин өзүнүн кеңешчиси Мусад Булуска тапшырган. Ал Трамптын шайлоо өнөктүгүндө араб колдоочуларын тартууда чоң рол аткарган. О.э жокко чыгарылган Вашингтон конференциясын уюштурган адам.
АКШ мамлекеттик катчысы Марко Рубио Сауд Арабиясы, Египет жана БАЭнин Тышкы иштер министрлери менен чогуу 30-июлда өткөрүшү керек болгон Судан боюнча төрт тараптуу комитет жыйыны жокко чыгарылганын жарыяланды. Анын себеби жана жаңы датасы айтылган жок. Бул чечим саясатчылар менен байкоочулар арасында суроолорду жаратты.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүнө ылайык, бул конференциянын максаты — жаңжалдашкан тараптардын ортосунда толук кандуу саясий диалог баштоо, тышкы кийлигишүүлөрдү токтотуу, Судандын биримдиги менен эгемендүүлүгүн бекемдөө, ошондой эле душмандык аракеттерди токтотууга чакырган жана «гуманитардык» деп аталган жардамдарга жетүүнү кеңейтүү боюнча демилгелерди көтөргөн биргелешкен билдирүү чыгаруу эле.
Судан окуяларын байкаган киши АКШ бардык кырдаалды өз колунда кармап турганын көрөт. АКШ өзүнүн эки агенти Бурхан менен Хамидтинин ортосундагы согушту тутантты, максаты Европанын, айрыкча Британиянын таасирин сүрүп чыгаруу. АКШнын өзү жаңжалды бүтүрүү үчүн Жидда платформасын түзүп, чечимди өз колуна алды. АКШнын өзү согушту узартууну уюштурду. АКШнын өзү элди алдоо үчүн Швейцария платформасын түздү. Анан Британияны четтеткен «төрт тараптуу жыйынды» түздү да, аны эки жолу жылдырды. Булардын баары Судандагы кырдаалды АКШ өзү каалагандай калчап жапканын көрсөтөт.
«Франс пресс» агенттигинин маалыматына караганда, төрт тараптуу жыйын Египет (АКШнын куралы) менен БАЭ (Британиянын куралы) ортосундагы келишпестиктен улам жылдырылган. Себеби БАЭ акыркы билдирүүгө армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүн (RSF) өлкөнүн саясий жараянын аныктоодон четтетүүнү талап кылган пункт кошууну сунуш кылган. Бул АКШга жаккан жок. Ошондуктан АКШ өзүнүн эки агенти — Бурхан менен Хамидтинин ортосунда согуш тутантып, ар биринин көзөмөл аймагындагы таасирин бекемдөөгө киришти. Натыйжада бир эле өлкөдө, бир убакта эки өкмөт пайда болду!
Биринчиден, Эгемендүүлүк кеңешинде эки төрага бар, Бурхан жана Хамидти.
Экинчиден, Эгемендүүлүк кеңешинде эки орун басар бар, Малик Акар (Бурхандын орун басары) жана аль-Хилу (Хамидтинин орун басары).
Үчүнчүдөн, Эки премьер-министр бар, Камил Идрис (Бурхандын өкмөтүндө) жана аль-Таяиши (Хамидтинин өкмөтүндө).
Төртүнчүдөн, Эки өкмөттүн тең төрагалары тарабынан дайындалган облус губернаторлору бар.
Ошондой эле министрлер да бар. Алардын айрымдары эки өкмөттө тең дайындалган, айрымдары болсо күтүп турат…
Ушунун баары Суданды бөлүп-жарууну иш жүзүндө баштоо эмеспи?!
Жалпысынан АКШ судандыктарды качып кутулууга эч мүмкүн болбогон бир вакыйлыкка т.а. өзүнүн эки агентинин бар экенин таанып, андан кийин аларды АКШнын колдоосу менен отургузуп, Суданды бөлүштүрүүгө алып келүүнү каалайт. Бул Суданды АКШнын таасирине толук өткөрүп берүү үчүн эки адам өз ара бул жакты башкаруу талашында жасалма, ыплас жана маанисиз согушту тутантып, «торпок союп этин бөлүштүргөн» абалга келтирди.
Башка куралчан кыймылдарга келсек, алар эки өкмөттүн түзүлүшүндө өз күчү менен таасирине жараша болгону сөөктүн калдыгындай «үлүш» алышат. Мисалы, Суданды боштондукка чыгаруу кыймылынын төрагасы Мени Арко Менауи: «Биз эл аралык коомчулук жана саясий күчтөр менен, эгер акылга сыярлык бир көз караш тапсак, Ыкчам колдоо күчтөрү менен да байланышта болобуз» — деп билдирди («Аль-Жазира», 30.07.2025).
Судан маселеси боюнча төрт тараптуу жыйын да, башка конференциялардай эле, АКШ өлкөнү толук өзү башкарганга чейин же анын таасири толук үстөмдүк кылганга чейин жылдырылды.
АКШ дүйнөдөгү биринчи держава катары дүйнөдөгү бардык көйгөйлөргө чоң таасирин тийгизет. Ал чыңалган аймактарда чыңалуу очокторун тутантып, кризистерди жаратып, маселелерди козгоп, чыңалууну пайда кылат, анан ошол кризистерди өзү башкарып, аларга «чечим» издеп чыгат. Мунун баары анын дүйнөгө үстөмдүк кылуу стратегиясынын бир бөлүгү.
Мусулмандардын колонизатор каапырлардын кызыкчылыгы үчүн бири-бири менен согушуулары өтө кайгылуу нерсе. Бул душмандардан чечим күтүп отуруу куру кыял. Ислам өлкөлөрүнүн маселесин Исламдан башка нерсеге байлоо саясий өзүн-өзү өлтүрүү. Көйгөйлөрүбүздү чечүүдө Исламга гана таянсак, чечим биздин колубузда болот. Улуттук мамлекеттерде мындай болбойт, анткени алар кожоюндарына баш ийген «кызматчы» мамлекеттер.
Ислам акыйдасын жашоонун негизине айлантуу гана мусулмандарды каапырлардын кийлигишүүсүнөн куткарат. Бул болсо Пайгамбарлык жолундагы рашид Халифалык аркылуу гана ишке ашат.
Устаз Ибрахим Мухаммад (мушриф)
Роя гезити