Роя гезити

Алдоочу келишимдер!

Алдоочу келишимдер!

2025-жылдын 28–30-июлунда Нью-Йорк шаарында Сауд Арабия жана Франциянын биргелешкен төрагалыгы менен эл аралык конференция болуп өттү.  Конференцияда Палестина маселесин тынчтык жолу менен чечүү жана «эки мамлекет» чечимин ишке ашыруу боюнча «Нью-Йорк декларациясы» аттуу акыркы билдирүү жарыяланды. Ошондой эле конференцияда Палестина маселесин чечүү үчүн «так кадамдарды», «мөөнөттөрү белгиленген жана кайтарылгыс» чараларды кабыл алуу жөнүндө макулдашуу тууралуу сөздөр айтылган.

Сауд Арабиясынын Франция менен кошо төрагалык кылуусунан тышкары, конференцияга Араб Лигасы, Египет, Иордания, Катар, Түркия, Индонезия, Сенегал, Улуу Британия, Европа Биримдиги жана башка мамлекеттер да катышты.

«Нью-Йорк декларациясын» маани бербестен көз жүгүртүп өтсө, бул конференция, сыртынан караганда Газадагы ачарчылыкты токтотуу, согушту аяктоо жана Палестина мамлекетин таануу сыяктуу максаттарга арналгандай көрүнөт. А чындыгында таптакыр тескери мааниге ээ экени билинет. Декларация ишке ашырылса, оккупациялык согуш машинеси, геноцид жана ачарчылык менен жетише албаган максаттарына жетүүгө жол ачканы жана жетпеген максаттарга карай багытты белгилеп бергени маалым болот. Мунун баардыгы жөөт режимине ылайыктуу болуп түзүлгөн абалды жаратуу жана анын бардык кылган иштерин мыйзамдаштырууга каралган аракеттер.

Израилге коюлган талаптарга келгенде «чакырдык», «колдодук», «үмүт кылабыз» деген жумшак сөздөр колдонулган. Палестиналыктарга келгенде болсо «милдеттүү», «иштеши керек», «биз милдеттенебиз» деген катуу формулировкалар колдонулган.

Декларациядагы бардык пункттарды карап чыгууга мүмкүн болбогондуктан, айрымдарын гана мисал катары келтиребиз.

Конференциянын алкагында төмөнкү шарттар белгилүү болду:

  • Желдеттер, баш кесерлер эркиндик жагынан, жапа чеккен мазлумдар менен тең кылынды. 60 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган геноцидге карабастан, дүйнө Газанын көп бөлүгүн жашоого жараксыз кылган кыйроолорго күбө болсо да, массалык көчүрүүлөргө жана ачарчылыка карабастан мазлум менен залым тең кылып коюлду.
  • Каршылык көрсөтүп жаткан күчтөргө куралын тапшыруу милдеттендирилди. «Эл аралык коргоону камсыздоо» деген шылтоо менен келечектеги Палестина мамлекети “эки мамлекет” чечимине баш ийген абалда, толук куралсыз болушу керектиги белгиленди.
  • ХАМАС бардык туткундарды жана согушта өлтүрүлгөн баскынчы жоокерлердин сөөктөрүн кайтарууга милдеттендирилди. Бирок ошол эле учурда, Израил бардык палестиналык туткундарды бошотууга милдеттендирилген жок. Болгону ал маселе туткун алмашуу иштерине байланыштырылып коюлду.
  • ХАМАС Газадагы башкарууну толугу менен Палестина администрациясына өткөрүп берүүгө жана бул процесс эл аралык көзөмөлдө жүргүзүлүшүнө милдеттендирилди. Ошондой эле убактылуу эл аралык миссияны киргизүү колдоого алынды.
  • Палестина мамлекетинин түзүлүүсү “Израилдин” көзөмөлү менен биргеликте интеграциялануусуна келишилди. Алардын ортосундагы коопсуздуктун, нормалдашуусуна жана бирге “тынч жашоо” кечирилишине басым кылынды.
  • «Терроризм» жана «шыкакчылык» менен күрөшүү, ошондой эле «тынчтык маданиятын» жайылтуу боюнча чараларды көрүү милдеттерин билдиришти. Анын ичинде палестиналык окуу китептерин кайрадан жаңыртуу да бар.
  • Бардык жамааттар «зордук-зомбулуктан» баш тартып, сунушталган чечимди четке каккандарга каршы катаал чара көрүлүүсү милдет экендигин белгилешти.
  • Палестинанын коопсуздугун кепилдей турган күчтөрдү эл аралык жана аймактык өнөктөштөр каржылоосу, окутуусу жана көзөмөлдөөсү макулдашылды.

Ушул жана башка  пункттардан маалым болгондой, бул “Израилдин” талаптары.

Бул талаптар ХАМАСтын багынуусуна, курал тапшыруусуна, Газадагы бийликтен кетүүсүнө каратылган. Бул тууралуу Трамп жана анын администрациясы эскерип өтүшкөн.

Демек, Нетаньяху согуш менен жетише албаган максаттар эми эл аралык конференция аркылуу, Палестина администрациясынын жана эл аралык өнөктөштөрдүн күчү менен ишке ашырылмакчы. Эскерилген максаттардын ичинде каршылык көрсөтүүчүлөрдү басуудан тышкары «экстремизм» менен күрөшүү да бар. Анткени «деңизден дарыяга чейин бүтүндөй Палестинаны бошотуу»  урааны «экстремизм» болуп эсептелинет. Шариат мыйзамдары менен жашоо талабы «экстремизм». Палестина жери — ислам жери экенин айтуу да «экстремизм»  деп саналат.

Ал эми, Палестина үчүн мусулмандарды өз милдетин аткарууга чакыруу, Мусулман армияларын аракетке чакыруу, жихадды жана коргоочу мужахиддерди мактоо, «тынчтык келишимдерин» четке кагууга, “шыкакчылыкка” кирет.

Демек, «тынчтык келишиминин» натыйжасында Газада бийликке келгендер мужахиддер менен күрөшүп гана тим болбостон, «шыкакчылык» же «экстремизм» деп аталган бардык чакырыктарды да басууга милдеттүү болот. Исламды Батышка каршы турган система жана цивилизация катары ураандарды көтөрүп чыгуу да «экстремизм». Палестина же башка маселелер боюнча ислам мыйзамдарына ылайык аракет кылууга чакыруу —  мунун баардыгы «экстремизм» болду.

Мындан тышкары, декларацияда палестиналык аракеттер америкалыктардын, европалыктардын жана эл аралык түзүмдөрдүн көзөмөлүндө болору айтылат.  Бул  ошол эле генерал Дайтондун доорунда «жаңы палестиналыктарды» өз элине каршы согушуу үчүн окутуп машыктырган күчтөр. Керек болсо лагерлерди басып кирүүгө жана жөөттөрдүн коопсуздугун камсыздоого даяр турушат. Конференциянын планы боюнча, алар “Жөөт түзүмүнө” каршы курал көтөргөндөй көрүнгөн ар бир адамга душман болгон күчтү даярдап чыгарышат. . Натыйжада,  «кой» мүнөздөгү, аны жеп кое турган карышкырдын алдында турса да, «тынчтыкка жана чогуу жашоого ишенген»  палестиналыктар пайда болушу зарыл.

Акыры, бул шарттар жана талаптар, конференция же башка жол менен ишке ашса, Палестина администрациясы өзүнүн тарыхы көрсөткөндөй, аларды “Израил”, АКШ, эл аралык система жана араб режимдеринен да ыктыярдуу аткарат.

Анын каршысында, Жөөт баскынчы мамлекети  бир нерсе кылууга милдеттендириле турган эч кандай кепилдиксиз, шарттарсыз же олуттуу эл аралык кадамсыз абалда болот. Демек, “Израилге” карата баардыгы мурдагы бойдон калат. “Израил” Палестина администрациясына эч нерсе тартуулабайт, айрыкча көз карандысыз мамлекет болуусуна да жол бербейт.

Жыйынтыктап айтканда: Газанын тургундарына «мээримдүүлүк кылуу» деген мазмунда болуп өткөн конференция “Израил” согуш менен жетише албаган «жеңишти» камсыз кылуу, анын коопсуздугун жана аймакка интеграциясын бекемдөөчү аракеттердин бири. Палестиналык боордошторубуз, бул жыйындын натыйжасында, зордукчулук, депортация жана блокададан башка эч кандай пайда алышпайт. Бул конференциянын механизми жөнөкөй: палестиналыктар аткарышы керек болгон нерсе дароо жана милдеттүү аткарылат. Ал эми Израилден күтүлгөн шарттар жаңы сүйлөшүүлөргө калтырылат. Ошентип, баскынчы режим өзүнүн максатына жетүү үчүн бардык рычагдарын сактап калат.

Устаз Амир Абу Риш – Берекелүү  Палестина жеринен

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button