Америка менен Венесуэланын кризиси

Америка менен Венесуэланын кризиси
АКШ өкмөтүнүн Венесуэлага болгон кызыгуусу бул өлкөдө мунайдын ири көлөмдө табылышы учуруна т.а. ХХ кылымдын баш чендерине барып такалат. Ушундан тартып америкалык энергетикалык компаниялар ондогон жылдар бою өлкөнүн мунайы үстүнөн үстөмдүк кылып келишкен. Бирок Венесуэла өкмөтү 1976-жылы мунай тармагын мамлекеттештирген.
Венесуэла экономикалык оор кыйроого жана саясий туруксуздукка дуушар болуп келди. Акыры 1998-жылы бийликке Уго Чавес келип, өлкө Россия, Кытай жана Иранга жакындашып, солчул социалисттик саясатты жүргүздү. Ал 2013-жылы каза болгондон кийин аны Николас Мадуро алмаштырды. Мадуро да Чавестин социалисттик багытын улантып, натыйжада экономиканын абалы мындан ары да начарлап, Венесуэланын обочолонуусу күчөдү. АКШ ага каршы көптөгөн санкцияларды киргизип, президенттик шайлоолорунун мыйзамдуулугун таануудан баш тартты. 2020-жылы АКШнын Адилет министрлиги президент Мадурону баңгизат соодасы жана аны Америкага ташуу менен айыптады.
Венесуэла дүйнөдөгү эң бай жаратылыш ресурстарына ээ өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Ал дүйнөдө мунай запастары боюнча биринчи орунда турат. Анда 300 миллиард баррелден ашык далилденген запасы бар. Ошондой эле 195 триллион куб футтан ашык көлөмдөгү табигый газ менен дүйнөдө төртүнчү ири газ запасына ээ.
Акыркы айларда АКШ Венесуэлага каршы баңгизат соодасына каршы күрөш деген шылтоо менен чыңалууну күчөттү. Өткөн жылы 9-августта АКШ Венесуэла жээктеринин алдында үч эсминец (аскерий кыйратуучу кеме) жайгаштырды. Андан соң 2-сентябрда Венесуэладан келип жатат деп доомат койгон баңгизат ташуучу кемеге биринчи жолу абадан сокку уруу операциясын жүргүздү. 3-октябрда болсо АКШнын Согуш министри ошол эле жээк аймагында баңгизат ташып бараткан кайыкка сокку урууга буйрук бергенин билдирди. Ал эми Трамп өз кезегинде Борбордук чалгындоо башкармалыгына (CIA) Венесуэла ичинде “жашыруун операцияларды” жүргүзүүгө уруксат бергенин айтты. Жалпысынан АКШ бийлиги акыркы апталарда 15 чабуулду өз мойнуна алды. Маалыматтарга ылайык бул чабуулдарда 62 адам набыт болгон.
Америкалык New York Times гезити айрым жооптуу адамдар купуя түрдө мындай деп билдиришкенин жазды: Бул аракеттердин баарынын артындагы негизги максат Венесуэланын президенти Николас Мадурону кулатуу. Ал эми расмий түрдө АКШ өз операциялары баңгизат менен алектенген латын америкалык «террордук бандаларды» аңдууга багытталган деп гана айтып келүүдө. Бул бандалар АКШ чек арасын көздөй багыт алышы ыктымал деп айтылууда.
Көрүнүп тургандай, Трамп башында турган Америка Венесуэланын абдан чоң табигый байлыктарына — өзгөчө мунай, табигый газ, алтын жана сейрек кездешүүчү металлдарга — көзөмөл орнотууну көздөөдө. Муну ого бетер курчуткан жагдай, Венесуэланын Кытай жана Россия менен соода алакаларын бекемдөөсү. 2024-жылы Кытай менен Венесуэланын ортосундагы соода байланыш 6,5 миллиард долларга жеткен жана бул көрсөткүч өсүп жатат. Бул болсо АКШнын кысымын күчөтүп, жакындашууга бөгөт коюуну андан ары күчөтөт. Анткени Венесуэла жана Латын Америкасынын башка өлкөлөрү АКШнын түшүнүгүндө анын «артыкчылыктуу арткы короосу» болуп эсептелет жана алардын байлыктары АКШга таандык деген көз караш бар. Аларга башка мамлекеттердин жакындашы АКШ үчүн «кызыл сызык» болуп саналат. Мындай абал 1989-жылы Панаманы басып кирип, анын президенти Нориеганы баңгизат соодасы боюнча айыптап кармап кеткени жана өлкөдөгү түзүмдү өз кызыкчылыгына ылайык өзгөрткөнү сыяктуу АКШнын согуш отун тутантат.
Бүгүн АКШ саясатчыларынын Венесуэладагы аскерий операция тууралуу ар кыл жана бири-бирине дал келбеген билдирүүлөрү бизге Венесуэладагы түзүмдү үч сценарийдин бири аркылуу алмаштырууга даярданып жатышканын көрсөтөт:
Биринчи сценарий: Армия жетекчилиги менен же жарандык жетекчилер тарабынан же экөөнүн кызматташуусу менен ички козголоңдун чыгышы. Мында Вашингтон логистикалык жана чалгындык колдоону, керек болсо Кариб деңизинде турган күчтөрү аркылуу түз аскерий жардамды бериши мүмкүн. Бирок бул сценарийдин ишке ашышы күмөндүү. Анткени оппозициянын өз ара бөлүнүшү жана алсыздыгы, мындан тышкары Венесуэла өкмөтүнүн коопсуздук жана чалгын түзүмдөрүнүн күчтүүлүгү бул ишти кыйындатат.
Экинчи сценарий: Венесуэланын аскерий объекттерине интенсивдүү соккуларды камтыган түз жана кыйратуучу масштабдагы аскерий чабуул. Мында атайын багыттагы бөлүктөргө президент Мадурону кармоо жана сотко тартуу тапшырылышы мүмкүн. Ошол эле убакта, жакында эле оппозиция лидерлеринин күчү артканын эске алуу менен, АКШ өзүнүн кызматкерлеринин, айрыкча Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты болгон венесуэлалык оппозиция лидери Мачадого эл аралык коомчулуктун колдоосу күчөгөн шартта саясий сахнага алып чыгуу үчүн жагдайларды даярдайт. Батыш жана өзгөчө америкалык медиа ушул багытты колдоп келет. Бул көз карашка ылайык, аскерий сокку режимдин ички түзүмүндө бөлүнүүнү жаратышы же айрым аскерлердин нааразылыгын күчөтүшү мүмкүн, натыйжада алар начарлап бара жаткан режимден өздөрүн алыс кармоого өтүшөт.
Үчүнчү сценарий: Саясий басым көрсөтүү. Бул сценарий боюнча Трамп бир катар деңиз чабуулдарынан кийин өзүн «жеңишке жеттим» деп жарыялап, андан соң дипломатиялык каналдарга кайтып, Венесуэланы энергетика, миграция, региондук коопсуздук, экономикалык кызматташуу жана өлкөнүн ресурстарын көзөмөлдөө сыяктуу тармактарда моюн суңдурат. Андан кийин өлкөдө АКШга ылайыктуу оппозиция бийликке келиши мүмкүн болгон шайлоо процеси башталат. Көрүнүп тургандай, ушул сценарий ишке ашууга эң жакын. Анткени Трамптын табияты «соодагер» мүнөзүндө болуп, өзүн тынчтыктын жактоочусу катары көрсөтүүгө жана Нобел тынчтык сыйлыгын алууга умтулат.
Бул багытты тастыктаган жагдай, Трамптын 30-октябрдагы сөзү. Президенттик учакта журналист ага «Венесуэлага сокку уруу ниетиңиз барбы?» деп сураганда, ал: «Жок» деп жооп берген. Мындан тышкары, Мадуронун өзү курчоону токтотуу үчүн мунай ресурстарын өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген, бирок Трамп бул сунушту четке каккан. Бул болсо Венесуэла АКШнын түздөн-түз кийлигишүүсүнөн коркуп, кризисти сүйлөшүү жолу менен чечүүгө артыкчылык берип жатканын көрсөтөт.
Бул кризисте жана АКШ кийинчерээк жараткан Канада маселеси, Гренландияны сатып алуу аракети же Газаны көзөмөлгө алуу сыяктуу башка окуяларда да байкалган нерсе, АКШ мурда болуп көрбөгөндөй текеберлик жана зомбулук менен аракеттенүүдө. Бул күчтүүлүктүн белгиси эмес, тескерисинче, анын алсыроосунун жана ийгиликсиздигинин белгиси. Француз ойчулу Эммануэль Тодд «Империядан кийинки доор» аттуу китебинде муну мындайча сүрөттөгөн: «Америка ашкере күч колдонуу аркылуу өзүнүн күчүн көрсөтүү үчүн эмес, алсыздыгын жашырууга аракет кылууда».
Аллах таала мындай деген:
﴿وَمَا كُنَّا مُهْلِكِي الْقُرَىٰ إِلَّا وَأَهْلُهَا ظَالِمُونَ﴾
“Биз кыштак – шаарларды жалаң алардын калкы заалим, каапыр болгондо гана жок кылуучубуз” (Касас: 59).
Устаз Халид Али – Америка
Роя гезити




