Роя гезити

Америка Сириядан эмне күтөт?

Америка Сириядан эмне күтөт?

Шам революциясы 2011-жылдын март айынын башында тутангандан тартып, Асаддын бийлиги кулаган 2024-жылдын 8-декабрына чейин Америка Сирияга карата өз максаттарын ачык көрсөтүп келди. Ал максаттар революциянын башка мамлекеттерге жайылуусуна жол бербөө жана сириялык режимдин кулашына бөгөт коюп, ага бир аз сырткы кооздук берүү эле. Бүгүнкү күнгө чейин бул максаттар өзгөргөн жок, ыкмалар менен васиталар гана өзгөрдү. Алар да негизинен ошол эле  максаттарга кызмат кылуу үчүн түзүлгөн. Эгер өз ролун жоготсо, аларды алмаштыруу зарыл эле. Ал эми Американын Сириядагы таасири боюнча талаш болбогон, анткени эл аралык тирешүү жок болуп, баары америкалык сызыкка баш ийген. Башкалардын аракеттери болсо чынында атаандашуу эмес, болгону жаңылоо жана ызы-чуу чыгаруу болгон. Россия жана башкалар да Америка стратегиясын ишке ашыруучу курал жана картадан башка эч нерсе болгон эмес.

Америка менен мамиле башталаары менен Европа Биримдиги Сирияга каршы киргизилген санкцияларын алып салды. Мунун ичинде каржы жана энергетика тармактарындагы чектөөлөрдү жоюу, Сириянын Борбордук банкын санкциялар тизмесинен чыгаруу да бар. Ал эми Россияда тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин Россиянын Сирия өкмөтү менен Сириядагы орус аскерий базаларынын абалы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантаарын билдирди. Яхудий түзүмүнүн тышкы иштер министри Гидон Саар болсо Шара менен Трамптын жолугушуусунан кийин, Тель-Авив жаңы сириялык режим менен жакшы мамиле түзгүсү келерин айтты. Бул болсо Трампка оң белги болуп, оккупациянын Сирия менен анын колдоосунда келишим түзүүгө даяр экенин билдириши мүмкүн эле. Башка тараптан Барак оккупация менен Сириянын ортосунда «кол салбоо келишимин» түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштады.

Чыныгы күрөш болсо үммөт менен бүтүндөй Батыштын, анын ичинде Америка баш болгон күчтөрдүн ортосунда болду. Конгресс Асад режимине каршы күрөшкөн сириялык жоокерлерди колдоо үчүн миллиондогон долларларды бөлүп берди. Ал Түндүк менен Түштүктө өзүнө тиешелүү эки бөлүм ачып, козголоңчулардын кыймылын өзүнө байлап алды жана бул үчүн көптөгөн мамлекеттерди, уюмдарды жана адамдарды колдонду.

Сирия Батыш Азиянын Жер Ортолук деңизине чыгуудагы негизги дарбаза болуп эсептелет. Ал Перс булуңу менен Европаны кургактык жана деңиз аркылуу байланыштырган көпүрө болуп, энергияны Перс булуңу жана Иран аймагынан Европага ташып өткөрүүчү эшик болуп саналат. Сириянын табияты түз болуп, тоо сыяктуу табигый тоскоолдуктардын дээрлик жоктугу мунай жана газ түтүк линияларын курууну Түркияга караганда жеңил жана арзан кылат. Түркия болсо өзүнүн тоолуу табиятынан улам чыгымдуу болсо да Европага энергия ташуунун борбору болууга умтулууда. Ошондуктан Сирия Ортоңку Чыгыштагы (Иран жана Перс булуңу аймагы) энергия булактары үчүн Европага карай өткөөл жана табигый жол болуп саналат.

Сириянын маанилүү жаратылыш газ кендери бар. Ошондой эле бул аймак тарыхый жана колониялык мааниге ээ, себеби анын ислам тарыхындагы орду жана Европага болгон байланышы бар. Мындан тышкары, Куран жана хадистерде Шам жергесинин артыкчылыгы жана өзгөрүүдө ойной турган ролу тууралуу кабарлар айтылган. Ошондуктан Батыш өлкөлөрү бүтүндөй Шам аймагына башка ислам өлкөлөрүнө салыштырмалуу өзгөчө жана айырмаланган көз караш менен карашат. Бардык мусулман өлкөлөрү бир эле мабданы алып жүргөнү менен, Шам аймагы айрым өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат.

Ушул себептерден улам АКШ сириялык революцияга өзгөчө көңүл бурду. Айрыкча, Сирия революциясы Араб жазындагы башка көтөрүлүштөрдөн таптакыр айырмаланып, Расулуллах ﷺдын желегин көтөрүп, исламды колдонууга чакырды жана исламий идеяларды алып жүргөн кыймылдарды пайда кылды. Бул чакырыкка жооп кылып, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан мусулмандар Шам революциясына жардам берүүгө шашылышты.

Башар кулагандан кийин Америка режимди сактап калууну каалады, башы түшсө да системасы ордунда калуусу үчүн аракеттенди. Бул милдетти Түркияга жүктөдү. Анткени буга чейин эле ага Сирияда чоң рол берген эле. Акыры маселе Түркиянын Америка өзүнө душман деп эсептеген, ал тургай эл аралык сот өкүмдөрү чыккан айрым адамдарды тандоосуна жетти. Бирок көрүнүп тургандай, Түркиянын даярдыгы илгертен эле жүрүп келген. Анын Жулани менен мамилеси эски болуп, алардын ортосундагы байланышты, аскерий жардамды жана революциядан кийинки түрк колдоосун эч ким жашыра албайт. Түркиянын ролу баарына маалым.

Башар кулагандан кийин кырдаал өзгөрүп, окуялар ыкчамдап, Сирияда өтө көп айырмачылыктар пайда болду. Бул ички маселелерде да, тышкы иштерде да байкалды. Натыйжада көз караштар да, пландар да бөлүндү: бир жагында революциячыл калктын талаптары, экинчи жагында таасир ээси болгон Америка, дагы бир жаңы оюнчу катары яхудий түзүмү. Бирок акыркы чечим сөзү Американын колунда калды. Америка эмнени каалайт?

Америка жаңы башкаруучу администрацияга көптөгөн талаптарды койду. Алардын айрымдары ички иштерге, айрымдары тышкы саясатка тиешелүү болду. Ички маселелер боюнча талаптар:

– Ислам маселеси, конституция, жарандык түзүлүш.

– Улуттук азчылыктардын бийликтеги жана башкаруудагы ролу, алардын Дамаск менен болгон мамилеси.

– Башкаруу формасы, федералдык түзүлүш маселеси.

– Армиянын түзүлүшү, козголоңчуларды интеграциялоо, куралды көзөмөлдөө жана аны мамлекеттин колуна топтоо.

– Чет элдик жоокерлер маселеси: айрымдарын чыгаруу, айрымдарын сүрүп чыгуу, палестиналык жоокерлерди сүргүнгө айдоо. Коргоо министрлиги «жаңы түзүлгөн 84-бөлүккө 3500 чет элдик жоокерди кошуу» тууралуу жарыя кылды.

– Америка өз позициясын өзгөрттү: анын өкүлү Барак «чет элдик жоокерлерди таптакыр четке кагуу эмес, мамлекеттин канаты астында кармоо жакшыраак болот, антпесе алар жихадчыл топторго кошулуп кетиши мүмкүн» деп билдирди.

Экономика жана инвестициялар боюнча талаптар:

– Менчиктештирүү жана инвестиция тартуу, айрыкча америкалык компаниялардын ролу, өзгөчө мунай жана газ тармагында.

– 2024-жылдын 29-майында сириялык өкмөт энергетика тармагында 7 миллиард долларлык келишимге кол койду. Бул келишимге эл аралык компаниялар катышты, алардын ичинде катарлык UCC Holding, Power International, Urbacon Holding, түрк компаниялары Kalyon GES Enerji Yatırımları жана Cengiz Enerji бар.

Ал эми тышкы талаптарга келсек, анда Американын шарттарынын ичинде яхудий түзүмү менен нормалдашуу, ага каршы коркунуч жаратпоо жана «Абрахам келишимдери» менен шайкеш жүрүү маселеси турат. «Жаңы Сириядан Америка эмне каалайт?» деген аталыштагы «Аль-Жазиранын» макаласында мындай деп жазылган:

«Бирок Трамп менен Шаранын жолугушуусу Трамптын Сирияга карата жасаган жалгыз кадамы эмес болчу. АКШ президенти Сирияга каршы киргизилген санкцияларды акырындык менен жоюу ниетин жарыялады. Трамп бул санкцияларды “жырткычтык” жана “тоскоолдук кылуучу” деп атап, Сириянын кайрадан “көтөрүлүшүнүн убактысы келди” деп билдирди. Бул жарыя Сирияны дүйнөлүк каржы системасынан толук бөлүп койгон он жылдан ашык катаал санкциялардан кийин айтылды. Айкын көрүнүп тургандай, Вашингтон жаңы сириялык өкмөт менен мамиледе жаңы ыкманы тандап алды. Буга ылайык, мурдагы изоляция жана жазалоо саясатынын ордуна шарттуу катышуу жана этият колдоо саясатына өттү. Америкалык расмийлер, эгерде Дамасктагы убактылуу бийлик саясий чечимге баш ийип, эл аралык талаптарды эске алса, алар менен иштөөгө даяр экенин билдиришти».

Бул көптөгөн жана ар түрдүү талаптардын алдында жаңы администрация АКШнын талаптарына негизинен толук шайкеш жүрүүдө. Аларга жылуу жүз көрсөтүп, макул болуп, моюн сунууда. Яхудийлер менен сүйлөшүүлөргө катышып, Сувейда маселесинде да, буга чейин чет элдик жоокерлер жана революциячыл калк боюнча да шылдыңдуу баш ийүүсүн көрсөттү.

Жыйынтыктап айтканда, Америка түзүмдү сактап калууга жетишти, болгону бир агентин башка агент менен алмаштырды. Бирок бул жаңы агент мурункусунун жасай албаганын аткаруусун күтүп турат. Эми суроо туулат: революциячылар кимдин айланасына чогулуп жатышканын аңдайбы? Алар Жуланинин жана анын артындагы күчтөрдүн Шамда «вакыйлыктын зарылдыктары» же «жөнгө салынган жеңилдиктер», «Худайбия келишими» жана башка ушундай шылтоолор менен жүргүзүп жаткан ой жүгүртүүсүнө жана адаштыруусуна көңүл бурушабы?

Устаз Абдулхаким Абдуллах

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button