Аскердик машыгуулар армияларыбызды өнүктүрүү үчүнбү же аларга душман кирип келүүсү үчүнбү?!

Аскердик машыгуулар армияларыбызды өнүктүрүү үчүнбү же аларга душман кирип келүүсү үчүнбү?!
Мусулман армиялары менен Батыш армияларынын ортосунда биргелешкен аскердик машыгуулар өткөрүлүп жатканы кадимки көрүнүшкө айланды. 2025-жылдын апрель–май айларында Мароккодогу «Африка арстаны» машыгуусу өткөрүлдү. Бул АКШ жана Марокко армияларынын ортосунда 2004-жылы башталган жыл сайын өткөрүлүүчү биргелешкен машыгуу болуп, Африка континентиндеги эң ири машыгуу иш-чаралардан болуп саналат. Быйылкысына 50дөн ашуун өлкөдөн 10 миңден ашык жоокер катышкан, алардын арасында НАТОго мүчө жети мамлекет жана яхудий түзүмү да бар эле.
2025-жылдын 31-марты менен 11-апрели аралыгында Грецияда «Иниохос» деген аба машыгуулары өткөрүлдү. Бул Грециянын Аба күчтөрү уюштурган жыл сайын өтүүчү машыгуу болуп, анын максаты катышуучу аба күчтөрүн биргелешкен аба операцияларына жана реалдуу согуш шартындагы ар түрдүү тапшырмаларды аткарууга үйрөтүү. Бул машыгууга Катар жана Бириккен Араб Эмираттары да катышып, аларга АКШ, яхудий түзүмү, Франция, Испания, Италия, Индия жана башка мамлекеттер кошулган.
Мындан тышкары, 2025-жылдын 28-августунан 10-сентябрына чейин Мисир менен АКШнын ортосунда «Жаркыраган жылдыз» аттуу машыгуу өткөрүлдү. Ал дээрлик ар эки жыл сайын уюштурулуп келет жана ага расмий же байкоочу макамында 44 мамлекет катышкан. Айрым булактарга ылайык, катышуучулардын саны 8000 жоокерге жеткен. Бул машыгуу талаа даярдыктарын, абадан түшүү, деңиз операциялары, терроризмге каршы аракеттер, медициналык куткаруу (аба эвакуациясы), портторду коргоо, жетекчилик машыгуулар жана кургактык менен аба күчтөрүнүн биргелешкен операцияларын камтыган. Мисирдин жогорку аскер жетекчилери бул машыгуулардын жүрүшүн көзөмөлдөп, талаа даярдыктарынын аткарылышын камсыз кылышкан.
Суроо туулат, мындай машыгуулардын чыныгы максаты жана күтүлгөн пайдасы эмнеде? Албетте, кандай гана машыгуу болбосун пайдалуу. Себеби армияларды машыктыруу алардын аскердик жөндөмүн жана согуштук тажрыйбасын жогорулатат. Ал эми өнүккөн армиялар менен байланышуу алардын технологиялык жана тактикалык деңгээли жөнүндө түшүнүк берет. Бирок чын эле АКШ, Британия, Франция жана яхудий түзүмү Ислам өлкөлөрү армияларынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну каалайт деп ишенсе болобу?!
Баарыбыз жакында АКШнын Шам аймагы боюнча өкүлү Том Барак ачык эле “Ливан армиясын куралдандыруунун максаты – Ливандагы Иран партиясы менен согушуу гана” экенин айтканын уктук. Ошондой эле америкалык аскердик учактар атайын шифрлер менен жабдылганы, аларды Америка уруксатысыз колдонууга болбой турганы белгилүү. Бул аба күчтөрүнө гана эмес, ракета системаларына жана башка курал түрлөрүнө да тиешелүү. Ошондой эле биз яхудий түзүмүнүн учактары Катардын борбору Дохага сокку урганда, катардык аба коргонуу системалары аларды кармай албай калганын көрдүк. Катардын премьер-министри өзү да “аба чабуулун аныктай алган жокпуз” деп мойнуна алган. Демек, акыл-эси түз эч бир адам Америка менен яхудий түзүмү араб армияларынын күчүн жана даярдыгын чыңдоого кам көрүп жатат деп ишенбейт.
Анда бул машыгуулардын чыныгы максаты эмнеде? Терең байкоо жүргүзгөн адамга эки негизги максат көрүнөт:
Биринчиси: соода максаты. Батыш өлкөлөрү бул машыгуулар аркылуу өз курал-жарактарынын күчүн жана талаадагы натыйжалуулугун көрсөтүп, жаңы келишимдерге жол ачат.
Экинчиси: кооптуу жана жашыруун максат. Ал армияларга кирүү жана байланыш орнотуу. Себеби мындай машыгуулар учурунда Батыш өлкөлөрү катышкан армиялардын ички түзүлүшүн, жетекчилик чынжырын, буйруктардын кантип берилерин, согуштук мүмкүнчүлүктөрүн, жоокерлердин даярдык деңгээлин, колдонулган техниканын сапатын, ошондой эле аскердик жана башкаруу системаларындагы алсыз жактарды так аныктап алышат.
Мындан тышкары, бул машыгуулар Батыш офицерлерине мусулман армиялардын офицерлери жана командирлери менен жакындан таанышуу, жеке байланыш түзүү, түз байланыш каналдарын орнотуу үчүн эң ылайыктуу мүмкүнчүлүк болуп саналат. Алар бул аркылуу кимди өз таасирине киргизсе болорун, кимди сатып алса же кызыктырса болорун, жана ким коркунуч жаратарын аныктап, аны четтетүү жолдорун изилдешет.
Бул машыгуулар чет элдик чалгын кызматтары үчүн баа жеткис маалымат казынасы. Алардын жардамы менен бул кызматтар биздин өлкөлөрдүн аскердик сыр бойдон катуу купуя сакталууга тийиш болгон ички иштерин терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бирок биз бул маалыматтарды аларга өтө жеңил жана үзгүлтүксүз түрдө беребиз, ошол эле учурда алар ар дайым өз маалыматтарын жаңылап турушат. А түгүл, биз бул машыгууларга өз каражаттарыбыз менен катышып, алардын каржылык жүгүн жеңилдетүүгө да көмөк көрсөтүп жатабыз!
Чындыгында, биздин өлкөлөрдүн чалгынга алынуусу чет элдик чалгын кызматтарынын чебердигинен гана эмес, тескерисинче, биз өзүбүз аларга эшиктерди кенен ачып берип жатканыбыздан, маанилүү жана стратегиялык мекемелердин купуя сырларын өз колубуз менен ачып берип, аларга алтын табакта сунуштап жаткандыгыбыздан. Алар болсо каалагандай пайдаланып жатышат. Бул болсо бизди коргой турган имамдан, калканыбыздан ажырап калгандыгыбыздын белгиси.
Расулуллах ﷺ мындай деген:
«وَإِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ، يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»
“Акыйкатта, имам – бул калкан анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат”. (Бухарий жана Муслим риваяты).
Устаз Мухаммад Абдуллах
Роя гезити




