Роя гезити

Батыштын материалдык жасалма интеллект жолу

Батыштын материалдык жасалма интеллект жолу

Батыштын жасалма интеллект иштеп чыгуудагы ашыкча аракеттери эсептөө кубатын көбөйтүүгө негизделген, бул болсо акыл тууралуу туура эмес түшүнүктү чагылдырат. Себеби аң-сезимди жөн гана эсептөөлөргө теңөө жаңылыштык. Вакыйлык болсо далилдеп турат: белгилүү бир чектен кийин эсептөө кубатындагы (FLOPs) ири өсүүлөр чоң өзгөрүүлөргө эмес, майда гана жакшыртууларга алып келет. Мисалы, “ChatGPT-4” моделин машыктыруу үчүн болжол менен 62 миң мегаватт/саат электр энергиясы жана он миллиондогон долларлык эсептөө чыгымдары талап кылынган. Бирок ошого карабастан, ал дагы деле адам мээсиндеги жалпы акылдын жөндөмүнө жете албайт. Анткени адам мээси жогорку ыңгайлашуу жөндөмүнө ээ жана болгону 20 ватттай гана энергия сарптайт.

Адамдын ой жүгүртүүсүн материалдык гана өлчөмдөргө түшүрүп, анын тирүү жана органикалык маңызынан ажыратуу — чоң жаңылыштык. Бул Батыштагы “көп компьютер жана көп энергия болсо эле адам акылын кайталап, жалпы жасалма акылга жетишсе болот” деген иллюзияны күчөттү. Мындай редукционисттик ыкма материализмге таянган Батыштын илимий мурастарынан келип чыккан. Ал болсо кубулуштар кандай пайда болоруна гана көңүл буруп, алардын түпкү суроолорун: “Эмне үчүн?” дегенди көңүл сыртында калтырат. Ошондуктан биз ошол эле кемчиликти “Чоң жарылуу”, жашоонун башталышы жана адамдын келип чыгышы тууралуу үстөмдүк кылып турган теориялардан көрөбүз. Анткени себептер жалпысынан механикалык принциптер менен, “Гоббстун” жолундагыдай түшүндүрүлөт. Бирок акыркы максат жана метафизикалык суроолор жоопсуз кала берет.

«Баштапкы (Primordial)» термини бардык нерсе келип чыккан алгачкы абалды же түпкү башатты билдирет. Космология илиминде ал «Чоң жарылуудан» кийинки ааламдын алгачкы абалына, баштапкы бөлүкчөлөр жана энергияга толгон учурга карата колдонулат. Биология илиминде болсо «баштaпкы шорпо» (первичный бульон) деген түшүнүк бар. Бул — жөнөкөй молекулалар өзүнөн-өзү жыйналып, жашоонун пайда болушуна жол ачкан деген болжолдуу теория. Ал эми адамга байланыштуу айтканда, «баштaпкы» түшүнүгү татаал адам табияты төмөнкү жандыктардан эволюция жолу менен келип чыккан деген көз карашты түшүндүрүү үчүн колдонулат. Бирок чындыгында «баштaпкы акыл» — бул адамга таандык болгон тирүү жана түпкү аң-сезим, эсепке негизделген жасалма акылдын окшоштуруусуна каршы турган нерсе.

Илим бул баштапкы көрүнүштөрдүн «кантип» болгонун сүрөттөөгө кадам шилтеди: ааламдын кеңейишин, жердин алгачкы химиялык жолдорун, мээнин нейрондук активдүүлүгүн изилдеди. Бирок ал «эмне үчүн» деген суроолорго жооп бере алган жок: эмне үчүн аалам пайда болду? Эмне үчүн жашоо башталды? Адам эмне үчүн жаралды? Акылдын маңызы жөн гана маалыматты иштетүү жана татаал үлгүлөрдү таануудан сырткары чыныгы акыйкаты эмнеде? Бул суроолор жашоонун маанисине жана метафизикага таандык байкоого да, тажрыйбага да берилбеген нерселер. Илимдин аларга жооп бере албай жаткандыгы кокустук эмес, анткени ал өзүнүн ыкмасынан келип чыгып субъективдүү жана текшерүүгө жатпаган чөйрөлөрдөн качат, б.а өзүн байкоого, өлчөөгө жана кайталоого мүмкүн болгон көрүнүштөр менен гана чектелет. Мындай ой жүгүртүү — кемчиликтүү гана эмес, жаңылышууга да алып келет, ошондуктан аны чындыкка негиз катары кабыл алууга болбойт.

Мунун бир мисалы — «баштaпкы шорпо» теориясы. Ондогон жылдар бою жүргүзүлгөн изилдөөлөр Жердин алгачкы атмосферасынын курамы туура эмес болжолдонгонун жана жашоонун биринчи элементтеринин өзүнөн-өзү калыптануусу үчүн ишенимдүү табигый механизмдин жоктугун көрсөттү. Бул маселелер илимий манхаж баштапкы башаттардын эшигине келгенде, анын чектерин ачык айкын көрсөтүп коёт.

Батыштын эсептөө кубатын көбөйтүү “чыныгы акылды” пайда кылат деген сокур ишеними — бул материалисттик илимий кемчиликтердин чагылышы гана. Бул — маалымат иштетүүнү түпкү аң-сезим менен чаташтырган элес. Натыйжада ал акылдын адамга гана таандык болгон тереңдигин, илимден да ары турган ахлакый, жашоого байланыштуу жана метафизикалык өлчөмдөрдү көз жаздымда калтырат.

Ал эми исламий көз караш бул улуу башталыштарды — Чоң жарылуу, жашоонун жаралышы, адамдын келип чыгышы, акылдын берилүүсү — Аллах Тааланын максаттуу түрдө жараткан иштеринин бири деп түшүндүрөт. Ал – адам, аалам жана тирилүүктү жараткан важибул вужуд (бар болуусу зарыл болгон) Зат. Куранда “…асмандар менен жер бирге болгондугун, а Биз аларды ажыраттык..”  деп айтылган, бул болсо Чоң жарылуу моделине шайкеш сүрөттөө, жана мунун баары жөн кокустук эместигин, тескерисинче Кудайдын белгилүү башкаруусу аркылуу болгондугун көрсөтөт. Жашоо болсо, Аллахтын буйругу менен, сууда жана элементтерде жаратылган. Адам Аллахтын каалоосу аркылуу  акыл жана аң-сезим менен сыйланган эң урматтуу макулук болуп эсептелет, ошентип ал максаттуу жашоого ээ болгондугу менен башка жаратылыштардан айырмаланат. Демек, ислам акыркы себепти Аллахка кайтарат, илимий механизмдерди сүрөттөө Кудайдын аралашуусун жокко чыгарбастыгын бекемдейт. «Эмне үчүн?» деген суроого болсо Жаратуучуга болгон аклий ыйман аркылуу тажрыйба жана сыноонун чегинен ашып өткөн жооп алат.

Жыйынтыктап айтканда: жасалма акылга көбүрөөк эсептөө кубатын, энергияны жана каражатты кошуу аны адам сыяктуу ой жүгүртүүгө жеткизбейт. Чыныгы прогресс эксперименталдык илимдин тар чегинен чыгуу менен мүмкүн болот. Акыл — бул вакыйлыктарды сезүү органдары аркылуу мээге жеткирип, мурдагы маалыматтарга таянып чечим чыгаруу процесси. Исламий түшүнүктө бул билимдердин эң жогорку булагы  жөн гана тажрыйба же катачылык эмес, Аллах Таала. Мына ушундай көз караш илимге ой жүгүртүүнү туура аныктоого жана жасалма акылдын чектерин так белгилөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бардык баштапкы бар болууну жалгыз Жаратуучудан экенин  түшүндүрүү менен толук түшүнүк пайда болот. Ислам илимди толуктайт жана механикалык кыска түшүндүрүүдөн бошотуп ага тереңирээк маани берет, максаттын, маанинин жана маңыздын кеңдигине чыгарат:

﴿أَفَمَنْ يَخْلُقُ كَمَنْ لَا يَخْلُقُ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ﴾

“(Эй мушриктер) акыры (бардык мавжудатты – бар нерсенин баарын) Жаратуучу Зат – Алла менен (эч нерсе) жарата албай турган (бут-санамдарыңар) теңби?! Ойлобойсуңарбы?!” (Нахл: 17).

Устаз Абдулмажид Бахати – Пакистан вилаяты

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button