Роя гезити

Батыш биздин революциябыздын мөмөлөрүн жулуп кетпесин

Батыш биздин революциябыздын мөмөлөрүн жулуп кетпесин

Шам революциясы бул кылмышкер түзүмдү кулатуу үчүн анын ихластуу уул-кыздарынын колу менен башталып, убакыт өтүшү менен бул берекелүү революциянын өздүгүн чагылдырып турган ачык ураандарды көтөрдү. Ал революция улутчул да, мекенчил да болгон жок, болгону исламий болду. Муну далилдөө үчүн көп түшүндүрмө талап кылынбайт, анткени буга күбө болгон далилдер сансыз, жакыны да, алыстан карагандар да аны көрүштү. Ошентип, Шам революциясы таптаза исламий революция болду. Алга жүрүшүндө Аллах анын жолу менен жалган жана батыл түзүлүштөрдү — саткын башкаруучуларды, Араб лигасын, Бириккен Улуттар Уюмун жана анын Коопсуздук Кеңешин, «Адам укуктары» сыяктуу жалтырак, бирок жалган жана алдамчы аталыштарды — ачыкка чыгарып салды. Шам революциясы алардын бардыгын жыгып, бетин ачып таштады. Тескерисинче, бул аталыштар кылмышкер түзүмгө эң чоң жардамчы болуп чыгып, Шам элин кырып-жоюуда, жеринен кууп, ар тарапка чачып жиберүүдө өзүндөгү бардык зулумдукту колдонду.

Бул институттар менен түзүлүштөр Шам революциясы аркылуу элинин көз алдында кулагандан кийин, алардын Аллахка байланышы, Анын жеңишине жана жардамына таянуусу дагы да артты. Натыйжада бул революциянын негизги принциптери жана позициялары так калыптанды. Анын биринчиси кылмышкер түзүмдү кулатуу: системанын азап-зулумун көргөн Шам эли Америка азыркы башкарууга берүү үчүн аракет кылган вакыйлыкка карабай, түзүмдүн эч бир символунун революция жеңгенден кийин калуусуна макул болбой калды. Экинчи позиция: батыш кафирлер жана алардын колонизатордук институттары менен бардык мамилелерди үзүү. Анткени алар чындыгында кылмышкер түзүмгө жардам берип, революция элине каршы эң чоң колдоо көрсөтүштү. Акыркы негизги позиция — кылмышкер түзүмдүн урандыларынын үстүндө улуу Ислам өкүмүн орнотуу. Анткени адилеттик, ар-намыстын калыбына келиши жана кылмышкерлерден өч алуу, мунун баары бир гана Ислам менен ишке ашат. Дал ушул принциптер жана позициялар биздин берекелүү революциябызда төгүлгөн канды жана тартылган курмандыктарды сактап калат.

Аллах Өз фазилаты менен Шам элин азиз жеңиш менен урматтады, алар ондогон жылдар бою алардын көкүрөгүнө басып турган Асаддар түзүмүн кулатышты. Бүгүнкү башкаруучулар төмөнкү Аллахтын сөзүн эстеп жүрүүгө тийиш:

﴿عَسَىٰ رَبُّكُمْ أَنْ يُهْلِكَ عَدُوَّكُمْ وَيَسْتَخْلِفَكُمْ فِي الْأَرْضِ فَيَنْظُرَ كَيْفَ تَعْمَلُونَ﴾

«Балким Раббиңер душманыңарды жок кылып, силерди бул жерге халифа (орун басар) кылаар жана кандай амалдарыңарды кылаарыңарды көрөөр». (Аъраф: 129).

Бүгүн болсо Роббибиз Азза ва Жалла Шам элин мураскор кылып, аларды улуу жоопкерчиликтин жана жаңы сыноонун алдына койду. Аларга берилген бул жеңиштин деңгээлинде болуп, өздөрүнө берилген буйрукту аткарып, улуу Исламды өкүм кылууга карай өз жүрүшүн улантуусу керек, антпесе Аллах аларды андан ажыратып коюшу мүмкүн. Бул болсо батыш кафирлери жана алардын малай түзүмдөрү менен болгон бардык мамилелерди үзүү жана Исламды дароо, эч кандай кечиктирбестен колдонуу менен гана ишке ашат.

Аллах душманын кулатып, Шам элин мураскор кылгандан кийин, алар биринчи даражада жоопкер болушат. Бул болсо алардын: жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу милдети аркылуу, ошондой эле Исламды четтетип, светтик түзүмдү сактап калуу үчүн аларга басым жасап жаткан мамлекеттерге баш ийүү жолун тандап алган жаңы администрацияны мухасаба кылуу милдети аркылуу айкын болот. Алар жүздөрдү гана алмаштыруу менен чектелбеши керек.

Бүгүн Америка Сирияда өзүнүн светтик түзүмүн сактап калуу үчүн бардык күчүн жумшап жатат. Биз эч качан анын кылмыштарын жана Шам элине каршы кутумун унутпашыбыз керек. Анткени кылмышкер түзүм эл аралык мыйзамдарга ылайык тыюу салынган бардык куралдарды колдонуп жасаган бардык кыргын, кыйратуулардын баары кылмышкер Америка тарабынан колдоого алынган. Эми болсо Америка Шам элинин өзүнүн малайына жана режимине каршы чыгуусун жана аны кулатуусун эч качан унутпайт. Ал азыр мусулмандарга каршы чоң тузак токуп жатат: алгач аларды өз долбоорунан — улуу Ислам долбоорунан алыстатуу, андан соң өзүнүн светтик түзүмүнүн бир да бөлүгүнө кол тийбестен камсыздоо. Муну менен ал алардын жеңишинин мөмөсүн өзү жулуп алып, аларды андан ажыратып коёт.

Светтик түзүм балээнин башаты жана мусулмандар үчүн азаптын негизи. Дал ушул түзүм Хафиз Асадды жана анын кылмышкер уулун бийликке алып келген. Аллах сактасын, ушул эле түзүм алар сыяктуу дагы башка  залимдерди да алып келиши мүмкүн. Анын артында болсо «инвестиция», «кайра куруу», «өлкөнү көтөрүү» деген аталыштар менен өлкөнүн бардык байлыгын жутуп жиберүүгө даяр капиталисттик мабда деген жырткыч турат. Ал элге эң жөнөкөй кызматтар үчүн да (суу, жарык, байланыш…) өтө жогорку төлөмдөрдү таңуулап, өлкөнүн бардык байлыгын өз колуна алат.

Бул өлкөнүн – Аллах сактасын – элинен Аллахтын динин колдобой, Анын жеңишин жана колдоосун унутуп, ондогон жылдар бою ар кандай азаптарды  тарттырган жийиркеничтүү кылмышкер түзүмдөн куткарган фазлын четке какса, анда өлкөбүздү жаңы жакырчылык жана жаңы азап күтүп турганына таң калуунун кажети жок. Анткени Аллахтын дининен баш тартуу — бул дүйнөдөгү бардык балээ-кырсыктын себеби, толук бактысыздыктын булагы жана акыретте тозокко кирүүнүн себеби. Аллаху Таала Өзүнүн өкүмүнөн баш тарткандарды эскертип мындай деген:

﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنْكًا وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى﴾

«Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат Күнүндө көр (сокур) абалда тирилтебиз». (Таха: 124).

Аманат оор, Шам элинин мойнундагы жоопкерчилик улук. Ооба, биз баарыбыз ондогон жылдар бою биздин көкүрөктү басып турган Асаддар бийлигинин кулоосуна кубандык, бирок милдет бүтө элек. Эй биздин элибиз! Жүгүн түшүрүп, дүйнөгө таянып, өлкөнү куруу милдетин таштап, Аллах түшүргөн өкүмдөрдү орнотуудан баш тартпаңыздар.

Эгер силер душмандар жана силерди өлтүрүп, аңдып келген кутумчу мамлекеттер силерге жазып, силер үчүн белгилеп жаткан жаңы светтик конституцияга макул болсоңор бул силердин өлүмүңөр болот. Ушул менен зулумдун, кысымдын жана диктатуранын жаңы доору башталат. Тескерисинче, силер толук жоопкерчилик менен залим башкаруучунун колун тосуп, аны Аллахтын өкүмүнө баш ийүүгө мажбурлап, душмандар жана кафирлер тараптан толгон-токой алдамчылык жана кыянаттыкка толгон байланыштарды  кыркып таштоого милдеттүүсүңөр. Ал болсо Аллахтын жибине жармашып, Ага моюн сунуп, Расулуллах ﷺдын жолунда жүрүп, Аллах ыраазы боло турган долбоор менен эл арасында адилеттикти орнотуп, хак менен өкүм жүргүзүп, Шам элинин канына боёлгон ар бир кол ээсинен өч алып, аларды жазага тартып, башкаларга сабак кылсын.

Анткени бул өлкө — биздин өлкө, жана Аллахтын ыраазылыгына жана Анын шариатын өкүм кылууга багыттап башкаруу биздин мойнубуздагы жоопкерчилик. Аллах угуп турат, көрүп турат, биз Ага жалынсак, Ал биз менен болот. Ал бизге эң жакшы Жардамчы жана эң мыкты Таяныч.

Устаз Шади ал-Аббуд

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button