Европалыктар бизге сөз жүзүндө жагынат, бирок жүрөктөрү жана колдору яхудийлер менен

Европалыктар бизге сөз жүзүндө жагынат, бирок жүрөктөрү жана колдору яхудийлер менен
Шексиз, яхудийлердин Газага каршы согушуна байланыштуу эл аралык майданда дүйнөлүк коомдук пикирде чоң өзгөрүүлөр болду. Бүгүн 20 айдан ашуун уланган бул узак жана кыйратуучу согуш, балдарга, аялдарга, кары-картаңдарга, имараттарга, ооруканаларга жана мектептерге, баш калкалоо борборлоруна жана адамзат жашоосунун бардык белгилерине каршы мурда болуп көрбөгөн зулум менен өткөрүлдү. Бул болсо жашырынып келген чындыктын баарын ачыктап, яхудийлердин “курман” деген жалган баянын жана Батыш лидерлери менен биргеликте түзгөн жомокторун кыйратты.
Натыйжада, дүйнөнүн төрт бурчунан эл көчөгө чыкты. Аянттарда, парламенттерде, эл аралык мекемелерде, пресс-конференцияларда, университеттерде Газадагы кыргынга колдоо көрсөткөн бардык тараптарга карата кыжырдануу жана нааразычылык билдиришти. Батыш лидерлеринин бул согушту “Ислам” жана “исламофобия” менен байланыштырган аракеттери да жарабай калды, анткени кылмыштардын, жапайычылыктын масштабы жашырылгыс болду.
Бул өзгөрүү өзгөчө АКШдагы жаш муундардын жана жигиттердин арасында күчтүү байкалууда. Башында Батыш коомдору арасында бул согушка карата кайчы пикирлер болгон, тагыраагы, колдогондор менен каршы болгондор да бар эле. Батыш лидерлери болсо яхудий түзүмүнө толук колдоо көрсөтүшкөн. Бирок убакыт өткөн сайын каршы болгондордун үнү күчөп, колдогон саясатчылар жана лидерлер активисттердин жана элдин сынына, бутасына айланды. Бул саясий конференцияларда, университет лекцияларында, коомдук иш-чараларда, а түгүл “Microsoft” компаниясынын маркетинг иш-чараларында да байкалды.
Мунун баарына альтернативдүү маалымат булактары, башкача айтканда, социалдык тармактар чоң салым кошту. Бул платформалар расмий пропагандага каршы чындыктын чагылуусун түз жана үзгүлтүксүз саат сайын, ирмем сайын берип турушту. Бул абалдан тышкары дагы бир катар жагдайлар Батышты жана анын лидерлерин кысымга алды. Мисалы:
- Согуштун күтүлгөндөн узакка созулушу (башында бир нече ай деп пландалса, азыр эки жылга жакындап калды);
- Батыш лидерлеринин алдында турган башка глобалдык чакырыктар — Кытайдын озуп чыгуусу, Орусиянын Украинадагы туруктуу позициясы жана АКШнын президенти Трамп баштаган бажы согуштары.
Булардын баары Батышты согушту токтотууга мажбур кылган кысым факторлоруна айланып баратат. АКШнын президенти Дональд Трамп Газа согушун жапайычылык деп атап, сын айта баштады. Анын артынан бир катар европалык лидерлер да яхудий түзүмүн жана согушту кескин сындап чыгышты. Булардын арасында Ирландия, Испания, Франция, Британия, Канада, Бельгия, Мальта, Голландия жана башка өлкөлөр бар. Көптөгөн өлкөлөр Газа тилкесинде уланып жаткан агрессияга жана атайылап жүргүзүлүп жаткан кыргынга карата катуу позиция кармана башташты. Айрым өлкөлөр соода кызматташтыгын токтотуу менен коркутушту жана “бул кыргын алдында кол байлап карап тура албайбыз” деп эскертишти. Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери яхудий түзүмү менен болгон өнөктөштүк келишимин кайра карап чыгууну күн тартибине алып чыгышты.
Франция, Британия жана Канада яхудийлердин саясатына чек коюу жана Нетаньяхунун багытын бузуу үчүн Палестина мамлекетин таануу маселесин көтөрүштү. Франциянын президенти Макрон, Британиянын лейбористтер лидери Кир Стармер жана Канаданын мурдагы борбордук банкынын жетекчиси Марк Карни биргелешкен билдирүү жасап, мындай дешти: “Биз эки мамлекеттүү чечим алкагында Палестина мамлекетин таанууга бекем чечим кабыл алдык жана бул максатка жетүү үчүн башка өлкөлөр менен кызматташууга даярбыз”.
Бул билдирүү БУУнун июнь айында өткөрүлө турган конференциясына шилтеме менен айтылды, конференциянын максаты: Палестина маселеси боюнча эл аралык консенсус табуу.
Бул катуу чыккан позициялар узакка созулган жок. АКШ европалыктарга басым жасап, «тормоз» системасын кайра иштеткенден кийин, алар акырындап артка кете башташты. Айрыкча Газадагы каршылык кыймылдары АКШ колдогон “Уиткофтун багынып берүү жана туткун алмашуу сунушун” четке каккандан кийин, АКШнын яхудий түзүмүндөгү элчиси Майк Хакби Францияны шылдың кылып мындай деди: “Эгер Франция чын эле Палестина мамлекетин негиздөөгө мынча кызыкдар болсо, анда Жер Ортолук деңиздеги Ривьерасынан жер кесип берип ошол жакка мамлекет курсун!”.
Бул шылдың Францияны жумшарууга мажбур кылды. Британиялык жана Жакынкы Чыгыштагы бир нече ЖМК Франциянын БУУдагы июнь конференциясында Палестина мамлекетин тааныбай турганын яхудий түзүмүнө расмий билдиргенин кабарлашты. Бул конференция 2025-жылдын 17–20-июну аралыгында Нью-Йоркто, Франция менен Саудиянын төрагалыгы алдында өтмөкчү.
Макрондун бул билдирүүсү яхудий түзүмүндө чуу жаратты. Алар мунун жообу катары Батыш Иорданда дагы 22 жаңы мыйзамсыз жөөт конушун куруу планын жарыялашты жана эгер таануу ишке ашса, Батыш Иорданды толук аннексия кылабыз деп коркутушту. Алар мындай таанууну “кагаз жүзүндөгү гана чечим, реалдуу эч кандай мааниге ээ эмес” деп аташты. Андан соң, Франция өз позициясын расмий түрдө жарыялап, мындай деди: “Биз Палестина мамлекетин бир тараптуу таануу ниетинде эмеспиз. Мындай кадамды Британия, Канада, Люксембург, Бельгия, Португалия, Голландия сыяктуу өлкөлөр колдобосо, ал аракет максатсыз калат”.
Европалыктар АКШнын билдирүүсүн түшүнгөндөн кийин, абийирин сактап калуу максатында “Палестина мамлекетин таануу” деген сөздү “эки мамлекеттүү чечимге алып баруучу жолду таануу” деп алмаштыра башташты. Батыш дипломатиялык булактары билдиргендей, Британия, Франция жана Канада Палестинаны мамлекет катары таануу үчүн алдын ала шарттар тизмесин даярдашты. Бул талаптар Палестина боштондук уюму (PLO) менен ХАМАС тарабынан аткарылышы керек деп эсептелүүдө жана жакында өтө турган эл аралык конференцияга даярдык катары көрсөтүлүүдө.
Палестина автономиясы үчүн, тагыраагы, Палестина автономиясындагы жетекчилерге мындай шарттарды коюшту:
- Саясий, каржылык жана башкаруу реформаларын жүргүзүү,
- Ачык жана таза шайлоолорду өткөрүү,
- Парламентти калыбына келтирүү,
- Бийликтин тынч жол менен алмашуусун камсыз кылуу жана башкалар.
ХАМАС үчүн талаптар:
- Газа тилкесин толугу менен куралсыздандыруу,
- Яхудий күчтөрү согушту токтотуп чыгып кеткенден кийин, Газанын башкаруусун Палестиналык жергиликтүү же көз карандысыз мекемеге өткөрүү, кийинчерээк шайлоо аркылуу түзүлгөн өкмөткө тапшыруу,
- ХАМАС шайлоого катышкысы келсе, саясий партияга айланышы керек, жана Палестинанын мыйзамдары менен келишимдерине баш ийиши керек.
Мындан маалым болгондой, Батыштын максаты согушту токтотуу эмес, Газаны багынтуу. АКШ менен Европанын согушту токтоткусу келип жатканы айкын. Бирок алардын максаты согуштун бүтүшү эмес, бул согуш яхудийлердин пайдасына, Газанын жеңилиши менен аякташы керек. Алар ушул сценарийди гана колдошот. Алар Газа элине багынып берүү шарттарын таңуулап, аны “саясий чечим” деп көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Ошондуктан, алар адам өлтүрүүнү, ачарчылыкты жана ооруларды айыптаган сыяктуу көрүнүшкөнү менен, ошол эле учурда яхудий түзүмүнө согуш башталгандан бери тынымсыз курал жана каражат жеткирип жатышат. Андан соң өз элине жана дүйнөгө “Биз согушту токтотууну каалайбыз” деп алдашат.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Венс 2025-жылдын июнунда мындай деп айтты: “Менимче, яхудий түзүмү Газада палестин элин тукум курут кылууга аракет кылып жаткан жок. Алар палестиналыктардын айрымдарын өлтүрүүнү максат кылып жатышат деп ойлобойм. Андыктан бул тукум курутуу эмес”. Ал бул согушту геноцид эмес деп эсептейт. Эгер геноцид экенин таанып да койбой жатса, анда аны токтотуу үчүн аракет кылат деп үмүт кылуу мүмкүн эмес.
Газа элине каршы бул геноцид Аллахка каршы турган күчтөрдүн же Батыш колонизаторлорунун колунан келбейт. Бул үммөттүн армияларынын жана уулдарынын иши. Алар Газа жана бүтүндөй Палестина үчүн көтөрүлүүгө милдеттүү. Эгер үммөт жана анын күч структуралары ордунан козголбосо, Аллахтын душмандары бизди өлтүрүүнү, сүрүп чыгарууну, кыйратууну уланта беришет. Алар согушту токтотууну чечкен күндө да, аны мусулмандардын жеңилиши жана яхудийлердин жеңиши менен жыйынтыктагылары келет. Аллах Таала айтат:
﴿وَالَّذِينَ كَفَرُوا بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ ۚ إِلَّا تَفْعَلُوهُ تَكُن فِتْنَةٌ فِي الْأَرْضِ وَفَسَادٌ كَبِيرٌ﴾
«Каапыр болгон кишилер бир-бирине дос, камкор-шериктеш (болушат). (Демек, эй момундар, силер аларды өзүңөргө душман туткула). Эгер ошондой кылбасаңар (тактап айтканда, момунга дос, каапырга душман болбосоңор), жерде фитна жана чоң бузулуу болот». (Анфал сүрөсү, 73-аят).
Роя гезити
Бахир Салих