Роя гезити

Египет армиясынын компанияларын баскынчы яхудийлер менен байланышкан компаниялардын көзөмөлүндө менчиктештирүү үммөткө каршы кылмыш жана аманатка кыянаттык

Египет армиясынын компанияларын баскынчы яхудийлер менен байланышкан компаниялардын көзөмөлүндө менчиктештирүү үммөткө каршы кылмыш жана аманатка кыянаттык

Мусулмандар жашаган өлкөлөрдөгү башкаруучу режимдердин канчалык деңгээлде төмөндөгөнүн көрсөткөн кадамдардын бири Египет армиясына таандык беш компаниянын менчиктештирилип баштоосу. Бул процесс түздөн-түз яхудий түзүмү жана анын армиясы менен байланыштары ырасталган эл аралык консалтинг компанияларынын көзөмөлүндө жүрүп жатканы жарыяланды. Бул кадам жөн гана базар жана башкаруу саясатынын алкагында кабыл алынган экономикалык чечим эмес, чындыгында үммөттүн коопсуздугуна жана байлыгына чыккынчылык кылуу, анын экономикалык жана стратегиялык эгемендүүлүгүнүн ачкычтарын жерин тартып алган жана элин кысымга алган душмандарына тапшыруу болуп эсептелет.

Менчиктештирүүнүн өзү адамдар менен компанияларга байлыкка жана коомдук объекттерге ээлик кылууга шарт түзгөн экономикалык жол катары Ислам өкүмдөрүнө каршы келет. Анткени Исламда мүлк үч түргө бөлүнөт: фардий (жеке) мүлк, умумий мүлк жана мамлекеттик мүлк. Ал эми жер алдындагы байлыктар, суу, энергия булактары жана жалпы жолдор сыяктуу умумий мүлктөрдү эч качан жеке адамдарга же компанияларга берүүгө болбойт.

Улуттук кызмат көрсөтүү долбоорлорунун башкармалыгына караштуу компаниялар жөн гана көзкарандысыз экономикалык түзүмдөр эмес. Алар армия системасынын ичинде анын муктаждыктарын камсыз кылууга, өз алдынча каржылануусун камсыз кылууга (режим ушинтип жүйөө келтирет) жана экономикадагы маанилүү тармактарды көзөмөлдөөгө колдонулган активдүү аскерий бутактар болуп эсептелет. Ошондуктан бул компанияларды жеке сектордун инвесторлоруна тапшыруу, аны да яхудий түзүмү менен байланыштары бар чет элдик компаниялардын көзөмөлүндө жүргүзүү — армиянын мүмкүнчүлүктөрүн алсыратуу жана анын купуя иштерин үммөттүн душмандарына тапшыруу менен барабар.

Көңүл тынчсыздандыра турган жагдай, бул процессти көзөмөлдөө иши оккупациялык түзүмдүн ичинде коммерциялык жана коопсуздук жаатында иш алып барганы ырасталган консалтинг компанияларына тапшырылганы. Алардын арасында «Boston Consulting Group», «PricewaterhouseCoopers» жана «Grant Thornton» бар. Мисалы, «PricewaterhouseCoopers» компаниясынын яхудий түзүмүндөгү бөлүмүндө санариптик өзгөрүү жана киберкоопсуздукту башкарган Талия Газит — Яхудий армиясынын киберколу болгон Мамрам бөлүгүнүн полковник чининдеги офицери. Ал тургай «Boston Consulting Group» өзү «Газа гуманитардык фонду» дегенди негиздөөгө катышкан, ал фонд болсо жардам деген шылтоо менен Газадагы элди ачка кармоо жана жок кылууну системалуу түрдө ишке ашырган.

Андай болсо, өзү суверендүү мамлекетмин деп жар салган мамлекет кандайча Коргоо министрлигине караштуу компанияларды яхудий түзүмүндөгү аскерий жетекчилер менен байланышы далилденген компанияларга менчиктештирүүнү тапшыра алат?! Өзүнүн коопсуздугуна тиешелүү аскерий файлдарды, каржылык маалыматтарды, уюштуруу түзүмдөрүн жана операциялык пландарды бул түзүмдөргө ачып берүүгө кандайча өзүнө жол берет? Бул болуп жаткан нерсе эгемендүүлүктү ыктыярдуу түрдө тапшыруу жана душманга мусулмандардын мыйзамдуу өкүмдары гана биле ала турган иштерди көрсөтүп берүү болуп эсептелет.

Ислам мусулмандардын иштерин, айрыкча армия жана коргонууга тиешелүү нерселерди, каапырларга же үммөттүн душманы экендиги далилденгендерге тапшырууну катуу харам кылат. Аллах Таала мындай деген:

﴿لَّا يَتَّخِذِ الْمُؤْمِنُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِن دُونِ الْمُؤْمِنِينَ وَمَن يَفْعَلْ ذَلِكَ فَلَيْسَ مِنَ اللهِ فِي شَيْءٍ﴾

«(Бардык иш Алланын колунда болгон соң, демек) момундар момундарды таштап коюп, каапырларды дос тутушпасын! Ким Ошондой кылса, анда ал Алла тарабынан эч нерседе эмес (Тагыраак айтканда Аллага чоочун). Бирок, аларга силер абайлап мамиле жасооңор дурус. Алла силерди өзүнүн (азабы менен) эскертет, коркутат. Алланын өзүнө гана кайтасыңар». (Али Имран сүрөсү, 28-аят).

Демек, каапырларды дос тутуп, аларга мусулмандардын иштерин тапшыргандар же күч-кубаттын ачкычтарын аларга тапшырууга ыраазы болгондор Аллах жана Анын Элчиси ﷺ  менен болгон байланышты үзгөн болот.

Египет бүгүн баскынчылар менен байланышкан консалтинг компаниялары менен келишимдерди түзүп жатканы каапырларды мусулмандардын иштерине, ал тургай алардын аскерий жана экономикалык сырларына кошуу болуп эсептелет. Бул эч кандай жагдайда жаиз эмес. Өзгөчө бул кеңешчилер Газага каршы геноцид кылмыштарына катышканын эске алганда.

Исламдагы армия инвестициялык уюм да, соода мекемеси да эмес. Ал жихад кылуу үчүн даярдалган, Исламды коргоого жана үммөттү душмандын чабуулунан сактоого милдеттүү согуштук түзүм. Армиянын өз милдетин аткаруусуна шарт түзгөн бардык нерселер — жабдуу, курал-жарак, логистикалык камсыздоо — эч качан чет элдиктерге берилбеши керек жана «менчиктештирүү» же «реформа» деген шылтоо менен бөлүнүп кетиши да мүмкүн эмес. Шаръий жактан милдет болгон нерсе — армияга Байтулмалдан каражат сарптоо, аны эл аралык фонддорго же чет элдик адистерге байлап коюу эмес.

Ал эми анын экономикалык бутактарын, алар башынан эле болбошу керек болсо да, сатуу жана чет элдик инвестицияга ачуу — бул үммөттүн курал-жарагын колунан жулуп алып, душманга тапшыруу менен барабар. Чынында, бул компаниялар армиянын да, башка бирөөнүн да эмес, мамлекеттин карамагында болушу керек. Анткени алар умумий мүлк болуп эсептелет, сатууга да, менчиктештирүүгө да жатпайт. Армия соодагер да, өндүрүшчү да, саясатчы же башкаруучу да эмес. Армиянын вазыйпасы — жихад. Мамлекет армияны багып-карап, анын муктаждыктарын камсыз кылып турушу керек.

Бул чечимди андан да чоң кылмыш кылып жаткан жагдай — анын Газага каршы геноцид болуп жаткан учурда кабыл алынышы. Бул кыргынды дал ошол яхудийлер жүргүзүп жатат, ал эми бул компаниялар алар менен түз байланышкан. Анда Палестинаны колдойм деп доомат кылган мамлекет кантип Газадагы элди сүргүнгө айдап, кырып-жоюу пландарын каржылаган жана тараткан түзүмдөр менен келишим түзө алат?! Бул арам кызматташтык эмеспи? Бул «аль-валя коидасын бузуу эмеспи?

Мындан да өкүнүчтүүсү бул чыккынчылык «экономикалык реформа» жана «өнүгүү» деп жарнамаланууда! Чындыгында болсо бул суверенитетти жок кылуу, мусулмандардын байлыктарын сатуу жана алардын сырларын душманга тапшыруу.

Шаръий жактан бүгүнкү күндө милдеттүү болгон нерсе — менчиктештирүү да эмес, эл аралык фонддун шарттарын аткаруу да эмес. Чыныгы милдет — капиталисттик түзүмдөн жана анын колонизатордук механизмдеринен толук ажырап чыгуу жана экономиканы шарият өкүмдөрүнө негиздеп кайра куруу:

  • Рибаны жок кылуу жана акчаны алтын менен камсыздалган чыныгы наркка негиздеп колдонуу;
  • Умумий мүлктү кайрадан карап чыгуу жана аны жеке секторго берүүгө тыюу салуу;
  • Армиянын милдетин үммөттү коргоо жана Исламды дүйнөгө даават жана жихад аркылуу жеткирүү менен гана чектөө, завод-фабрика, чарба же май куюучу жайларды башкаруу менен эмес;
  • Үммөткө душмандыгы далилденген тараптар менен алар эл аралык кеңешчи же адис кейпинде болсо да ар кандай кызматташтыкка же шериктештикке тыюу салуу.

Исламда экономика акыйдадан бөлүнбөйт. Ал анын бир бөлүгү, аны халал жана харам өкүмдөрү башкарат. Экономика эркин рынок көрсөткүчтөрүнө эмес, адилеттикти камсыз кылган жана көз карандылыкты жок кылган Аллахтын өкүмдөрүнө ылайык жүргүзүлөт.

Египет армиясынын экономикасын яхудий түзүмү менен түз байланышы бар компаниялардын көзөмөлүндө менчиктештирүү Аллахка, Анын Элчисине ﷺ  жана момундарга чыккынчылык кылуу болуп эсептелет. Бул колонизатордун каалоолорун эч бир чектөөсүз аткаруу. Муну көрүп унчукпай коюуга болбойт. Тескерисинче, аны ачык жана так түрдө айыптоо, эл алдында ачып көрсөтүү жана үммөт уулдарын, өзгөчө армияларды, ага каршы туруп, аны токтотууга жана Исламды коргоп, үммөттүн байлыктарын сактай турган бийликти орнотууга чакыруу зарыл.

Египеттин жана анын элинин жалгыз чечими — Ислам экономикасын кабыл алуу жана аны толук кандуу түрдө, Исламдын калган системалары менен бирдикте ишке ашыруу. Бул болсо бири-бирин толуктап турган толук жашоо түзүмүн камсыз кылат. Үммөттү Ислам менен башкарып, мүлктү ага ылайык бөлүштүрүп, умумий мүлктү мамлекет башкаруусуна берип, элди чыныгы адилеттик менен камсыз кылган, Батыштан жана анын байлык жуткан компанияларынан алыс, алардын монополиясынан бош кармаган Пайгамбар ﷺ  минхажына ылайык Халифалык гана ишке ашыра алат.

Аллахым, бизге кайрадан Ислам мамлекетин, анын бийлигин жана шариатын кайтар, анын көлөкөсүндө жашообузду коргоп турган Пайгамбар ﷺ  минхажына ылайык Халифалыкты кайра орнот.

Устаз Махмуд Лейси

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button