Инфляция — Египетти жана анын элин үнсүз союп жаткан курал

Инфляция — Египетти жана анын элин үнсүз союп жаткан курал
Бүгүн Египеттеги инфляция жөн гана Борбордук статистикалык башкармалыктын же Борбордук банктын маалымат бюллетендеринде жарыялануучу сан эмес. Өкмөт расмий инфляция деңгээли 12%га чейин төмөндөдү же алдыдагы жылдары 10%га жеткирүүнү көздөп жатат деп жарыялаганда, жөнөкөй эл: бул биздин жашообу? – деген суроо берет. Тамак-аштын, транспорттун, коммуналдык кызматтардын жана дары-дармектердин баасы күн сайын өсүп жатканда бул сандар вакыйлыкка дал келеби?
Расмий көрсөткүчтөр менен реалдуу жашоо ортосундагы ажырым инфляциянын чыныгы жүзүн ачат. Ал нейтралдуу экономикалык көрүнүш эмес, мыйзамсыз жана токтомсуз эле үммөткө салынуучу жашыруун салык, элдин чөнтөгүн тоноп, топтогон каражатын соруп жаткан механизм.
Инфляция — сатып алуу жөндөмүнүн төмөндөшү. Кечээ бир адам 1 фунтка алган нерсени бүгүн 2 же андан көп фунтка алууга туура келет. Баанын мындай жогорулашы товарлардын чыныгы наркы өстү дегенди билдирбейт, тескерисинче акчанын өзүнүн наркы түшкөнүн көрсөтөт. Бул нарктын төмөндөшү — жумушчулардын, дыйкандардын жана кызматкерлердин эмгегин кыйыр уурдоо менен барабар. Анткени алардын туруктуу эмгек акысы убакыт өткөн сайын өз наркын жоготот. Батыштын экономисттери инфляцияны “жашыруун салык” деп аташкан. Америкалык экономист Жон Мейнард Кейнс мындай деген: “Коомдун негизин кыйратуунун эң натыйжалуу жолу — валютаны бузуу. Бул эл байлыгынын үчтөн экисин жашыруун түрдө тоноп, көпчүлүгү өз колунан уурдалганын да түшүнбөй калат”.
Инфляция жөн гана экономикалык көрүнүш эмес, байлыкты тоноп алуу үчүн колдонулган курал экенин ачык моюнга алуу.
Бүгүн египеттиктер нан, күрүч, май жана транспорт акыларынын тынымсыз кымбаттап жатканын өз көзү менен көрүп жатышат. Бул көрүнүш инфляция жөн гана расмий таблицалардагы сан эмес экенине, тескерисинче, жашоо-турмуштун өзөгүн титиреткен жашоо кризиси экенине тирүү далил. Ал эң оболу жакыр үй-бүлөлөргө жана үнөмдүү жашаган орто катмарга оор сокку болуп тийди — алардын топтогон акчалары азайып, көбү кургакчылыктагыдай кедейликке учурады.
2025-жылдын август айында Египет расмий түрдө шаардык инфляция 12 % деңгээлинде экенин жарыялады. Бирок аналитиктердин баалоосу боюнча ал 14 %дан да жогору болгон, ал эми негизги керектөө товарларында — азык-түлүк менен энергияда — реалдуу инфляция 20–30 %га чейин жеткен. Расмий көрсөткүч менен чыныгы абалдын ортосундагы бул чоң ажырым мамлекет кризистин масштабын жашырып жатканын, ал эми анын маалыматтары элдин чыныгы азабын чагылдырбай жатканын көрсөтөт. Айлык акысы туруктуу кызматкер же түшүмүн алдын ала белгиленген баада сата турган дыйкан күн сайын өсүп жаткан бааларга жетише албай калууда. Ушундай шартта инфляция мамлекет менен эл аралык институттардын колундагы куралга айланып, “акча-кредит саясаты” жана “экономикалык реформалар” деген желе астында элдин мүлкүн тартып алуу ыкмасына айланды.
Бул болуп жаткан нерсе — ачык зулум. Шариат болсо байлыкты сактоону корголууга тийиш болгон беш негизги максаттын бири кылып бекиткен. Аллах Таала айткан:
﴿وَلَا تَأْكُلُوا أَمْوَالَكُم بَيْنَكُم بِالْبَاطِلِ﴾
“Мал-мүлк, байлыгыңарды өз араңарда арам жолдор менен жебегиле (бири-бириңердин акыңарды жебегиле)”. (Бакара: 188).
Ал эми Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«كُلُّ الْمُسْلِمِ عَلَى الْمُسْلِمِ حَرَامٌ: دَمُهُ وَمَالُهُ وَعِرْضُهُ»
“Мусулмандын каны да, малы да, абийири да башка мусулманга арам” (Бухарий, Муслим).
Инфляция болсо — бул адамдардын мүлкүн адилетсиз жеп коюунун заманбап түрү, анткени мамлекет чыныгы байлык менен камсыздалбаган акчаны басып чыгарып же анын наркын атайылап түшүрөт, натыйжада элдин акчасынын баасы төмөндөп, алардын эмгеги жана тер төгүп тапкан байлыгы абага учуп кетет.
Акча өз маңызында соода-сатык үчүн товар эмес, ал нарктын өлчөмү жана алмашуунун ортомчусу. Эгер бул функциясы жоголсо мисалы, мамлекет “капкагы” жок акчаны чыгара берсе — анда экономикалык система бузулат жана элдин мүлкү зулум менен жутулат. Ибн Таймия айткандай: “Акча өзү үчүн эмес, байлыктын жана нарктын өлчөмүн билүү үчүн колдонулат.”
Бул сөз акчанын наркын жоготуу — соода-мамилелердин негизин бузган жана элдин байлыгын тартып алган уурулук экенин ачык көрсөтөт.
Ислам акча маселесин мурунтан чечип койгон, ал алтын менен күмүштү акчанын негизи кылган. Динар менен дирхам көп кылымдар бою Ислам мамлекети үчүн мыйзамдуу акча бирдиги болуп келген жана дүйнөлүк соода менен гүлдөп-өсүү мезгилдеринде да баанын туруктуулугун сактап турган. Имам Шафий мындай деген: “ولا يجوز أن تكون الدراهم والدنانير إلا ما كان من ذهب وفضة”.
“Дирхам менен динар алтын же күмүштөн гана болууга тийиш.”
Демек, шариат акчаны өкмөттөр же дүйнөлүк борбордук банктар каалагандай басып чыгара турган кагаз эмес, өзүндө ички наркы бар чыныгы мүлк болушун талап кылат. Мына ушундай гана система инфляциянын тамырын кыркат жана үммөттүн байлыгын уурдоодон коргойт.
Шаръий чечим бул жерде гана токтобойт, ал ошондой эле Эл аралык валюта фонду (IMF) жана Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык институттардын бузук ролун да ашкере кылууну камтыйт. Анткени бул уюмдар Египет сыяктуу өлкөлөргө шарттуу пайыздуу насыяларды таңуулап, аларды карызга батырып, катаал үнөмдөө саясатын жүргүзүүгө мажбурлайт. Натыйжада жакырлар ого бетер жакырланат. Америкалык экономист Жон Перкинс өзүнүн “Улуттардын экономикалык өлтүрүлүшү” аттуу китебинде өзү “экономикалык киллер” болгонун, өнүгүп жаткан өлкөлөрдү карызга батыртып, аларды Америкага жана ири корпорацияларга көз каранды абалда кармоо үчүн иштегенин моюндаган. Бул аталган уюмдардын эл байлыгын тоноп жаткан эл аралык бандиттик түзүмдөр экенин ачык моюнга алуу.
Инфляциянын себеби жергиликтүү саясат менен эле чектелбейт, ал бекемделген колониялык курал, дүйнөнүн акча системасынын америкалык долларга байланып калышы аркылуу иштейт. Доллар болсо 1970-жылдардан бери алтын менен камсыздалбаган жөнөкөй кагаз болуп калган. Бирок өнүгүп жаткан мамлекеттер ошол долларга байланууга жана карыздарын дал ошол доллар менен төлөөгө мажбур. Натыйжада капиталисттик америкалык түзүм дүйнө жүзүнө өзүнүн инфляциясын экспорттоп, анын жүгүн бүт элдерге жүктөп койгон.
Ислам инфляция көйгөйүнө түбөлүк жана ыкчам дабалоону сунуш кылган.
Биринчиден: камсыздоосу жок кагаз акчаларды жоюп, алтын жана күмүштү же аларга тең кагаз ордун басуучу акчаны мамлекеттин расмий валютасы катары кабыл алуу.
Экинчиден: рибаны толук тыюу менен, өлкөлөрдү карыз жана инфляция сазына батырып жаткан пайыздык карыз системасын түп-тамыры менен жок кылуу.
Үчүнчүдөн: Халифалык мамлекетти кайра орнотуу — ал экономикада да, башка тармактарда да шариат өкүмдөрүн жүзөгө ашырып, өлкөлөрдүн эл аралык институттарга жана колонизатор мамлекеттерге болгон көз карандылыгын үзөт.
Төртүнчүдөн: байлыкты шариат жолдору менен кайра бөлүштүрүү — зекет, фай, анфал сыяктуу булактар аркылуу жана үч мүлктүн түрүн (умумий, фардий жана мамлекеттик) туура жөнгө салуу менен монополияны жана талап–тоноону токтотуу.
Бүгүн Египетти каптаган инфляцияны алдын ала жазылган тагдырга шылтоо кылуу туура эмес. Ал айласыз экономикалык мыйзам да эмес. Ал — камсыздоосу жок кагаз акчага негизделген бузук акча системасынын жана эл аралык уюмдар таңуулаган пайыздуу карыз системасынын түздөн-түз натыйжасы. Чындыгында, бул элдин эмгегин, терин жана топтогон байлыгын жашыруун салык жана системалуу уурдоо жолу менен тартып алуу.
Бул кризисти дарылоо жолу — исламга кайтуу, алтын менен күмүш акчаларга кайтуу жана батыштык колонизатор институттардан көзкарандылыкты толук үзүү. Ошондо гана үммөт инфляциянын чынжырларынан жана байлыгын уурдоодон кутулат.
Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«مَنْ غَشَّنَا فَلَيْسَ مِنَّا»
“Бизди алдаган — бизден эмес” (Муслим).
Инфляция — бул өкүмдарлар менен колонизатор мамлекеттердин элди алдоо услубу болуп эсептелет. Ошондуктан үммөттүн урааны мындай болсун: “Мындан ары уурдатпайбыз жана Аллахтын шариатынан башка өкүмгө макул болбойбуз!”.
Устаз Саид Фадл
Роя гезити