Каршылык көрсөтүүчү тарапты жемелөө көрүнүшү

Каршылык көрсөтүүчү тарапты жемелөө көрүнүшү
Мусулмандардын жерин тартып алып, ыйык жайларын булгап жаткандар менен болгон мамиле сүйүү, кызматташуу жана тынчтык мамилеси боло албайт. Мамиле жихад, каршылык жана коргонуу гана болуусу мүмкүн. Аллах Таала мындай дейт:
﴿وَاقْتُلُوهُمْ حَيْثُ ثَقِفْتُمُوهُمْ وَأَخْرِجُوهُم مِّنْ حَيْثُ أَخْرَجُوكُمْ﴾
«Аларды (Силер менен согушуп жаткандарды) тапкан жериңерде өлтүргүлө жана силерди (кууп) чыгарган жайдан (Меккеден) аларды да кууп чыккыла!» (Бакара: 191).
Бул – талашсыз шариат өкүмү. Ошого карабастан бүгүн биз мусулмандардын арасынан да, сыртынан да коргонуп жаткандарды айыптап, баскынчынын кылган кыргындары үчүн жоопкерчиликти каршылык көрсөткөн мусулмандарга жүктөгөн үндөрдү угуудабыз. Баш кесер кафирлер айыпсыз, ал эми курмандыкка айланган мусулмандар күнөөлүү болуп калгандай сүйлөшүүдө! Бул кубулуш – жөн гана фикрий жана ахлакый багыттан таюу эмес, тафсир кылып, туура түшүнүүнү талап кылган татаал психологиялык жана саясий көрүнүштөрдү чагылдырган нерсе.
- Психологиялык өлчөм: адилеттүүлүк иллюзиясы жана тынчсызданууну жеңилдетүү.
Кээ бир адамдар бул алааматты дүйнө «адилеттүү» экенин көрсөтүп чечмелөөгө аракет кылышат. Алар Батышта материалдык кыйматтан башка да кыйматтар бар сыяктуу сүйлөшөт. Ошентип, «Эгер каршылык тарап мындай кылбаганда, мындай болбойт эле» дешет. Бул чечмелөө аларга коркунучтуу чындыкты т.а душмандын чек арасыз, негизсиз зулумдугуна жөндөмдүү экенин моюнга алуунун ордуна, көзөмөл жана ички ыраазычылык иллюзиясын берет.
Ошондой эле, күч менен куралданган оккупация менен түздөн-түз кармашуу чоң психологиялык алсыздыкты пайда кылат. Ошондуктан айрымдар ачуусун негизги душманга эмес, жакыныраак тарапка – каршылык көрсөтүп жаткан тарапка бурушат, анткени аны күнөөлөө психологиялык жактан азыраак кооптуу. Алааматтын учурларында адам өзүнүн дүрбөлөңүн жана тынчсыздануусун жеңилдетүү үчүн куткаруучуну же айыпталуучуну издейт.
- Коомдук өлчөм: алсыздыктын топтолушу жана жеңилүү пикири.
Он жылдаган оккупация, курчоо жана арабдар тарабынан чыккынчылык коом ичинде алсыздыкты нормалдуу көрүнүшкө айландырып койгон. Айрымдар үчүн оккупант менен «тынчтык» менен жашоо жана анын баскынчылыгын мыйзамдаштыруу каршылык көрсөтүүдөн артык көрүнүп калды. Узакка созулган оккупация жана зулум «жеңилүү аклиясын» пайда кылат: душман жеңилгис абсолюттук күч катары кабыл алына баштайт. Бул нерсени мусулман өлкөлөрүндөгү кызматчы режимдер бекемдөөгө аракет кылышат. Натыйжада айыптоолор душманга эмес, өзүнө бурулат.
Ички бөлүнүү шартында айрымдар жамааттык пикир келишпестиктерди пайдаланып, кыргын жана геноцид үчүн жоопкерчиликти баскынчылыкка эмес, каршылык көрсөтүп жаткан тарапка жүктөөнү туура көрүшөт.
- Медиа жана саясий өлчөм: жалпы пикир пайда кылуу жана багытты бурмалоо.
Баскынчынын чоң маалымат машинасы каршылыкты жана куралдуу кыймылдарды шайтан сыяктуу көрсөтүп, аларды Газага жана аймакка азап-кайгыларды алып келген күнөөкөр катары көргөзүүгө умтулат. Бомбалоо, өлтүрүү, жок кылуу жана коркунучтуу көрүнүштөр кайталанган сайын бул жалган баяндама айрым курмандыкка дуушар болгондордун өздөрүнө да сиңип кетет.
Мындан тышкары, баскынчы каршылык көрсөтүүчү тараптын коомдук чыгымдарын жогорулатуу стратегиясына таянат. Кыйроолор, өлүмдөр, жалпы көчүрүлүүлөр топтолгон сайын адамдардын ичиндеги басым жогорулап, жихад тандоосун четке кагууга түрткү берет. Бул жерде мамиле — каршылыкка же жихадга жек көрүү эмес, анын баасын көтөрө албагандык.
- Прагматикалык өлчөм: тез арадагы чечимдерди издөө.
Кээ бирөөлөр жихад фикратын фикрий деңгээлде колдошот, бирок чыныгы турмушта анын өтө жогорку баасын көргөндө, дароо бомбалоону кандай баада болбосун токтотуп, балээден кутулуу сыяктуу убактылуу чечимдерге үмүт артып калышат, бул кээде каршылыкты четке кагуу катары көрүнүшү мүмкүн. Бирок, чындыгында алар каршылык көрсөтүү акыйкат экендигин инкар кылышпайт, бирок узак мөөнөттүү, көп чыгым талап кылган эркиндик үчүн каршылык көрсөтүүнүн ордуна, ооруну дароо баскан убактылуу чечимдерди артык көрүшөт.
Жыйынтык: түшүнүк менен багытты сактоо ортосунда.
Бул көрүнүштү талдоо — аны актоо эмес, психологиялык, коомдук жана саясий жактарын түшүнүүгө аракет кылуу. Биз фикрий жана ахлакый багытыбызды сакташыбыз керек, исламий акыйдага жана андан балкып чыккан өкүмдөргө таянып, жихад тандоосуна кармануу зарыл. Себеби биринчи жоопкер — ар бир кылмыштын негизги жасоочусу болгон баскынчы, экинчи жоопкер — анын кылмыштарын актоого шарт түзгөн, Палестинаны саткан жана мусулман армияларынын жардамына тоскоол болгон Сайкс-Пико өңдүү колонизатордук долбоорлорго кызмат кылган режимдер. Каршылык көрсөтүү эркиндикке жетүүнүн табигый жана шаръий жолу бойдон калат. Согуш майдандагы же саясий катачылыктарды, жихадчылардын айрым аракеттерин же позицияларын талкуулаганда да түшүнүү, талдоо жана жоопко тартуу өтө зарыл. Сын айтуу — өнүгүү үчүн болсун, бирок туура ахлакый жана фикрий биримдик, ошондой эле багытты бекемдөө эң маанилүү иш. Ошондо гана курман болгондорду күнөөлөгөн жана баш кесерлерди актай турган тузакка түшпөйбүз.
Ашраф Абу Атайя
Роя гезити