Роя гезити

Кафир Батыштын биздин жашообузга кийлигишүүсүн токтотолу

Кафир Батыштын биздин жашообузга кийлигишүүсүн токтотолу

Франциянын “Promediation” уюмунун колдоосу алдында судандык партиялар Порт-Судан шаарында семинар өткөрүштү. Бул тууралуу “Sudan Tribune” сайты 2025-жылдын 5-октябрындагы кабарында билдирген:

Демократиялык блоктун өкүлү Мухаммад Закария мындай деди: “Семинар Судан-Судан диалогун өткөрүү жолдорун, ага катышуучу тараптарды, өткөрүлүүчү жерди, ортомчулуктун ролун жана каржылоо маселелерин талкуулоодо…”. Ал мындай деп кошумчалады: “Бул семинардан кийин өлкөдөгү саясий күчтөрдүн мүмкүн болушунча көбүн бир пикирге келтирүү, туруктуулукка жетишүү жана жаңжалдар менен терс тирештерден качуу максатында кийинки этаптар өтөт”.

Ушуга байланыштуу Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлү устаз Ибрахим Усман (Абу Халил) маалымат билдирүүдө мындай деди:

Биринчиден: Ислам жашоо маселелерин чечүүнүн булагы  катары бардык маселелерди толугу менен чечип койгон. Ал бийликти жалгыз шариатка гана таандык кылган. Ошондуктан эч бир мусулман жашоонун эч бир маселесине чечимди шариаттан башка булактан алууга укуктуу эмес. Муну Аллах Таала ыймандын өзү менен тең кылган. Ал айтты:

﴿فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّىٰ يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنفُسِهِمْ حَرَجاً مِّمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيماً﴾

“Жок (эй Мухаммад), Раббиңе ант болсун, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпөөчүлүктөрдө сени өкүмдар кылышмайынча жана кийин сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт”. (Ниса: 65).

Демек, маселелерге чечим издөө булагы бийликке умтулган саясатчылардын абийирсиз каалоолору эмес, Ислам гана.

Экинчиден: Ислам мусулмандарга ар кандай талаш-тартыш пайда болгондо аны Аллахтын Китебине жана Пайгамбары ﷺдын Сүннөтүнө кайтарууну фарз кылган. Колонизатор мамлекеттерге да, алардын кылмыштуу уюмдарына да кайрылууга тыюу салган. Анткени ишти Исламга кайтаруу ыймандын негиздеринин бири. Аллах Таала айтты:

﴿فَإِن تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ إِن كُنتُمْ تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ذَلِكَ خَيْرٌ وَأَحْسَنُ تَأْوِيلاً﴾

“Эгер кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар, эгер чынында эле Аллага жана Акырет Күнүнөишенсеңер ал нерсени Аллага жана пайгамбарына кайтаргыла. Мына ушул жакшыраак жана көркөмүрөөк чечим”. (Ниса: 59).

Үчүнчүдөн: Ислам менен мусулмандарга өч болгон колонизатор кафир мамлекеттерге — Франция, Америка, Британия, Россия — таянуу жана алардын кылмыштуу уюмдарынын кийлигишүүсүнө ишенүү саясий жактан өзүн-өзү өлтүрүү жана үммөткө чыккынчылык кылуу болуп эсептелет. Аллах Таала айтты:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا بِطَانَةً مِّن دُونِكُمْ لَا يَأْلُونَكُمْ خَبَالاً وَدُّوا مَا عَنِتُّمْ قَدْ بَدَتِ الْبَغْضَاءُ مِنْ أَفْوَاهِهِمْ وَمَا تُخْفِي صُدُورُهُمْ أَكْبَرُ قَدْ بَيَّنَّا لَكُمُ الْآيَاتِ إِن كُنتُمْ تَعْقِلُونَ﴾

«Эй, момундар, өзүңөрдү коюп, (ал мунафык-эки жүздүүлөрдү) сырдаш, дос тутпагыла! Алар силерге зыян жеткирүүдө күчтөрүн аяшпайт жана жаман абалга түшүшүңөрдү арзуу кылышат. Алардын силерди жаман көрүүлөрү ооздорунан ашкере болду. Дилдериндеги душмандыктары болсо андан да чоңураак. Эгер акыл жүргүзүп көрсөңөр, силерге белгилерди ачык-айкын кылып бердик». (Али Имран: 118).

Төртүнчүдөн: Ислам шариаты башка мамлекеттер жана алардын уюмдары менен болгон мамиле кылуу укугун мамлекеттин өзүнө гана ыйгарган. Эч бир адамга же уюмга чет мамлекет же анын уюму менен түздөн-түз байланыш курууга уруксат берилбейт, анткени мындай иш-аракет мамлекеттин жана үммөттүн коопсуздугуна чоң коркунуч туудурат.

Бешинчиден: Ислам жашоонун бардык тармагындагы маселелерге чечим бере турган өз мыйзамдары менен бай дин. Исламдагы саясат адамдардын иштерине кам көрүү, ички жана тышкы иштерди башкаруу болуп саналат. Аны иш жүзүндө мамлекет жүргүзөт. Бул эң улуу иштердин бири, пайгамбарлар аткарган милдет. Расулуллах ﷺ  мындай деген:

«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمُ الأَنْبِيَاءُ، كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ، وَإِنَّهُ لَا نَبِيَّ بَعْدِي، وَسَتَكُونُ خُلَفَاءُ فَتَكْثُرُ».

قَالُوا: فَمَا تَأْمُرُنَا؟ قَالَ: «فُوا بِبَيْعَةِ الأَوَّلِ فَالأَوَّلِ، وَأَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ، فَإِنَّ اللَّهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ».

(رواه مسلم)

«Бани исраилди пайгамбарлар башкарат эле. Качан бир пайгамбар өтсө, анын аркасынан экинчи пайгамбар келер эле. Менден кийин пайгамбар болбойт. Жакын күндөрдө халифалар болот жана алар көп болушат». Сахабалар сурашты: «Бизге эмнени буюрасыз, я Расулалла?» Расулулла ﷺ жооп берди: «Биринчисинин, биринчисинин байъатына бапаа кылгыла. Аларга өз акыларын бергиле. Албетте Алла Таала аларды адамдарды кандай башкаргандыгы  жөнүндө суракка алуучу».

Устаз Абу Халил өз билдирүүсүн мындайча жыйынтыктады: Бүгүн үммөт Ислам системасына — Пайгамбарлык  минхажы негизиндеги Халифалыкка муктаж. Ал динди тикелейт, шариатты толук ишке ашырат, кафир Батыштын колониалдык таасирин өлкөлөрдөн түп-тамыры менен жоготот, Батыш элчиликтери жана уюмдары менен кызматташкан шектүүлөрдү жазалайт жана жашоону Бир Аллахка гана таандык кылат.

Ошондуктан ушул улуу иш үчүн аракет кылуучулар аракет кылсын. Аллах Таала айтты:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾

«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла». (Анфал: 24).

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button