Роя гезити

 Марокко менен Алжирдин ортосундагы мина коюлган тынчтык келишими – Трамптын колонизатордук кадамы

 Марокко менен Алжирдин ортосундагы мина коюлган тынчтык келишими – Трамптын колонизатордук кадамы

АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткоф, анын командасы алдыдагы мезгилде Алжир менен Марокконун ортосунда тынчтык келишимин ишке ашырууга аракеттенип жатканын жарыялады. Бул маалымат ал жана Жаред Кушнер жекшемби кечинде америкалык CBS телеканалынын “60 мүнөт” программасында берген маегинде айтылды. Уиткоф мындай деди: “Биздин команда азыр Марокко менен Алжир маселеси боюнча иштеп жатат. 60 күндүн ичинде тынчтык келишимине жетишебиз деп күтөм”.

Сахара маселеси 1970-жылдын ортосунан бери Ислам аймагында Америка-Европа колонизатордук тирешиндеги эң арам, эң жаман көрүнүштөрүн бири болуп келген. Трамптын биринчи жана экинчи администрациясы тушунда жана анын Марокконун Сахара үстүндөгү эгемендигин таануусу, автономия планын жалгыз колдонулушу мүмкүн болгон чечим катары колдоосу менен бул маселе жаңы стратегиялык баскычка өттү. Бул “Трамптын экономикалык-соода стратегиясынын” жана дүйнөнү бүтүндөй келишимдердин базары катары көргөн көз карашынын бир бөлүгү болгон. Ал убакытты натыйжаларга жетүүнү тездетүүчү чечүүчү фактор деп эсептейт. Ошондуктан ал Сахараны стратегиялык минералдарга бай болгон өңүттө “бели сындырылбаган жер” катары, Америка капитализми үчүн Африкага ачылган дарбаза катары, жана Магриб өлкөлөрүндө саясий, аскерий, экономикалык таяныч катары көрөт. Бул аймакты өзүнө менчиктештирип, үстөмдүгүн орнотуу анын негизги колонизатордук максаты.

Америка капиталист Трамптын башкаруусунда убакыт менен жарышып, өзүнүн колонизатордук бүтүмүн ишке ашыруудада. Мында эки негизги тарап: Марокко жана Алжир менен түздөн-түз иш алып барууда. Уиткофтун “алдынкы 60 күндө тынчтык келишими” жөнүндө айтканы жана анын командасы бул багытта иштеп жатканы — бул иш-аракеттер, байланыштар жана сүйлөшүүлөр практика жүзүндө жүрүп жатканын көрсөтөт. Муну Трамптын кудасы жана араб мамлекеттери жана Жакынкы Чыгыш иштеринин кеңешчиси Массад Булос да тастыктады. Ал өткөн жумада Саудиянын “Аш-Шарк” каналына берген маегинде мындай деди: “Алжир Батыш Сахара маселесине түпкү жана акыркы чечим издөөгө кызыкдар, ошондой эле Марокко менен мамилелерди жакшыртууга даярдыгын билдирүүдө”. Ал бул кайчы маселени чечүүгө мүмкүнчүлүк бар экенине оптимизм менен карап, мындай деп кошумчалады: “Мен жакында Алжир президенти Абдулмажид Теббун менен жолуктум. Ал Марокко эли, падыша, өкмөт жана мамлекетине карата ишеним көпүрөлөрүн кайра курууну жылуу кабыл алды. Акыр аягында, бул эки өлкө эки бир тууган эл, коңшу, тарыхы, баалуулуктары жана кызыкчылыктары бириктирип турган элдер”.

Ал эми Мароккого келсек, Массад Булос мындай деп билдирген: «Падышанын акыркы кайрылуусу тарыхый болду. Ал Сахара маселесине бардык тараптарды канааттандырарлык акыркы чечим табуу ниетин тастыктады, анткени туруктуу жана толук камтуучу чечим талап кылынат».

Бул Марокко жана Алжир режимдери америкалык колонизатордук бүтүмүнө тартылып жатканын далилдеген ишарат. Муну Трамптын Сауд үй-бүлөсүнүн режимин тараптарды ылдымдатуучу «рычаг» катары колдонуп жатышы да бекемдейт. Себеби Теббун менен Мухаммад VI бир убакта Мухаммад бин Салмандын каттарын алышкан. Айрым баалоолор алардын эки өлкө ортосундагы пикир келишпестиктерди жумшартууга байланыштуу делегациялык дипломатиядан кабар берерин билдирген.

Андан кийин президент Теббун 2025-жылдын 10-октябры, жума күнү аскер жетекчилеринин алдында толугу менен көрсөтүлгөн сөзүндө мындай деди: «Биздин кээ бир боордоштор, жакшы ниет менен, бизден Марокко менен чек араларды ачуу аркылуу Сахара маселесин чечүүнү суранып жатышат. Бирок чек ара Сахара маселесинен улам жабылган эмес. Ал башка себептер менен жабылган. Көз карандысыздык алгандан бери чек араларыбыз 45 жылдан ашык убакыт жабык турат».

Бул мезгилде Алжирдеги саясий риториканын тили да өзгөрүп, жумшак мүнөзгө ооп баратканы байкалды. Теббун «боордоштор» деп атап, алжир-марокколук кризис тууралуу бир нече өтүнүч алганын айтып, анда эки өлкөнүн чек арасын ачуу талабы бар экенин белгиледи. Бул, алардын пикирине ылайык, Сахара маселесин чечүүгө көмөктөшмөк.

Ал эми Уиткофтун сөзүндө эң таң каларлык нерсе анын Полисарио фронтун толугу менен четке кагып, маселенин өзөгүн Марокко менен Алжирдин ортосунда гана чектеп койгондугу. Бул Трамп администрациясы Полисарио картасынан баш тарткан болушу мүмкүн экенин, жана капиталист Трамптын экономикалык-соода келишимдер стратегиясына таянып, «эшиктерди талкалап, кулпуларды жулуп» түздөн-түз эки режимди айланып өтүп кирүүгө аракет кылып жатканын далилдейт.

Ал эми Алжир менен Марокконун Трамптын бүтүмүнө кирүүсүнүн себеби аймакта Британияга кызмат кылган бул эки режимдин өз бийлигинин уланышына кепилдик издөөсү, ошондой эле АКШнын колонизатордук үстөмдүгүнөн «жалган коопсуздук кепилдиктерин» алуу үчүн өтө жогору баа төлөөгө даяр болушу.

Трамптын Сахараны Мароккого таандык деп билүүсү жана анын кесепетинен чыккан кыйратуучу натыйжалар Мароккого абдан оор сокку болду. Анын кесепеттеринен:

  • АКШнын арам капитализминин Сахара байлыктарына, айрыкча анын сейрек кездешүүчү стратегиялык минералдарына ээлик кылуусуна жол ачылды.
  • Өлкөнүн айыл чарба секторуна кирип баруу: гибриддик дыйканчылык, генетикалык өзгөртүлгөн уруктар, тоют жана мал чарбачылыгы аркылуу америкалык капиталисттик монополиялардын айыл чарбасын көзөмөлдөп алышы; ошондой эле Марокконун кактус жана арган дарагы сыяктуу сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрүн өздөштүрүп, косметика өнөр жайында монополия кылып алышы; мындан тышкары деңиз балык чарбаларындагы долбоорлор жана айрым деңиз өнүмдөрүн монополиялоо сыяктуу башка кырсыктар.
  • Андан да коркунучтуу нерсе Американын Африкага багытталган колонизатордук аскерий командачылыгы (AFRICOM) Марокконун жүрөгүнө жайгаштырылышы. АКШ аны Мароккого көчүрүүнүн акыркы даярдыктарын жүргүзүүдө. “Эспресс” сайты (режимдин расмий үнү) Марокко бул командалык базаны кабыл алуу үчүн Лаюн, Дахла, Буждур жана Агадир шаарларын сунуштаганын жазды. Бирок америкалыктар тарыхый, техникалык жана логистикалык себептерден улам Кенитраны же Каср ал-Кабирди тандоого жакын экендигин билдиришти. Себеби Кенитрада мурдагы америкалык аба базасы болгон жана алар анын учуу тилкесин чоң аскерий учактарды кабыл алуу үчүн кеңейтүүнү каалашат.

АКШнын Африка үчүн аскерий командачылыгы Марокконун жүрөгүндө жана Батыш Ислам өлкөлөрүнүн батыш тарабында америкалык эң ири баскынчы базага айланат. Муну менен Америка өлкөдөн толук берилгендиктен башка эч нерсени кабыл албайт. Бул мамлекет колонизатордук жанар тоосунун оозунда турат, ал тез эле атылат деген сөз!

  • Андан дагы уяттуу иш баскынчы яхудий түзүмү менен нормалдашуу жана анын артынан келген саясий, экономикалык, сакофий жөөттөшүү, ошондой эле Газаны жок кылууга карата түздөн-түз тил бириктирүү жана колдоо.

Ал эми Алжир режимине келсек, АКШ колонизаторлору Алжирдин чыгыш жана түштүк чек араларына чейин жетип алды: түштүктө Франциядан суурулуп алынган Сахел өлкөлөрү аркылуу, андан соң Ливияга өзүнүн досу Хафтар аркылуу кирип барды. Бул Алжир режимин америкалык колонизаторлордун кысымында “кайчынын эки тарабынын” ортосунда калтырды. Натыйжада аны шантаж кылуу жана Трамптын колонизатордук бүтүмүнө тартуу жеңил болуп калды.

Трамптын Америкасы жана анын мина коюлган тынчтыгы — өзүнүн колонизатордук амалкөйлүгү менен — Полисарио фронтун керексиз шайман катары таштандыга ыргыткандан кийин, Сахараны өз компаниялары үчүн олжо кылууну, армиясы үчүн база кылууну, Африкага колонизатордук дарбаза кылууну, жана бүтүндөй Магриб өлкөлөрүн көзөмөлдөө үчүн өтүүчү эшик кылууну максат кылууда. Ал эми Марокко менен Алжирдин чыккынчылык жана шылдың режимдери бул жийиркеничтүү келишимге уяттуу күбө катары кызмат өтөштү.

Бул биздин уланып келе жаткан балээге айланды. Бул колонизаторлукка кызмат кылган режимдер бар турганда, алар биздин арабызда кала берет. Зыян келтирүүчү бул режимдер алардын башкаруучулары болгон колонизатор  кулчулук кылуудан башка эч нерсеге эмес, ээ болбойт дагы.

Устаз Мунажи Мухаммад

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button