Пакистан менен Сауд Арабия ортосундагы стратегиялык коргонуу келишими

Пакистан менен Сауд Арабия ортосундагы стратегиялык коргонуу келишими
2025-жылдын 17-сентябрында, шаршемби күнү Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд шаарында мураскер ханзада Мухаммад бин Салман менен Пакистан Республикасынын премьер-министри Шахбаз Шариф «Жалпы стратегиялык коргонуу келишимине» кол коюшту. Бул кадам маалымат каражаттарында эки өлкө ортосундагы мамилелерде «сапаттуу секирик» катары сүрөттөлдү. Сауд арабия маалымат агенттиги (SPA) кабарлагандай, бул келишимдин максаты Эр-Рияд менен Исламабаддын ортосундагы аскерий жана коопсуздук жаатындагы кызматташууну күчөтүү болуп саналат. Ал машыгууларды, тажрыйба алмашууну жана коргонуу маселелериндеги координацияны камтыйт.
Келишимде көрсөтүлгөндөй, тараптардын бирине болгон кандай гана кол салуу болбосун, экөөнө тең жасалган кол салуу катары эсептелет. Мындай ачык жазууга карабастан, бул Сауд Арабиясын коргоо максатында Пакистан ядролук «калканынын» камтылышын билдиреби деген суроолор жаралды. Айрым пакистандык расмий өкүлдөрдүн карама-каршы билдирүүлөрү жана Сауд Арабия тараптан расмий эмес булактардын мындай ыктымалдуулукка ишара кылган сөздөрү бул суроону күчөттү.
Келишим ошондой эле мурда эле эки өлкөнүн ортосунда жүргүзүлүп келген бир катар практикалык пункттарды да өз ичине алат — биргелешкен аскердик машыгууларды, чалгын маалыматтарын алмашууну, коргонуу өнөр жайындагы кызматташууну жана аскердик даярдыкты. Бул иш-аракеттер эми расмий түрдө коопсуздук хартиясына киргизилди.
Бул альянстын жарыяланышы Араб Лигасы менен Ислам Кызматташтык Уюмунун саммити ийгиликсиз аяктаганынан кийин болду. Алар яхудий түзүмүнүн Дохага кол салуусуна жана ХАМАС кыймылынын айрым жетекчилерин өлтүрүүгө жасаган аракетине жооп бере алышкан эмес. Ошондуктан бул келишим маалымат каражаттарында мусулмандардын Газа элин колдобой койгон уяттуу абалынан жана яхудийлердин ал жактагы кыргындарынан көңүл бурдуруу үчүн колдонулду. Ошондой эле бул келишим мусулман өлкөлөрүндө өкүм сүргөн кеңири нааразылыкты жана үмүтсүздүктү басуу үчүн саясий парда катары кызмат кылды.
Бул келишим Газаны жана анын коргоосун көңүл сыртында калтырып, «белгисиз коркунучтардан» өз аймактык режимдерин жана малай түзүмдөрүн коргоо менен, мусулмандардын армияларын бириктирип, оккупацияланган жерлерин бошотуу деген шаръий милдеттин ортосундагы чоң айырманы ачык көрсөттү.
Мындан тышкары, Вашингтондун келишим тууралуу кабары бар болгону же анын кыйыр катышуучусу болуп саналганы көрүнүүдө. Анткени Саудия жана Пакистан жетекчилери коопсуздук хартиясын түзүүдөн мурун АКШдан нускамалар же жашыл жарык алышкандай көрүнөт. Себеби Саудиялык да, Пакистандык да эки режим АКШнын кызматчылары болуп саналат жана анын макулдугусуз эч кандай стратегиялык демилгени ишке ашырбайт. «Аш-Шарк аль-Аусат» гезити кабарлагандай, Саудиянын коргоо министри Халид бин Салман хартия жарыяланган ошол эле күнү — 2025-жылдын 17-сентябрында — Эр-Риядда АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) башчысы адмирал Брэд Купер менен шейшемби күнү сүйлөшүп, жолугушкан.
Бул келишим Америка тарабынан өзүнүн көзөмөлү жана үстөмдүгү астында түзүүгө умтулуп жаткан Жаңы Жакынкы Чыгыш планынын логикасына жана контекстине шайкеш келет. Шек жок, мындай кызматчылар ортосундагы келишим аймактагы бул режимдерди алардын элдери тарабынан кулап түшүүдөн жана Исламдын таңын көтөрүүдөн, пайгамбардык тарикат боюнча Халифалык мамлекетинин кайра жаралуу аракетинен коргоого мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, мындай альянстарды Кытайга, Россияга жана Европага каршы колдонууга да шарт түзүлөт. Ошондой эле бул эки исламий маанилүү өлкөнүн жакындашуусу мусулмандардын башка өлкөлөрүндө алардын жетекчилигин орнотууга шарт түзүп, аймакта АКШнын көз карашын ишке ашырууга — анын маанилүү элементтеринин бири катары — Америка «Ибрахимий келишимдерге» кошулуусу жана муну аймактагы аскердик базасы болгон яхудий түзүмү аркылуу жетектөө мүмкүнчүлүгүн берет.
Саудия менен Пакистан режимдеринин пропаганда каражаттары коопсуздук келишимин кубаттап, жалгыз исламий ядролук мамлекет менен Харамейн өлкөсү бири-бирине тыгыз байланыш түзүп жатышат деп сыпатталгандыгына карабастан, бул эки режимди жеңишке жеткирүүгө же анын душмандары болгон яхудийлер, америкалыктар жана индустар менен согушууга умтулбастыгын ачык көрүүгө болот. Бул эки режимдин акылына мындай максаттар келбейт. Алар Харам өлкөлөрүн же «таза» Пакистанды чагылдырбайт, экөө тең шариат менен башкарбайт, тескерисинче, алар аны “терроризмге каршы күрөш“ деген ат менен 20 жыл мурун исламга каршы согушун жарыялаган кресттүү альянска кошулуу аркылуу талкалап жатышат.
Пакистан өлкөсү болсо, шариат менен башкарылбайт, тескерисинче АКШ таңуулаган секулярдык система менен башкарыла. АКШнын кулу болгон Первез Мушаррафтын дооруна чейин эле, система өлкөнү, институттарды жана аскерлерди дүйнөлүк секуляризацияга буруп, АКШнын Афганистанга кийлигишүүсүнө жол ачкан, бул болсо жүз миңдеген мусулмандардын өмүрүн кыйган. Пакистан режими АКШнын Пакистан менен Афганистандагы үстөмдүгүнүн сактоочусу бойдон калууда. Ал эми Пакистандан да жамандык булагына айланган Мухаммад бин Салмандын жетекчилигиндеги Сауд үй-бөлөсүнүн режими «2030 көз карашы» деп аталган программа аркылуу ачык секуляризмди кабыл алган. Ал АКШга болгон берилүүнү жана Исламга каршы күрөштү көбөйттү, уламаларга түрмөдөн орун даярдады жана Харам өлкөлөрүндө ахлакый төмөндүктү жайылтып, коомдук жашоону шаръий баалуулуктардан жана диний өкүмдөрдөн алыстаткан көңүл ачуучу комитеттерди түздү.
Мындай келишимдер же Араб Лигасына окшогон уюмдардын ичинде жасалган жарым-жартылай биримдик эмес, бардык мусулман өлкөлөрүн бириктирүү шаръий милдет болуп эсептелет. Анткени бул хартия АКШга Сауд жана Пакистан режимдеринин коопсуздугун сактоону жеңилдетип, аймактагы сатылган башкаруучулардын ички жана тышкы коркунучтардан коргонушун жеңилдетет. Бул шартта Пакистандын аскер башчыларына, мисалы, Ортоңку Чыгышта Халифалык тикеленсе же тышкы кандайдыр бир чакырык пайда болсо, бин Салмандын бөгөлгөн ордун ички коркунучтардан коргоо милдети жүктөлөт. Мындай союз аймакка зыян келтирип жаткан яхудий түзүмгө каршы күрөш үчүн эмес. Эгер чындап ушундай болгондо, анда пакистан аскерлери «Шахин» ракеталарын ядролук куралы менен аткылап, аны жер бетинен жок кылып, айбаттуу жерлерди яхудийлердин нажасатынан тазаламак эле го?! Эмне үчүн Сауд аскерлери Палестинаны бошотуу үчүн жөнөтүлбөй, анын ордуна Йеменге АКШнын таасирин күчөтүү үчүн жөнөтүлдү? Жооп ачык: бул — саткынчылык, Аллага, Пайгамбарга ﷺ жана момундарга берилгендик эмес, АКШга болгон кулчулук.
Билал ал-Мухажир
Роя гезити