Роя гезити

Сириянын жаңы башкаруусу жана яхудий түзүмү менен нормалдашуу

Сириянын жаңы башкаруусу жана яхудий түзүмү менен нормалдашуу

2024-жылдын аягында Сириянын жаңы администрациясы бийликке келгенден тарта, АКШ бул башкарууну яхудий түзүмү менен нормалдашууга акырындык менен түртүп келе жатат. 2024-жылдын 16-декабрында жаңы башкаруучу Ахмад аш-Шара The Times гезитине берген маегинде, анын өкмөтү 1974-жылкы Сирия–“Израил” ортосундагы ок атышууну токтотуу жана фронттук линияларды аныктоо келишимине берилген бойдон каларын билдирген. Ал ошондой эле бир нече ирет Сириянын аймагы яхудий түзүмүнө каршы кол салуу үчүн колдонулбайт деп ишендирген. Бул билдирүүлөр менен параллелдүү түрдө яхудий күчтөрү Сириянын түштүк аймактарына тереңдеп кирип, Жабал аш-Шейх чокусун жана Кунейтра мухафазасынын бир нече айыл-кыштактарын ээлеп алышты. Алар ал жакта күтүлбөгөн чабуулдардан коргонуу шылтоосу менен буфердик аймак түзүштү.

2025-жылдын 14-майында, Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядда аш-Шара менен Трамп жолугушуп, яхудий түзүмү менен “Ибрахимдик келишимдерге” кошулуу маселесин талкуулашты. Трамп өз учагында кайтып келе жатып билдиргендей, аш-Шара бул сунушту акырында кабыл ала турганын кыйыткан жана анын “ооба” деген жообу коомчулукка тараган видеодо да көрүнгөн. Бул келишим жөн гана саясий нормалдашуу эмес, калктын бардык катмарын камтыган идеологиялык жана сакафий нормалдашуу болору күтүлүүдө. Анда:

  • Яхудий түзүмүн мусулмандардын жеринде мыйзамдуу мамлекет катары таануу;
  • Анын легитимдүүлүгүнө каршы чыгууга катуу тыюу салуу;
  • Яхудий түзүмүн окуу программалары жана ЖМКлар аркылуу “табигый” нерсе катары көрсөтүү;
  • Ал эми Палестинаны басып алуу жана элге каршы кылмыштар толук көз жаздымда калтырылат.

Сириянын жаңы администрациясы сүйлөшүүлөр түз эмес мүнөздө деп ырастап келсе да, Reuters агенттиги 2025-жылдын 27-майында беш ишенимдүү булакка таянып, Сирия менен яхудий түзүмү соңку жумаларда бетме-бет жолугушуулар өткөргөнүн жана чек арадагы чыңалууну басаңдатуу жана жаңжалдын алдын алуу боюнча сүйлөшүү жүргөнүн билдирген. Мындан тышкары, америкалык жазуучу жана ишкер Жонатан Басс, аш-Шара менен жолуккандан кийин, Сирия менен яхудий түзүмүнүн орток душмандары бар экенин жана экөө регионалдык коопсуздукта маанилүү ролду ойной алышарын айтты.

Яхудий түзүмү менен нормалдашууга багытталган бардык кадамдар кылмыш! Бул өңдүү кадамдардын баары апааттуу коркунуч, алардан сак болуу жана башкаларды да эскертүү зарыл. Анткени бул кечирилгис кылмыш. Яхудий түзүмү 2023-жылдын октябрынан бери Газа элине каршы жапайычылык менен тукум курут жүргүзүп жаткан кезде, анын легитимдүүлүгүн таануу Ислам үммөтүнө, айрыкча Палестинанын жапа чеккен элине карата ачык чыккынчылык. Газадагы ар бир күн жүздөн кем эмес шахид же жарадар менен өтүп жатат. Ошого карабастан, мусулмандардын башкаруучулары кургаган идиштей болуп карап турушат. Ал эми кээ бирлери болсо бул трагедиянын түздөн-түз шериги болуп калышты.

Яхудий түзүмү менен нормалдашуу шариат боюнча ачык харам, акыл, вакыйлык жана саясий жактан да акмактык. Бул үммөттөн, анын акыйдасынан жана Шамдагы революциянын негиздеринен толук ажыроо болуп эсептелет. Анткени яхудий түзүмү ислам жерин басып алган баскынчы түзүм, аны тамыры менен жок кылуу парз. Ага тынчтык болбойт, жалгыз мамиле Аллах буйрук кылгандай согуш жана жихад болуу керек:

﴿فَمَنِ اعْتَدَى عَلَيْكُمْ فَاعْتَدُوا عَلَيْهِ بِمِثْلِ مَا اعْتَدَى عَلَيْكُمْ وَاتَّقُوا اللهَ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللهَ مَعَ الْمُتَّقِينَ﴾

«Демек, ким силерге кол салса, силер да аларга каршы кол салгыла. Алладан корккула! Билип койгула, Алла өзүнөн коркуучулар менен бирге». (Бакара сүрөсү, 194-аят).

Яхудий түзүмү алсыз, аскерлери коркок жана моралдык жактан талкаланган.  Газадагы кичинекей топтор алардын бүтүндөй дивизиясын сааттар ичинде кыйратып салганын көрдүк. Сириянын жаңы администрациясы нормалдашууга эмес, яхудий түзүмүнө каршы согуш жарыялоого даярдануусу зарыл. Ал “түзүм курчоосундагы” өлкөлөрдүн бири катары Газа элине жардам берүүгө милдеттүү. Алар жардам сурап жаткан эл мусулмандар, аларды коргоо фарз. Алла Таала айтат:

﴿وَإِنِ اسْتَنصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ﴾

“Эгер алар силерден дин жолунда жардам сурашса, жардам берүү силердин муйнуңарда милдет.” (Анфал сүрөсү, 72-аят).

Шам эли 14 жылдык күрөштө, каракчы, канкор режимге каршы көтөрүлүп, акыры аны кулатышты. Бирок бул курмандыктар “улуттук чек” менен токтоп калбашы керек. Алар яхудий түзүмү менен нормалдашууга алып келбеши керек. Бул түзүм БААС режиминен да ашып түшкөн канкор. Ал мусулмандарды кырып, үммөттүн жүрөгүн эзип жатат. Аны жок кылуу гана максат болушу керек. Яхудий түзүмүнө согуш жарыяланса, ал бир нече күн ичинде кулап түшөт. Бул Башар режимине каршы согуш жарыяланганда болгон окуядай болот. Анда дүйнөнүн бардык бурчтарынан мусулмандар топтолуп, согушка кошулушкан.

Эгер чын эле Сириянын жаңы администрациясы яхудий түзүмү менен “жагдайды тынчтандыруу” же “кагылышуудан качуу” деген шылтоо менен жолугушуулар өткөрүп жатса, бул Аллахка, Анын Элчисине ﷺ  жана момундарга карата чоң чыккынчылык болот. Бул Шам революциясынын далысына урулган бычак болот. Бул шахиддердин канына жана мужахиддердин күрөшүнө чыккынчылык болот.

Яхудий түзүмү баскынчы түзүм. Аны легитимдештирүүгө болбойт, ага тынчтык сунушталбайт. Ага каршы согуш гана татыктуу жооп. Ин шаа Аллах, үммөт жихадды ачык жарыялап, Ислам туусунун астында биригет. Ошондо Ал-Акса мечити жана бүтүндөй Палестина кайрадан Ислам үммөтүнүн кучагына азат болуп урмат менен кайтып келет!

Роя гезити

Устаз Ахмад ас-Сурани

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button