Роя гезити

Трамп яхудийлерди колдогон балта менен өз тарапташтары кысымынын ортосунда

Трамп яхудийлерди колдогон балта менен өз тарапташтары кысымынын ортосунда

Трамп саясат майданына эч кандай тажрыйбасы да, саясий иш боюнча билими да жок туруп кирип келди. Ал башынан эле ак тери шайлоочуларды көздөй багыт алып, өзүн салттуу саясатчылар чөйрөсүнөн тыштагы киши катары көрсөтүп, ар улуттуулукка, башка расаларга карата жек көрүүгө жана мусулмандарга болгон душмандыкка таянып чыкты. Ал “MAGA” деп аталган күчтүү база түзө алды, бул “Make America Great Again” — “Америка кайрадан улуу болсун” деген ураандын кыскартылышы. Учурда анын шайлоочулары төрт негизги катмарга бөлүнөт:

Биринчи катмар: евангелист христиандар. Алар АКШ калкынын болжол менен үчтөн бирин түзүшөт. Бул топ яхудий түзүмүнүн эң катуу тарапташтары болуп эсептелет жана ага күчтүү лоббилер жана чоң кайрымдуулук кылуучулар. Алар яхудий түзүмүнүн болушу өздөрүнүн куткаруучусунун кайтып келишин тездетет деп ишенишет. Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө кабыл алган чечимдери: АКШ элчилигин Куддуска көчүрүү, Голан дөңсөөсүн кошуп алынуусун таануу жана Абрахам келишимдериндеги активдүүлүгү евангелисттерди абдан суктандырды. 2024-жылдагы шайлоодо алардын 80%га жакыны Трампка добуш берди.

Экинчи катмар: салттуу консерваторлор, айрыкча улгайгандар. Алар Америка менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы стратегиялык альянска ишенишет жана бул түзүмдүн болуусу Америка үчүн пайдалуу деп билишет.

Үчүнчү катмар: “Америка биринчи” деген ураанга ишенгендер. Алар тышкы чатактарга кийлигишпөөнү, башка өлкөлөргө жардам бербөөнү жана президент ички маселелерге — инфраструктурага, карыздарга көңүл бурушу керек деп эсептешет. Азыркы учурда дал ушул катмар Трампты катуу сындап жатат. Бул сындарга Такер Карлсон, Маржори Грин, Мегин Келли сыяктуу маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана социалдык тармактагы таасирдүү адамдар башчылык кылууда.

Төртүнчү катмар: оңчул расисттер, мисалы, “Ку-Клукс-Клан,” жаңы нацисттер жана “альтернативдүү оңчулдар.” Бул катмар башка катмарларга салыштырмалуу аз санда, алардын айрымдары яхудийлерге каршы болуп, америкалык саясаттагы яхудийлердин таасирин токтотууну талап кылышат.

Байкалганы, Трамптын тарапташ базасында яхудий түзүмүн колдоого карата өзгөрүүлөр бар. Вашингтон Пост 2025-жылдын 30-июнундагы “Жаш республикачылар” партиянын ичинде “Израилди” колдоо боюнча муундар ортосундагы бөлүнүүнү күчөтүп жатат” деген аталыштагы макалада көрсөткөндөй, 2022-жылы 50 жаштан кичүү республикачылардын 63% яхудий түзүмүнө оң көз карашта болсо, азыр бул көрсөткүч 48%га түшүп, 52% каршы болуп калган. Ошондой эле Жеймс Зогби борборунун изилдөөсүнө ылайык (жыйынтыгы 2025-жылдын 5-майында жарыяланган), Америка саясаты ашыкча деңгээлде яхудий түзүмүнүн пайдасына ооп жатат деп эсептеген республикачылардын үлүшү 2024-жылдагы 33%дан 2025-жылы 39%га өскөн. Ал эми Куиннипияк университетинин 2024-жылдын май айындагы сурамжылоосуна ылайык, яхудий түзүмүн колдогон республикачылардын жалпы үлүшү 78%дан 64%га чейин төмөндөгөн.

Ачык көрүнүп тургандай, Трамптын тарапташтары анын яхудий түзүмүнө болгон саясаты боюнча экиге бөлүнүп жатышат. Айрыкча, анын эч шартсыз колдоосу, Газадагы жүрөктү сыздаткан кыргын жана ачарчылык көптөрдүн каршылыгын күчөттү. Алардын айрымдары, мисалы, Такер Карлсон өзүнүн платформасында Газа согушу жана элди ачкачылыкка салуу темаларын көтөрүп чыгып, көпчүлүк ислам өлкөлөрүндөгү маалымат каражаттары да козгобогон маселелерди талкууга чыгарууда. Ал өз берүүлөрүнө яхудий түзүмүн катуу сындаган конокторду чакырып жатат. Алардын акыркысы АКШ армиясынын мурдагы офицери Энтони Агиляр менен болгон маек болду. Ал АКШ түзгөн “Газа гуманитардык мекемесинде” иштеп жүрүп, Газадан кайткан соң Америка армиясындагы кызматтан кетти. Анткени ал жерде көргөнү системалуу өлтүрүүлөр жана ачкачылык. Ал маекте кичинекей Амир аттуу баланын яхудий армиясы тарабынан кандай зөөкүрдүк менен өлтүрүлгөнүн айтып берди. Мындай окуялар буга чейин америкалык маалымат каражаттары үчүн табу болгон эле.

Бул абалдан улам суроо туулушу мүмкүн: бул бөлүнүү Трамптын саясатына кандай таасир берет жана аны өзгөртүүгө даярбы?

Муну түшүнүү үчүн Америка менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы мамилени билүү зарыл. Батыш бул маскара түзүмдү мусулмандардын жүрөгүндө өзүнүн алдыга жылган базаcы катары түзгөн. Аны сактап калуу жалпы Батыш үчүн, өзгөчө Америка үчүн тагдырий мааниге ээ болгон кызыкчылык. Ошондуктан Америка андан баш тартып коюшун же ага зыянын тийгизе турган жардамдарды токтотушун элестетүүгө да болбойт. Араларындагы мамиле эрке уул менен камкор атанын мамилесиндей. Бирок эгерде Америка менен яхудийлердин пайдакорлук кызыкчылыктары карама-каршы келсе, анда Америка өзүнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коёт. Мындай абал 1991-жылдагы Мадрид конференциясында болгон: ал учурда АКШ Исхак Шамирди конференцияга катышууга жардамдарды токтотуу менен коркутуп мажбурлаган.

Бирок азыркы шартта Трамп жардамдарды токтотпойт, себеби алардын ортосундагы «аталык» мамиле бар жана алсырап жатканына карабастан, анын шайлоочулук базасы дагы деле болсо яхудий түзүмүн колдоодо күчтүү бойдон калууда. Бирок ал Газадагы согушка каршы болгон тарапташтарынын бир бөлүгүн тынчтандыруу үчүн айрым кадамдарга барышы мүмкүн. Мисалы, азык-түлүк жардамдары, же таасирсиз айрым билдирүүлөр. Ал эми өзү болсо калп айтып, бири-бирине карама-каршы билдирүүлөрдү жасоосу менен белгилүү.

Жалпысынан ал Газа маселесинде карама-каршылыкка түшүп жатат: бир тараптан ал Газа тууралуу тынчсызданып жатканын көрсөтөт, экинчи тараптан яхудий түзүмүнө толук колдоону улантууда. Мисалы, ал 2025-жылдын 28-июлунда Шотландияга болгон сапарында мындай деген: «Мен көрүп турам жана муну жашырып коюу мүмкүн эмес, бул балдар аябай ачка көрүнөт. Бул чыныгы ачарчылык». Ошондой эле ал Газада тосмосуз жана чек арасыз тамак берүү борборлорун ачууга чакырган.

Бирок мусулмандардын саны эки миллиарддан ашса да, душмандарынан жардам күтүп калганы абдан кайгылуу жана жүрөк ооруткан абал. Алар деңиздин көбүгү сыяктуу болуп, адамзаттын эң коркок калкы аларга үстөмдүк кылып, кырып жатат. Бул болсо аларды коргоп, алардын ишин көзөмөлдөп турган чыныгы жетекчи жоктугун билдирет.

Аллахтан сурайбыз: жакын арада Пайгамбарыбыз ﷺ  айткандай, «кайрадан пайгамбарлык минхажындагы Халифалык» кайтып келип, үммөт үчүн алардын иштерин карап, аларды коргой турган, чыныгы ыймандуу башкаруучуну даярдап берсин. Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан:

«الإمام جُنَّة يُقاتَلُ مِن ورائه ويُتَّقى به»

“Имам – бул калкан анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат”.

Устаз Мухаммад Ибрахим — Америка

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button