Роя гезити

“Чыдамдуулук кербени” Мисир режиминин саткындыгы жана аскеринин кыймылга келүү важибтиги ортосунда

“Чыдамдуулук кербени Мисир режиминин саткындыгы жана аскеринин кыймылга келүү важибтиги ортосунда

Араб режимдеринин башчылары куру саммиттер менен алдамчы конференцияларды майрамдап жатканда, Тунис, Алжир жана Мароккодон жөнөп, Ливия менен Мисир аркылуу Газага багыт алган «Чыдамдуулук кербени» аттуу элдик кербен жолго чыкты. Бул кербен 18 айдан ашык убакыттан бери камоодо турган Газа элине колдоо көрсөтүү жана курчоону алып таштоо максатын койгон. Кербен ар кыл жаштагы эркектер менен аялдарды камтыды. Алардын баары бир максатта, яхудий түзүмү курчоого алган Газадагы тоскоолдукту бузуу үчүн чогулушкан. Бул курчоонун артында коңшу арап түзүмдөрүнүн, өзгөчө Мисир түзүмүнүн түздөн-түз катышуусу жана кошоматчылыгы турат.

Бирок кербен Мисир чек арасына жакындаган замат, ачуу чындык дагы бир ирет айкын болду. Мисир режими куткаруучу дарбаза эмес, тескерисинче кылмыштын шериги экендигин далилдеди. Ал кербенди Мисирге киргизүүдөн баш тартты, мүчөлөрүн Саллюмда камап, телефондорун тартып алып, байланышууга тыюу салды жана кээ бир катышуучуларды артка кайтууга мажбур кылды. Бул жоруктар душмандын гана иши. Ошентип, Газа жалгыз гана яхудий түзүмүнүн курчоосунда эмес, уятсыз коопсуздук кызматташтыгы менен арабдар тараптан да курчоодо экени дагы бир жолу көрүндү. Эл аралык деңгээлдеги шериктештиктин колдоосу болсо кыймылсыз калды.

Бул кербенде курал да, ракеталык жабдуу да жок болчу. Бул жөн гана Газадагы камалган элди колдоо үчүн уюштурулган элдик демилге болчу. Ошого карабастан, Мисир режими аны коопсуздук коркунучу катары көрүп, ага ушундайча мамиле кылды! Демек, эми Палестина үчүн сөз айтуу да кылмышпы? Газа менен тилектештик билдирүү — кармоого жана жазалоого тете айыппы?

«Чыдамдуулук кербени» менен болгон окуя араб түзүмдөрүнүн, өзгөчө Мисирдеги Сиси түзүмүнүн расмий саткынчылык тизмесине кошулган дагы бир кылмыш. Бул режим дайыма өзүн яхудий түзүмүнүн коопсуздугуна берилген деп жарыялап, баскынчылардын башчылары менен болгон мамилеси менен сыймыктанып келет. Ал эми Газадагы элге жардам берүүнү ойлогондорду куугунтуктап, жаман көрөт.

Чыныгы позиция ураандарда эмес, аянтта байкалат. Ал аянтта болсо эч бир чек ара ачылбайт, бир да аскер кыймылдабайт, бир да курчоо алынбайт, баары Вашингтондун буйругу менен ишке ашат. Шексиз, бул кербен үммөт ичиндеги ыкластуулуктун белгиси. Ал Палестина маселеси үммөттүн жүрөгүндө тирүү экенин тастыктап турат. Бирок ачуу чындык, канчалык улуу болбосун гуманитардык кербендер баскынчылык түзүмдү кулата албайт, жерди бошото албайт, бомбалоону токтото албайт, курчоону жоё албайт. Ислам ачык көрсөткөн, алсыздарды колдоо күч-кудурет ээлерине парз. Алла Таала мындай деген:

﴿وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ…﴾

«(Эй, момундар), силерге эмне болду, Алла жолунда жана: «Раббибиз, бизди тургундары заалим болгон бул шаардан азат кыл жана бизге Өз алдыңдан бир дос бергин, бизге Өз алдыңдан бир жардамчы жибергин»,- деп жаткан эркектер, аялдар ошондой эле балдардан турган бечаралар (ды азат кылуу) жолунда согуш кылбай жатасыңар?!» (Ниса сүрөсү, 75-аят).

Бул аят кимге багытталган? Бул күч жана мүмкүнчүлүк ээлерине багытталган кайрылуу. Мисир армиясына, Иордания армиясына, Түркия армиясына, Пакистан армиясына жана бүткүл мусулман өлкөлөрүнүн армияларына, саны беш миллионго жеткен аскерлерге. Бул армиялар, эгерде чынчыл жана ихлас жетекчилиги болсо, яхудий түзүмүн бир нече күндүн ичинде жок кылууга жетиштүү курал-жаракка ээ. Бирок алар Байтул-Макдис тарапка жылуунун ордуна, элди курчоого алып, кербендерди тосуп, яхудий түзүмүнүн чек арасын элдин каарынан коргоп жатышат. Бүгүнкү окуялар түзүмдөрдүн саткындыгынын жана баскынчы менен шериктештигинин ачык көрүнүшү. Мисир көмөкчү дарбаза болуунун ордуна, камоочу абалга айланды. Мисир армиясы яхудийлерге каршы курал болуунун ордуна, алардын чек арасын кайтарган күзөтчүгө айланды. Газага каршы курчоодо аларга көмөктөш болууда.

Оо, Кинана жоокерлери! Оо, мусулмандардын күч ээлери! Газа силердин жардам үчүн жылып келишиңерге татыктуу эмеспи? Шахиддердин каны, жесирлер менен жетимдердин кыйкырыгы, кары-картаңдардын көз жашы силерди кыймылга үндөбөй жатабы? Палестина силердин мойнуңардагы аманат эмес беле? Анын эли силердин бир туугандарыңар эмес беле? Аларга жардам берүү силер үчүн парз эмес беле? Алла Тааланын буйругу силердин башчыларыңардын буйругунан жогору турбайбы?!

Палестинага жардам берүү үчүн билдирүүлөр жетишсиз. Кайгылуу билдирүүлөр эмес, чек араны ачуу буйруктары керек. Бир күндүк ачылган чек ара эмес, толук жана жалпы азаттык согушу керек. Силерге бүгүн үммөттү колдоо, саткын башкаруучуларды кулатуу, үммөттүн долбоору болгон Халифалыкты көтөрүү, Ислам башкаруусун орнотуу, армияларды жылдыруу жана Алланын убадасын ишке ашыруу милдети жүктөлгөн:

﴿وَعَدَ اللهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ…﴾

«Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзунө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну убада кылды».  (Нур сүрөсү, 55-аят).

«Чыдамдуулук кербени» кандай болгон күндө да, бүгүнкү түзүмдөрдүн бетине урулган шапалак болуп калды. Ошондой эле, Палестина маселеси үммөттүн жүрөгүндө тирүү экенин дагы бир жолу ырастады. Бирок бул ошол эле учурда коңгуроо да болду. Эми мусулмандар «жан тартып коюу» баскычынан өтүп, саясий түзүмдөрдү өзгөртүү, Ислам турмушун кайра баштоо, армияларды кыймылга келтирүү, курчоону бузуу жана жерлерди азат кылуу сыяктуу олуттуу аракеттерге өтүүгө убакыт жетти. Шахиддердин канын, энелердин сыздап ыйлаган үндөрүн, балдардын кыйкырыктарын конференция залдарында же саткын түзүмдөрдөн жардам тилеген үмүттөрдө текке кетирбегиле. Тескерисинче, чыныгы өзгөрүү, Палестинаны бошотуу, жана Халифалыкты куруу жолунда олуттуу аракет кылгыла.

Оо, Аллахым! Биз үчүн Ислам мамлекетин кечиктирбей орнот! Аксаны бошоткон, яхудийлерди талкалаган, мусулмандарды Ислам байрагына бириктирген, Нубувват ﷺ  жолундагы Халифалыкты бизге насип кыл!

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُواْ أَنَّ اللهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

 “Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла жана билип койгула, албетте, Алла ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жана Анын алдына топтолосуңар”. (Анфал сүрөсү, 24-аят).

Роя гезити

Устаз Саид Фадл

Хизб-ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы

маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button