Шарм-эш-Шейх конференциясы — “Тынчтык” урааны алдында баскынчылыкты бекемдөө

Шарм-эш-Шейх конференциясы — “Тынчтык” урааны алдында баскынчылыкты бекемдөө
2025-жылдын 13-октябрында Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында “Шарм-эш-Шейх тынчтык саммити” аттуу кеңири эл аралык конференция болуп өттү. Ага жыйырмадан ашуун мамлекет жана эл аралык уюмдар катышты. Жыйынга АКШнын президенти Трамп менен Египеттин президенти Сиси төрагалык кылышты. Ошондой эле бир катар араб жана батыш лидерлери, БУУ, Европа Биримдиги жана Африка Биримдигинин өкүлдөрү катышышты.
Бул конференция Газага каршы жүргүзүлгөн согуш токтотулганы тууралуу жарыядан кийин уюштурулду. Макулдашууга туткундарды алмашуу, чектелген гуманитардык коридорлорду ачуу жана Газадагы абалды эл аралык көзөмөл алдында кайра уюштуруу кирген.
Конференция туш келди өткөрүлгөн жок, тескерисинче, бир нече саясий жана аскерий факторлордун айкалышынан улам пайда болду:
- Согушту токтотуу: дүйнө жүзүндө, айрыкча Европада жана Америкада элдик басым күчөгөн соң, АКШ ныяхудий түзүмүнүн коопсуздугун камсыз кылган жана жаңжалдын кайра тутанышын алдын алган узак мөөнөттүү тынчтык абалын бекитүүгө түрттү.
- Исламий элдик кыймылдын күчөшүн алдын алуу: бул согуш Палестина маселесин кайрадан дүйнөлүк деңгээлге чыгарды жана эл арасында исламий рухту жандандырды. Бул болсо колонизаторлордун кызматындагы режимдерди жана Батышты үммөттүн же анын аскерлеринин кыймылга келүү ыктымалдыгы жөнүндө тынчсыздандырды. Ошондуктан бул жыйын абалды кайрадан саясий жактан көзөмөлдөп туруу үчүн чакырылды.
- Газаны башкарууну кайра уюштуруу: АКШ бул аймакта жаңы тартип орнотууну көздөйт. Анда ХАМАСты реалдуу бийликтен четтетип, эл аралык же араб көзөмөлүндөгү жарандык башкаруу түзүлмөкчү. Бул баскынчыны кеңири саясий келишимдерге киргизүүгө даярдоо кадамы.
- Согуштан кийинки этапка даярдык: курулушту жана жардамды эл аралык көзөмөл жана шарттуу каржылоого байлоо, байкоочу күчтөрдү жайгаштыруу, расмий каналдар аркылуу яхудий түзүмү менен мамилелерди нормалдаштыруу аркылуу сахнаны кийинки баскычка даярдоо көздөлүүдө.
«Тынчтык» жана «кайра куруу» ураандарынын артында АКШнын жана яхудий түзүмүнүн долбооруна кызмат кылган так максаттар жатат:
Биринчиден: согушту токтотууну америкалык көз карашка ылайык бекемдөө, башкача айтканда, убактылуу тынчтыкты туруктуу абалга айлантуу, жаңжалдын кайра тутанышына жол бербөө.
Экинчиден: «коопсуздук чаралары» деген шылтоо менен каршылыкты куралсыздандыруу. Бул Газанын чек араларына эл аралык байкоочу күчтөрдү жайгаштыруу жана каржылоону коопсуздук планына донорлор макул болгондо гана жүргүзүү аркылуу ишке ашат.
Үчүнчүдөн: Батыштын кызматындагы башкаруучулар жетектеген технократтык же арабдардан турган биргелешкен администрация түзүү. Мында чыныгы чечимдер АКШнын жана Батыштын колунда болот, ал эми ХАМАС менен куралдуу жамааттардын таасири толугу менен жоюлат.
Төртүнчүдөн: Египетке Кэмп-Дэвид келишимине жана яхудий түзүмү менен координацияга ылайык бул келишимдердин коопсуздук кепили катары рол берүү. Бул Египет режимине каршылыкты басуу, куугунтуктоо жана жок кылуу укугун берип, яхудий түзүмү аткара албаган милдетти аткарууга шарт түзөт.
Бешинчиден: Палестина маселесин «адамдык трагедияга» айлантуу, башкача айтканда, маселени жерди боштондукка чыгаруу жана баскынчыларды кууп чыгуу маселесинен реконструкция, каржылоо жана жашоону жакшыртуу маселесине буруу.
Бул конференция дагы бир жолу Батыштагы кафир колонизаторлор менен мусулман башкаруучуларынын ортосундагы табигый союзду айдан ачык көрсөттү. АКШ башында турган Батыш үчүн Палестина — бошотулушу керек болгон басып алынган жер эмес, тескерисинче яхудий түзүмүнүн үстөмдүгүн камсыз кылган «коопсуздук маселеси». Ошондуктан алар бардык саясий күчүн бул маселени жоюуга жана яхудий түзүмүн аймакка толук интеграциялоого жумшап жатышат.
Ал эми араб башкаруучулар айрыкча Египеттиктер бул америкалык долбоордун аткаруучулары. Алар яхудий түзүмүнүн чек араларын сактап, каршылык кыймылдарына басым көрсөтүшөт, чек араларды жаап, «тынчтык конференциялары» аркылуу өздөрүнүн саткындыгын саясий түрдө жаап-жашырышат.
Бул ишке Египет гана эмес, Иорданиянын, Катардын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана Сауд Арабиясынын башкаруучулары да катышып, жыйынтыктарын колдошту. Бул алардын үммөттүн бир бөлүгү эмес, тескерисинче душман лагериндеги аткаруучулар экенин көрсөтөт. Алар АКШнын буйруктарын аткарып, Палестинаны чыныгы колдоо аракеттерин басып турушат.
Яхудий түзүмүн таанууга же Палестина жеринин бир бөлүгүн сүйлөшүүгө коюуга негизделген ар бир конференция же келишим — шариат боюнча жараксыз жана харам. Анткени Палестина Исламга таандык жер жана эч бир башкаруучу же фракция анын бир карыш жеринен да баш тартууга укуктуу эмес. Тескерисинче, мусулман армияларын кыймылга келтирип, аны бошотуу милдет. Бул ишти Салахуддин (рахматуллахи алейхи) сыяктуу, кресттүүлөрдөн азат кылгандай кылып ишке ашыруу зарыл.
Бул конференция Палестина маселесин жоюу долбоорунун жаңы тепкичи. Максат, аны аскерий талаадан чыгарып, АКШнын сүйлөшүү үстөлүнө өткөрүү. Бул процесс басып алуучуну кайтарган саткын режимдердин катышуусу менен жүрүп жатат. Батыш эч качан адилет ортомчу боло албайт, анткени аны (яхудий түзүмүн) ошол Батыш өзү түзгөн, өзү коргойт, каржылайт жана анын аскердик үстөмдүгүн камсыз кылат.
Бул сыяктуу конференцияларга катышуу же алардын жыйынтыктарын кабыл алуу — үммөткө жана Исламга чыккынчылык. Анткени бул аракеттер душмандын мусулман жерлеринде туруктуу болушун бекемдеп, чыныгы шаръий чечимден көңүлдү бурат.
Газа жана бүтүндөй Палестина боюнча чыныгы фарз — билдирүү чыгарып, эл аралык конференцияларды күтүү же шарттуу жардам же саясий келишимдер менен эмес, жихад кылуу. Ыйык жерди азат кылып, элди эркектер жана курал менен коргоо. Египетте, Иорданияда, Сирияда жана Түркияда Палестинаны курчап турган армиялар яхудий түзүмүн бир нече сааттын ичинде жер жүзүнөн жок кылууга толук күчкө ээ. Бирок башкаруучулар аларды кыймылга келтирбейт, себеби алар саткындык жана кордук келишимдерине (Кэмп-Дэвид, Вади Араба, Осло) байланган. Ошондуктан үммөттүн милдети — бул башкаруучуларды кулатууга жана рошид Халифалыкты орнотууга үндөө. Ошондо гана жер бошотулуп, үммөт өзүнүн урматына жетет.
Эй Мисир калкы! Шарм-эш-Шейхте болгон окуя Газанын аркасына сайылган жаңы бычак, каршылык рухун түгөтүү максатындагы америкалык саясий схемаларды таңуулоо аракетинен башка нерсе эмес. Жеңиш «тынчтык» конференцияларында эмес, үммөтүңөр жана диниңер тарапка өтүүңөрдө, башкаруучулардын кишенин талкалооңордо жана Палестинаны яхудийлерден бошотуу үчүн кыймылга келүү менен болот.
Эй Мисир армиясынын ак ниет жоокерлери! Силердин башкаруучуларыңар яхудий түзүмүн сактоодо саясий да, аскерий да катышып жатышат. Бул алар үчүн таң калычтуу эмес. Анткени дал ошолор үммөттүн жүрөгүндө бул түзүмдүн орношуна жардам берген. Бирок таң калычтуу болгон нерсе, бул силердин абалыңар! Эмне үчүн силер дагы эле үммөттү бөлүп-жарган Сайкс-Пико чектерин кайтарып турасыңар? Исламдагы биримдик түшүнүгү кайда калды? Анда бир мусулманга каршы согуш болсо, ал бардык мусулмандардын согушу деп эсептелбейби? Эмне үчүн силер ар кайсы тарапка кыймылдайсыңар да, бирок Аллах жолунда жана Ислам менен мусулмандарды колдоо жолунда кадам таштабайсыңар?
Андыктан силер саткын башкаруучулардын чырмоогунан бошоп, Исламды кайрадан жашоого алып келүү үчүн иштеп жаткан ак ниет адамдарга кошулгула. Алар силерди Пайгамбарыбыз ﷺдын минхажы негизиндеги рошид Халифалык жетекчилигинде бүтүндөй Палестинаны жана бардык басып алынган мусулман жерлерин бошотуунун жолуна баштайт. Ошондо силер ансарлардын урматына жана даңкына ээ болосуңар.
Оо Аллахым! Бул үммөт үчүн акылмандыкка негизделген ишти даярда. Анда Сенин буйругуңду аткаргандар урматталсын, каршы болгондор кемсинтилсин. Анда Сенин Китебиң менен өкүм чыгарылсын, Сенин мамлекетиң орнотулсун. Жакшылыкка буйрулуп, жамандыктан кайтарылсын жана Палестина менен бардык мусулман жерлери бошотулсун.
Устаз Саид Фадл
Роя гезити




