
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Суроо жооп
Армения жана Азербайжандагы окуялар
Суроо:
Түштүк Кавказдагы Орусиянын таасири солгундады. Армения жана Азербайжандын АКШ менен тынчтык жолу аркылуу жөнгө салуу боюнча биргелешкен декларацияга кол коюусунан кийин жана эки коңшу өлкөнүн ортосунда 35 жылдан ашык убакытка созулган жаңжалдан кийин соода жана коопсуздук чөйрөлөрүндө келишимдер түзүлдү. (Al Jazeera 15/8/2025). Азербайжан менен Армения 2025-жылдын 8-августунда Вашингтондо кол коюлган келишимден кийин 2025-жылдын 11-августунда биргелешкен билдирүү жасашты. Алар башка тараптарды эки өлкөнүн ортосундагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн 1992-жылы түзүлгөн Минск тобун таркатууга чакырып, жергиликтүү, эки тараптуу жана эл аралык жүк ташуулар үчүн алардын ортосундагы байланыштарды ачуу шартын коюшту. Эки өлкөнүн мамилеси чыңалып, согуштар, өзгөчө соңку кездери курчуп турган маалда бул келишим кандайча болду? Анын максаттары кандай болгон? Сизге Аллах ыраазы болсун.
Жооп: Жоопту тактоо үчүн биз төмөнкү маселелерди карап чыгабыз:
- 2025-жылдын 9-августунда “Армян Пресс”тин араб баракчасы Вашингтондогу Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамптын катышуусунда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев тарабынан кол коюлган келишимдин текстин жарыялады. Анда, Азербайжан менен Армениянын ортосунда тынчтыкты жана эл аралык мамилелерди орнотуу боюнча келишимдин макулдашылган текстин парафировкалоо (расмий кол коюлганга чейинки жазма келишим) жана ага биротоло кол коюу боюнча мындан аркы аракеттерди улантуу жана алардын ортосундагы тынчтыкты сактоонун жана чыңдоонун зарылдыгын баса белгилешти. О.э Бириккен Улуттардын Уюмунун Уставына жана 1991-жылдагы Алма-Ата Декларациясына ылайык, мурдагы чыр-чатактар менен аныкталбаган келечектин багытын аныктоо каралган. Бул декларация СССР кулагандан кийин жана андан Азербайжан менен Армения бөлүнүп чыккандан кийин эки өлкөнүн ортосундагы чек араларды демаркациялоо жана алардын ортосундагы өз ара таануу, суверенитетти сыйлоо жана талаш-тартыштарды чечүү үчүн күч колдонбоо келишимине байланыштуу декларация. Тараптар тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана гүлдөп-өнүгүүнү колдоо максатында мамлекеттердин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана юрисдикциясын урматтоого негизделген жергиликтүү, эки тараптуу жана эл аралык жүк ташуулар үчүн эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды ачуунун маанилүүлүгүн ырасташты. Бул аракеттер Азербайжандын негизги бөлүгү менен Армениянын аймагы аркылуу Нахчыван автономиялык облусунун ортосунда тоскоолдуксуз байланышты камтыйт… Ошентип, келишимде бул маселенин маанилүүлүгүн эске алуу менен эки өлкөнүн ортосундагы байланыш, транспорт жана жолдорду ачууга басым жасалды. Азербайжандын Нахчыван аймагы Армения аны бөлүп турганы себептүү Азербайжан аны менен түз байланышы болбогондуктан, азербайжандар аны менен байланыш үчүн Иран аркылуу өтүшү керек эле. Келишимде Азербайжан менен анын Нахчыван аймагынын ортосунда жол ачуу каралган. Ал ошондой эле Азербайжан менен Түркиянын ортосунда жолдорду ачууга чакырды, анткени Армения алардын ортосунда жайгашкан. Кургак байланыш Армения аркылуу гана мүмкүн. Ушундайча Америка Азербайжандагы таасирин күчөтүп, Армениядагы таасирин кеңейтип, ал жактагы Орусиянын таасирин алсыратып же такыр эле жок кыла алат.
- 2025-жылдын 9-августунда Армян басма сөзүнүн араб тилиндеги бетинде жарыяланган келишимде “Армения Америка жана өз ара макулдашылган үчүнчү тараптар менен Армениянын аймагында “Эл аралык тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүгө карай Трамп жолу” (TRIP) аркылуу байланыш программасын ишке ашыруунун алкактарын аныктоо үчүн иштешет” деп да каралган. Америка буга чейин бул коридорду америкалык коммерциялык компания аркылуу түзүп, ижарага берүүнү сунуштаган. Бул тууралуу “Middle East Eye” сайты 2025-жылдын 14-июлунда билдирди: Америка Армения менен Азербайжандын ортосунда токтоп калган сүйлөшүүлөрдү алдыга жылдыруу үчүн пландалган коридорду өзүнө алууну сунуштады жана бул сунушту АКШнын Түркиядагы элчиси Томас Барак жума күнү (11-июль, 2024-жыл) пресс-конференциясында билдирди.. Сайт Барактын 32 км узундуктагы коридорго байланыштуу билдирүүлөрүн келтирип, анда мындай деди: “Алар 32 чакырым жолду талашып жатышат, бирок бул кичинекей маселе эмес. Бул бүтүндөй ондогон жылдардан бери жүрүп жатат, анан Америка келип, “Макул, биз алабыз, 32 чакырым жолду 100 жылдык ижарага бергиле, баарыңар тең бөлүшкүлө”,- деди. Бул эки өлкөдө тең Американын таасирин күчөтөт. Муну Рейтер агенттиги 2025-жылдын 8-августунда билдиргени тастыктайт: “Армения Трамптын Азербайжан Республикасы менен байланыш коридорун 100 жылга ижарага берүү планына макул болушу, Америка Кошмо Штаттарынын Азербайжан менен Армениянын ортосунда уланып жаткан талашка өз эркин таңуулоону көздөп жатканын көрсөтүүдө. Түркиянын колдоосу менен Азербайжан өзүнүн географиялык жактан бөлүнүп калган өзүнчө Нахчыван аймагына жол ачууну көздөп жатат. Армения бул келишимди Орусия акыркы согушта колдобой койгон шартта, коңшусу Азербайжандын ар кандай чабуулунан Американын коргоосун алуу мүмкүнчүлүгү деп эсептейт”. Армения жеңилип, 35 жыл мурда Орусиянын колдоосу менен жарыялаган Карабак аймагындагы алардын республикасы кулады.
- “Middle East Eye” веб-сайты: “Азербайжан коридордун толук Армениянын көзөмөлүндө болбоосун талап кылууда” деп жазды. Ал “Түркия Азербайжанга тынчтык келишимине кол коюу үчүн тымызын кысым көрсөткөнүн, коридорду башкаруу үчүн эки өлкөнүн макулдугу менен жеке компания түзүү идеясын алгач Түркия сунуштаганын” билдирди. Эрдоган 2025-жылдын 19-июнунда Азербайжандын президенти Алиевди кабыл алса, эртеси Түркияга сапары тарыхый деп эсептелген Армениянын премьер-министри Пашинянды кабыл алды. Түркиянын президенттик аппараты “Эрдоган Азербайжан менен Армениянын ортосунда уланып жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүндө жетишилген консенсустун маанилүүлүгүн баса белгиледи… жана Түркия менен Армениянын ортосундагы нормалдашуу процессинин алкагында ташталышы мүмкүн болгон кадамдарды талкуулады” деп билдирди… (Аль-Жазира, 21-июнь, 2025-жыл). Ошентип Эрдогандын Американын атынан келишимге кол коюуга даярданып жатканын көрүп жатабыз. Эрдоган Американын орбитасында айланат жана ал бийлигин сактап калуусу жана Армения аркылуу Азербайжанга барчу кургактык соода жолдорунан Түркиянын пайда алуусу үчүн Американын аймактагы таасирин кеңейтүүгө кызмат көрсөтүүдө.
- Келишимде алар “АКШ президенти Трампка алардын саммитин өткөргөндүгү жана эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди нормалдаштыруу процессине кошкон олуттуу салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди”, деп айтылган. АКШнын президенти Трамп өз өлкөсүнүн ролун жана жеке ролун өзгөчө көрүнүктүү кылгысы келди, анткени ал өзгөчө көрүнүүнү жана ар бир жетишкендигин өзүнүн атынан жазып алууну жакшы көрөт, ал өзүн тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө жетиштире алууга кудуреттүү көргөзгүсү келди. Азербайжан менен анын Нахчыван аймагынын ортосунда Армения аркылуу курула турган жолго анын ысымы ыйгарылган (Трамп жолу). Бул эки өлкөнүн ортосундагы келишимди түзүү менен Трамп Пакистан армиясынын башкы штабынын башчысы Мунир Асим жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху -тарабынан сунушталган Нобель Тынчтык сыйлыгын алууну үмүттөнүүдө. Трамптын тынчтыкка жетүү үчүн аракет кылып жатат дегени: тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү Американын кызыкчылыктарын ишке ашыруу, анын таасирин жана гегемониясын дүйнөнүн ар кайсы аймактарына жайылтуу жана таңуулоо анын улуулугун калыбына келтирүү дегенди билдирет. Анткени ал “Биринчи Америка” жана “Американы кайрадан улуу кыл (MAGA)” деген ураандарды көтөрүп чыкты.
- Келишимде мындай деп айтылган: “Келишимге кол койгон өлкөлөр Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттерди жана Минск боюнча тиешелүү түзүмдөрдүн чечимин кабыл алууга чакырышты”. Башкача айтканда, Трамп Минск тобуна кирген башка өлкөлөрдү алардын катышуусусуз, жада калса алар менен кеңешпей туруп, эч кандай маани бербестен жана көңүл да бурбастан, Американын бул чечимин кабыл алууга мажбурлоодо. Айрыкча, 1992-жылы Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун чечими менен Азербайжан-Армения маселесин чечүү үчүн түзүлгөн Минск тобунун лидерлигин АКШ менен тең бөлүшүп жаткан Орусия менен Францияны да кошкон жок! Америка Орусиядан обочолонуп, бул келишимге кол койду. Ал бул кол коюусун орус кесиптеши Владимир Путин менен жолугушуусуна чейин кылды. Бул маселеге Азербайжандагы таасирин жоготкондон кийин жана Минск тобунун лидери катары аймактагы, өзгөчө Арменияда таасири бар Орусиянын кийлигишүүсүн болтурбоо үчүн ушундай кылды. Ал Путинден жана топтун башка мүчөлөрүнөн бул келишимди моюнга алып, ага бата берүүлөрүн талап кылды. Орусия аралашып, каршылык көрсөтүүнүн ордуна, өзүнүн позициясынын алсыздыгын жана Арменияда жок болуп бараткан таасири алкагында эч нерсе кылган жок.
- Орусия кийлигишип, күч менен каршылык көрсөтүп, Армениянын Америка менен болгон карым-катнаштарын дагы да бекемдөөсүнө тоскоол боло турган абалда эмес. Ал Арменияга аны толугу менен жоготуп албоо үчүн эскертүүлөрдү жөнөтүп жатып, болуп жаткан окуяларга канааттангансып, кырдаалга кошулууну туура көрдү. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова билдирди: “Америка тарап көмөктөшкөн эки республиканын Түштүк Кавказдагы жолугушуусу оң баага татыктуу. Бул кадам тынчтык күн тартибин алдыга жылдырат деп ишенебиз”. Бирок ал “тышкы жардамсыз түз диалог түзүү зарылдыгын” баса белгиледи жана “аймактан тышкаркы актерлордун катышуусу тынчтык күн тартибин бекемдөөгө салым кошуп, кошумча кыйынчылыктарды жаратпашы керек” деп эскертти… (Al Jazeera 8/9/2025). Башкача айтканда, ал жерге Американын таасири түптөлүп калуусунан эскертти. Ал буга чейин Арменияны Батыш менен союздаш болбоону эскерткен жана Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 2025-жылдын 24-июлунда мындай деди: “Армения өзүнүн саясий багытын тандоо укугуна ээ болсо да, Москва Украина күбө болгон геосаясий өзгөрүүнүн кайталануусунан качууга үмүттөнөт”. Ал “Орусия Арменияны мурдагыдай эле өнөктөшү деп эсептейт жана аны менен кызматташууну улантууну каалайт” деп баса белгиледи. (Аль-Жазира, 25-июль, 2025-жыл). 2014-жылы АКШ жана Европа украиналыктарды ага каршы көтөрүлүшкө шыкакчы болгондон кийин, Орусия өзүнүн малайы Янукович кулагандан кийин ал жердеги таасирин жоготкон Украинанын тагдыры Арменияга да коркунуч туудурарын эскертти. Армениянын премьер-министри Пашинян былтыр 2023-жылдын 23-февралында France 24 телеканалына берген маегинде мындай деп билдирген: “Армения Орусия жетектеген Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна практикалык катышуусун тоңдурду… анткени ал Арменияга карата өз жоопкерчилигин аткарган жок”. Азербайжан 2020 жана 2023-жылдары Арменияга кол салып, аны Азербайжандагы басып алган аймактарынан күч менен чыгарып салганда Орусия аны коргогон эмес. Биз 2023-жылдын 4-декабрында берген жообубузда “Орусия бул согуш өзүнө каршы багытталганын жана Америка тарабынан Эрдоган Түркиясы жана анын коргоочусу болуп калган Азербайжаны аркылуу пландалганын билди жана аны эч кандай майнапсыз алаксытып, күчтөрүн чачырата турганын түшүндү. Ал азыр Украинадагы согушка, жеңилгиси келбеген тагдырий согушка багытталган. Аны жоготсо баарын жоготоорун, жеңсе жоготкон аймактарында өзүнүн таасирин калыбына келтире аларын билет. Ошол эле учурда бул шарттарда жана ага салынган курчоодо (санкцияларда) муктаж болгон жана Батыш дүйнөсүнө карата дарбаза болгон Түркия менен кагылышууну каалабайт. Ал жерде инвестициясы бар болгондуктан, Азербайжан менен да мамилесин сактап калгысы келет. Айрыкча энергетикалык ресурстар боюнча инвестиция 6 миллиард долларды түзүп, алардын ортосундагы сооданын көлөмү 4 миллиард доллардан ашат. Арменияга келсек, ал бардык жагынан ага көз каранды… жана Украинадагы согушта жеңип чыкса, өзүнүн толук таасирин мурдагы абалына кайтарышы күмөн эмес”деп айткан элек.
- Америка Европаны, өзгөчө аны менен бирге Минск тобун жетектеген Францияны көз жаздымда калтырды, ошондуктан Трамп Франция баш болгон Европаны, ошондой эле Орусияны майдандан чыгарды жана бул маселени жалгыз чечти. Чынында эле Азербайжан менен Армения Минск тобун таратуу боюнча биргелешкен кат жөнөтүшкөн. Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин 2025-жылдын 11-августунда жасаган билдирүүсүндө мындай деп айтылат: “Эки өлкөнүн тышкы иштер министирлери ЕККУнун учурдагы төрагасына Минск тобунун ишин токтотуу боюнча биргелешкен кат жолдошту. Бул кайрылуудан кийин уюмга мүчө мамлекеттердин арасында Минск процессин жана ага байланыштуу түзүмдөрдү токтотуу боюнча резолюция долбоору таркатылды, Азербайжан менен Армения бул резолюцияны кабыл алуу үчүн зарыл болгон чараларды колдоого чакырды”. (Азербайжан мамлекеттик маалымат агенттиги, 11-август, 2025-жыл).
Ошентип, Америка бул маселеде кандайдыр бир европалык таасирди жок кылуу менен аны монополияга алуу жана ал жерде өз таасирин жайылтуу мүмкүнчүлүгүн алды. Эки өлкө келишимди тез арада ишке ашырууга киришти, анын ичинде “келишимде каралгандай, алардын ортосундагы бардык өз ара дооматтарды жана талаштарды эл аралык деңгээлде алып салуу” бар… Франция Минск тобунун таратылышын кабыл алганын жарыялоого аргасыз болду. 2020-жылдан бери Азербайжан Арменияга согуш жарыялап, андан соң өз аймактарын кайтарып алгандан кийин анын эч кандай ролу жана таасири калган эмес. Минск тобу Азербайжандын бул аймагын тынчтык жолу менен кайтараарын ырасташкан эле. Франция утулуп калгандай көрүнбөш үчүн Америкага кошомат кыла баштады жана ал жактан ойной турган ролду издеп жатты. Азербайжанга каршы армяндарга ачык колдоо көрсөткөнү менен келишимди колдой турганын билдирди.
- Трамп келишимге кол коюуга катышуу үчүн Вашингтонго чакырып, анын президенти Эрдогандын кызматына сыйлык берүүнү күтүп жаткан Түркияны да көз жаздымда калтырды. Ал Азербайжанды колдоодо жана АКШ пландагандай Арменияны талкалап, басып алган аймактарын бошотууда маанилүү рол ойногон. Бирок Эрдоган дагы Трамп үчүн ашыкча болду, анткени ал келишимди аягына чыгарууда Эрдогандын зарылдыгы жок деп эсептеди. Антпесе аны Вашингтонго чакырмак, же Азербайжандын президенти Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү суранмак. Анткени Трамп буга чеийин Американын талаптарын аткарышы үчүн 2025-жылдын 13-майында Эр-Риядда Сириянын президенти Ахмад аль-Шараа менен болгон жолугушуусунда Эрдоган Ахмад Шараа менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүн суранган. Ал эми Армения-Азербайжан келишиминде Эрдоганды этибарга да албай койду! Ошондуктан, каапыр колонизаторлор үзүрүн көрүшөт, ал эми башкалары, алардын айланасында айлангандар же малайлар болсо, бийликте калуу үчүн, аларга жер айдап, эмгек кылышат. Ал тургай алардын бул эмгеги дайыма эле мөмө бербесе дагы… алар муну Түшүнүшпөйбү?!
- Трамп Американын улуулугун жана өзүнүн жеке улуулугун көрсөтүүгө ынтызар жана ал өзүн дүйнөдө тынчтык орнотуп, оор иштерди бүтүрө ала турган жалгыз адам катары көрсөткүсү келет. Жакында эле Иранда кылгандай, түздөн-түз же яхудий вужуду аркылуу душмандарга жана досторго каршы экономикалык согуштарды жүргүзүү жана кандуу согуштарды тутантууга кудуреттүү экенин да көргөзгүсү келет. Газаны курортко айландыруу долбоорун ишке ашыруу үчүн, ал жердеги геноцидди токтотууга же ылайыктуу түрдө бир үзүм нан кирүүзүүгө эч ким даап кийлигише албайт деген кудуретин көргөзүү үчүн уятсыз жана коркпой Газа калкын өлтүрүп, ачка калтырып, көчүрүү үчүн яхудий вужудуна ачык колдоо көрсөтүүдө! Ал Аллах андан мурда “анын өлкөсү Америкадан жана анын базасы, жөөтөрдөн да күчтүүрөөк” коомдорду жок кылганын унуткандай. Ислам үммөтү учурда башынан кечирип жаткан жашоосунда каапырлар тарабынан коюлган малай акимдер тарабынан канчалык зулум, зордук-зомбулук жана адилетсиздик жетсе да, ал ойгонуп аларга каршы көтөрүлүп, аларды кулатып, бийликти ким татыктуу болсо, ага тапшырып, Аллах түшүргөн өкүм менен башкарууну кайрадан тикелешин унутуп же унуткандай түр көрсөттү. Биз Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын, Ахмад Хузайфадан риваят кылган асыл хадисиндеги сүйүнчүнүн аткарылышы босогосунда жашап жатабыз:
… ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ. ثُمَّ سَكَتَ»
Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “…Андан кийин мажбурлоочу залим падышалык болот, Аллах кааласа ошончолук болот, анан аны жок кылууну кааласа аны жок кылат, анан пайгамбарлык минхажы негизиндеги халифалык болот, анан унчукпай калды”.
Жана ал Халифалык ислам рисаалатын дүйнөгө жеткирет жана анын ичинде жайылтат.
«لَيَبْلُغَنَّ هَذَا الْأَمْرُ مَا بَلَغَ اللَّيْلُ وَالنَّهَارُ، وَلَا يَتْرُكُ اللَّهُ بَيْتَ مَدَرٍ وَلَا وَبَرٍ إِلَّا أَدْخَلَهُ اللَّهُ هَذَا الدِّينَ، بِعِزِّ عَزِيزٍ أَوْ بِذُلِّ ذَلِيلٍ؛ عِزّاً يُعِزُّ اللَّهُ بِهِ الْإِسْلَامَ، وَذُلّاً يُذِلُّ اللَّهُ بِهِ الْكُفْر»
Ахмад Тамим ад-Дарийден риваят кылган асыл хадисте айтылгандай, Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын мындай деп айтканын уктум: “Бул иш (ислам), албетте, түн менен күндүз жеткенге чейин жетет. Аллах ылайдан жана жүндөн жасалган бир да үйдү калтырбайт, бирок бул динди ага урматтуулардын урматы менен же кор болгондордун кордугу менен киргизет: Аллах Исламды урматтаганга урмат менен жана Аллах каапырлыкты кор кылган кордук менен киргизет”.
Кудай буйруса бул албетте ишке ашат.
﴿إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْراً﴾
“Чындыгында, Аллах Өз максатын ишке ашырат. Аллах ар бир нерсе үчүн (белгиленген) бир чекти белгилеп койгон”.
1447-х, 22-сафар.
2025-ж, 16-август.