
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Суроо жооп
Кытай жана анын чектелген аймактык көз карашынан бошонушу
Суроо: 2014-жылдын 12-апрелиндеги суроого берилген жоопто төмөнкүлөр айтылган: “Кытайда кубатты жана коркутуучу чакырыкты сезүү бар. Ошондуктан, эгерде Кытай өз регионун сактап калуу менен гана чектелбегенде, өзүнүн регионун көздөй Американын көз артып аракеттенишине жооп иретинде Америкага каршы туруу менен гана чектелип калбаганда (ошондуктан да Кытай Американы анын өзүнүн региондорунда жана анын таасири региондорунда кыйын абалга кептеп туруксуз кылууга чыкпай жатат)… эгерде Кытай көп тармактарда, айрыкча экономикалык тармакта капитализмди кабыл ала баштабаганда… мына ушулар болбогондо, анда Кытайдын эл аралык майдандагы добушу албетте эң бийик болуп, анын Америка кызыкчылыктарына таасири эң күчтүү болот эле… Кандай болбосун, Кытайда кубатты сезүү бар, ошондуктан да ал өз вужудунун – мейли өз регионунда болсо да – өз каалоо-ыктыяры менен эркин аракет кылышын сактап калууга аракет кылууда…”. Кытай Америкага сейрек кездешүүчү металдарды экспорттоону чектеп, АКШнын казыналык облигацияларын сатып, армиясын модернизациялап, Бээжиндин түштүк-батышында дүйнөдөгү эң ири аскердик комплексти куруп жатат? Бул Кытайдын өз таасир аймагына чектелген саясий көз карашынан бошонуп, бул көз карашты Америка менен глобалдык деңгээлде атаандашуу үчүн кеңейтип жатканынын белгиси эмеспи? Аллах ыраазы болсун рахамат.
Жооп: Жоопту тактоо үчүн төмөнкү пункттарды карап чыгуу керек:
- Кытай Эл Республикасы 1949-жылы Мао жетектеген Коммунисттик партия менен Чан Кайши жетектеген Улутчул партиянын ортосундагы кагылышуудан кийин Маонун жеңиши менен негизделген. Ал эми бул кагылышууда Чан Кайши АКШ тарабынан ачык колдоого алынган. Чан Кайши жетектеген Улутчул партия Тайванга качып барып, ал жерде “Кытай Республикасын” жарыялаган. 1978-жылы Дэн Сяопин Кытай Коммунисттик партиясынын жетекчилигине келгенде, Маодон айырмаланып, ал идеологиядан (принциптен) экономиканы жогору койгон. Ал аз эмгек акыга жана жогорку экспортко негизделген экономикалык моделди түзүп, чет элдик инвестициялардын көбөйүшүнө эшик ачып, андан кийин 1979-жылы Кытайдын чыгыш шаарларында атайын экономикалык зоналарды (АЭЗ) түзгөн.
- Дэндин башкаруусунда Кытай экономикадагы жана тышкы саясаттагы коммунисттик принциптен (идеологиядан) баш тартып, иш жүзүндө капитализм менен коммунизмди аралаштыра баштады! 1980-жылдан бери, 45 жылдын ичинде Кытай абдан тез экономикалык өсүшкө жетишти жана өсүп жатат. 2010-жылга карата өлкө дүйнөдө Америкадан кийинки экинчи ири экономикага ээ болуп, ошол абалын сактап калууда. Америка банкы Кытай 2035-жылга чейин ИДПсын эки эсеге көбөйтө аларын жана дүйнөдөгү эң ири экономика катары АКШны басып өтөөрүн билдирди… (CBC Arabia, 27.02.2021). Бул экономикалык жагы.
- Аскердик көз караштан алганда, Кытай жыл сайын аскердик чыгымдарын көбөйтүп жаткандыктан, экономикалык күчүн аскердик күчкө айландыруу жолунда. (Кытай бүгүн, шаршемби күнү, 2025-жылга карата улуттук коргонуу бюджетин 7,2 пайызга көбөйтүүнү көздөп жатканын жарыялады, бул коргонуу бюджетинин онунчу жылы катары менен бир орундуу сан менен өсүшүн белгилейт. Өлкөнүн пландаштырылган коргонуу чыгымдары быйыл 1,784665 триллион юанга (болжол менен 249 миллиард АКШ долларына) жетет… (Al-Arabi News, 05.03.2025). Аны менен катар, Кытай армиясынын салттуу жана ядролук мүмкүнчүлүктөрү да өнүгүп жатат. (АКШнын Коргоо министрлигинин шаршемби күнү Конгресске тапшырган отчетунда 2024-жылдын ортосунда Кытай 600дөн ашык ядролук дүрмөткө ээ болгону жана 2030-жылга чейин алардын саны миңден ашаары айтылган… (RT, 18.12.2024). Кытай 2025-жылдын 3-сентябрында Экинчи Дүйнөлүк Согушта Японияны жеңгенинин 80 жылдыгына арналган аскердик парадда өзүнүн алдыңкы курал-жарактарын көрсөттү. Парад Кытайдын аскердик өнүгүүсүнүн масштабын баса белгиледи.
- Саясий көз караштан алганда, Кытай Американын таасирине кирбеген, аймактагы Япония жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдөн айырмаланып, ири көз карандысыз аймактык держава. Кытай бул региондогу өлкөлөргө салыштырмалуу улутчулдук мотивдерден жана экономикалык кызыкчылыктардан келип чыккан, принциптүү (идеологиялык) болбосо да, саясий амбициялары бар мамлекет. Түштүк Кытай деңизинин аймагы Кытай үчүн абдан маанилүү. Ал жерде Кытайдын тынымсыз өсүп жаткан өндүрүш секторун жана экономикасын энергия менен камсыз кылуу үчүн зарыл болгон маанилүү деңиз жолдору, балык уулоочу жайлар жана суу астындагы мунай менен газдын запастары бар. АКШнын Энергетикалык маалымат башкармалыгынын 2013-жылдагы отчетуна ылайык, “Деңиз түбүндө 11 миллиард баррель мунай жана 190 триллион куб фут жаратылыш газынын кору бар” (АКШнын Энергетикалык маалымат башкармалыгы, 13.04.2013). Мындан тышкары, дүйнөлүк сооданын 80%дан ашыгы Түштүк Кытай деңизи аркылуу өтөт, ал аркылуу коммерциялык товарлардын көлөмү 5,3 триллион долларды түзөт (China Power, 2016). Ошондуктан, Кытай бул геосаясий жана геостратегиялык аймакта кызыкчылыгы бар жана ага укугун талап кылат.
- Дүйнө полициясынын ролун ойногон Америка өзүнүн Азия стратегиясына ылайык, кээде аскерлерин жана жабдууларын Европадан Тынч океан аймагына көчүрүү менен, кээде Тайвань кризисин пайдалануу менен – Кытайдын күчөшүнө жол бербөөгө жана аны кармап турууга аракет кылып келет. Кээде Индияны колдонуу менен, кээде “Австралия, Улуу Британия жана Америка Кошмо Штаттары” жана “Квад” (АКШ, Австралия, Индия жана Япония) сыяктуу аймактык өлкөлөр менен аскердик альянстарды түзүп келет. Кээде Huawei сыяктуу кытайлык компанияларга каршы соода согуштарын жүргүзүү аркылуу басым өткөрөт. Себеби, Советтер Союзу кулагандан кийин, Америка исламды негизги (идеологиялык) душман, ал эми Кытайды мамлекеттик душман катары өзүнүн душмандарынын тизмесинин башына койгон. Америка Ирактагы жана Ооганстандагы согуштар себептүү Кытай менен болгон кагылышууну кечеңдетип жана жайлатса да, бул согуштардан кийин ал өзүнүн бардык максатын, айрыкча соода согуштарын Кытайга бурган.
Бул түшүндүрмөдөн кийин, биз эми суроонун жообун карап чыгууга өтөбүз:
А) Сейрек кездешүүчү минералдардын экспортуна келсек, Кытай алардын, айрыкча заманбап, технологиялык жактан өнүккөн тармактардагы маанисин билет. Дүйнө жүзү боюнча өндүрүлгөн сейрек кездешүүчү металлдардын 200дөн ашык заманбап тармактарда колдонулган 17ге жакын түрү бар. Алар аскердик өнөр жай, учактар, суу астында жүрүүчү кемелер, космостук кемелер жана дрондор үчүн зарыл. Бул минералдардын негизги пайызы Кытайда казылып алынат. Кытай бул минералдар маселесин Америкага каршы курал катары колдонуп, соода согушунда андан жеңилдиктерди алып келет. Трамп Кытайга карата тарифтерди акырындык менен жогорулатууну жарыялаганда, алар акыры 2025-жылдын 8-апрелинде 104% га жетти. Буга жооп катары Кытай 2025-жылдын 9-октябрында АКШга сейрек кездешүүчү металлдарын экспорттоого чектөөлөрдү киргизгенин жарыялаган. Кытай дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү металлдардын запастарынын 49%на ээлик кылат жана жылдык дүйнөлүк өндүрүштүн 69%ын түзөт. Башкача айтканда, бул аракет жана реакция болду… Андан кийин аракет жана реакция кайрадан кайталанды, ошондуктан Трамп тарифтерди болжол менен 47% га чейин төмөндөттү. Андан кийин, 2025-жылдын 30-октябрында Түштүк Кореянын Пусан шаарында 32-Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (АСЕАН) саммитинин алкагында кытайлык кесиптеши менен жолугушуудан кийин, Трамп учагында учуп бара жатып мындай деди: “Америка тарабынан Кытайга киргизилген тарифтер 47%га чейин төмөндөйт… Сейрек кездешүүчү металлдарга байланыштуу бардык маселелер чечилди жана алар боюнча келишим бир жылга созулат, кийинчерээк узартуу мүмкүнчүлүгү бар”. (Аш-Шарк Аль-Авсат, Аль-Араби Аль-Жадид, 30.10.2025).
Ошондуктан, Кытайдын сейрек кездешүүчү металдарын чектөөсү кытайдын аймакка чектелген тар ой жүгүртүүсүнөн арылуу дегенди билдирбейт, тескерисинче, бул Американын тарифтерди киргизүү чечимине каршы реакция, б.а. бул “сүйлөшүү ыкмасы”. Муну вакыйлык көрсөтүп турат. Бажы алымдары азайтылып, сейрек кездешүүчү металлдарга чектөөлөр бир жылга токтотулду.
Б) Ал эми Кытайдын 2017-жылдын октябрь айында 1 триллион 189 миллиард долларга жеткен АКШнын казыналык облигацияларынын бир бөлүгүн сатуусуна келсек, Кытайдын АКШнын казыналык облигацияларына болгон камтуусу 2009-жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге түштү. АКШнын Казына министрлиги шейшемби күнү жарыялаган маалыматтарга ылайык, кытайлык инвесторлорго таандык АКШнын мамлекеттик карызынын наркы 2024-жылы 57 миллиард долларга төмөндөп, 759 миллиард долларды түзгөн. Бул башка өлкөлөрдөгү кытайлык казыналык облигацияларды камтыбайт. Бул чечим принципиалдуу (идеологиялык) көз караштан келип чыккан эмес, тобокелдиктерди азайтууга багытталган коргонуу кадамы катары кабыл алынган. Анткени Америка менен Европа 2022-жылы Орусиянын Украинага каршы согушунан кийин орусиялык 300 миллиард долларлык активдерди тоңдуруп, SWIFT системасын курал катары колдонгону белгилүү. Ошондуктан, Кытай бул облигацияларды Америка Россияга каршы жасаганындай эле эгер Тайванга кол салуу же соода согуштары сыяктуу башка себептерден улам өзүнүн активдерин (каржысын) тоңдуруп коюшуна жол бербөө үчүн алтын резервине айландырган болушу мүмкүн. Өткөн жылы эле Кытай өзүнүн резервине 550 миллиард долларга бааланган бир нече тонна алтын кошту. Өткөн айда Кытайдын расмий резервдериндеги алтындын үлүшү тарыхтагы эң жогорку деңгээлге көтөрүлүп, 4,9% түздү…” (Artigercek.com, 18.05.2024).) Айрым эксперттер айткандай, Кытайга таандык активдердин азайышы алардын айрымдарынын Бельгиядагы Euroclear жана Люксембургдагы Clearstream сыяктуу баалуу кагаздарды сактоочуларга өткөрүлүп берилишинен улам келип чыккан дегендик, чындыктан алысыраак. Анткени бул учурда да, ал Америкадан аткезчилик жол менен алынып чыгып, Бельгия менен Люксембургга которгон активдер Американын бул өлкөлөргө карата көрсөткөн кысымынан улам тоңдурулат. Ошондуктан, алтын эң коопсуз жай… жана ал башкаларга караганда артыкчылыктуу. Демек, бул кадам Кытайдын тар көз караштагы менталитетинин өзгөргөнүн көрсөтпөйт, бирок “сактык чарасы” катары каралышы мүмкүн. Кытайдын сейрек кездешүүчү элементтерине байланыштуу кадамы жана АКШнын казыналык облигацияларын сатуусу Американын аракеттерине каршы реакция болуп саналат, жоопто айтылгандай: “Анын Америка менен тирешүүсү Американын аракеттерине реакция менен гана чектелет”.
В) Ал эми Кытайдын өз армиясын модернизациялоо жана Пекиндин түштүк-батышында дүйнөдөгү эң ири аскердик комплексти түзүү маселесине келсек, Кытайдын армиясы Элдик боштондук армиясы (ЭБО) жүз жылдык максаттарына 2027-жылга чейин жетүүгө болгон милдеттенмесин ырастап, модернизациялоо аракеттерин тездетүүгө жана согуштук даярдыкты жакшыртууга убада берди. Элдик боштондук армиясынын жана Элдик куралдуу полиция күчтөрүнүн делегациясынын өкүлү Ву Цянь жүз жылдык максаттарга жетүү жана аскердик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү Кытайдын улуттук коргонуусун модернизациялоо боюнча кеңири аракеттеринин алкагындагы “стратегиялык артыкчылык” экенин баса белгиледи. Ву мындай деди: “Биз максаттарыбызга күчтүү көрсөткүчтөр менен жана белгиленген мөөнөттө жетүү үчүн күч-аракетибизди жумшашыбыз керек”… (Defense-arabic.com 13/03/2025). Financial Times гезити АКШнын азыркы жана мурдагы расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап, Кытайдын аскерлери Бээжиндин батышында согуш мезгилиндеги командалык борбор катары кызмат кыла турган, АКШнын Коргоо министрлиги Пентагондон алда канча чоң комплекс куруп жатканын билдирди. Гезиттин маалыматы боюнча, алар алган спутник сүрөттөрүндө Пекинден түштүк-батышка карай 30 чакырым алыстыкта жайгашкан 4000 чарчы метрден ашык аянтты ээлеген курулуш аянты көрсөтүлгөн. Ал жерде аскердик эксперттердин баамында, анын ичинде кандайдыр бир чыр-чатак учурунда, потенциалдуу ядролук согуш учурунда кытай аскер жетекчилерин коргоо үчүн чоң, бекемделген бункерлерди жайгаштыра турган терең чуңкурлар болушу ыктымал… (Al Jazeera Net, 31.01.2025). Ошондуктан, армияны модернизациялоо, Пекиндин жанында, 30 км алыстыкта эбегейсиз чоң командалык борбор куруу, Түштүк Кытай деңизинде жасалма аралдарды куруу же деңиз флотун тездик менен кеңейтүү, Американын аймакка аскердик деңиз флотунун 60% жайгаштыруусуна каршы реакциядан башка нерсе эмес. Башкача айтканда, бул аскердик комплексти куруу максаты, Американын колонияларында аны менен кагылышууга кирип, анын ордун ээлеп калуу эмес.
Америка Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийин Британияга коркунуч туудуруу жана анын колонияларында аны алмаштыруу үчүн кагылышууга киргенде анын ордун ээлеп калган эле. Кытай Американы колонияларынан кууп чыгуу, таасирин алсыратуу жана анын ордуна башка бирөөнү орнотуу үчүн армиясын модернизациялоону каалаган эмес. Башкача айтканда, бул аракеттер Американын Кытайдын аймагына үстөмдүк кылышына жол бербөөгө байланыштуу (ал өзүнүн аймагын сактап калууга ыраазы) тактап айтканда, аймактагы америкалык аскердик күчтөрдүн көбөйүшүнө Кытайдын каршы реакциясы болуп саналат.
Жыйынтыктап айтканда, Кытай азыр аны ири дүйнөлүк держава кылууга мүмкүндүк берген материалдык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бирок, азырынча Кытай Америка менен анын таасир чөйрөсүндө же башка аймактарда атаандашууга батынбагандай. Ушул себептен улам, ал 2022-жылдан бери Россия Украинага басып кирип, Америка жана Батыш өлкөлөрү тарабынан Орусияга киргизилген санкциялардан кийин, өзү пландаштырган жана коркуткандай Тайванды күч менен аннексиялоону уланткан жок. Америка жана Батыштын таасириндеги Африка, Азия жана башка жерлердеги таасирине каршы батынбады. Ал көп жылдар бою пландап келгендей, Тынч океанынын жээгинен Индия океанына чейин жана Африкага чейин созула турган, аскердик базаларды куруудан баш тартты. Бир гана Жибутидеги бир базасы бар. Ал Панамадагы кызыкчылыктарына карата Американын коркунучтарына карата бекем жана олуттуу позицияны ээлеген жок, тескерисинче акыры бул коркутууларга моюн сунуп, 2025-жылдын 6-февралында Панама каналын Кытайдын көзөмөлдөө маселесин камтыган Кытайдын Жаңы Жибек жолу келишиминен чыгып кетти. Ал өзү эч нерсе баштабастан, Американын жакын жерден баштаган кадамдарына жөн гана каршы реакция кылат. Ошондуктан, мурунку суроо жоопто айтылган нерсе дагы эле күчүндө. Анын аймактык таасирга атаандашуусу айдан ачык жана ал атаандашып жатат, бирок ал Америка менен атаандашкан глобалдык таасир талашуу эмес. Бирок, Кытайды дүйнөлүк масштабда олуттуу саясий аракеттерге түртүүчү жаңы саясий жана интеллектуалдык өнүгүүлөрдүн болушу чындыктан алыс эмес, айрыкча ал аскердик жана экономикалык жактан алдыга жылып жатат.
Демек, Америкабы же Кытайбы же экөө теңби, бул дүйнөдө атаандашып жатышат, аларды жана алардын жолдоочуларын жамандыктан башка эч нерсе курчап турган жок, анткени аларда ийгиликке жетелей албаган жалган цивилизация бар. Ал эми бүгүнкү күндө алардын жерден жогору тургандай көрүнгөн бийиктигине келсек, бул дүйнөгө жакшылыкты тараткан, алардын жамандыктарын жок кылган жана алардын түзүлүшүн буза турган “мамлекеттин” жоктугунан улам келип чыгууда. Кудай буюрса, ал кайтып келет. Ал Туура жолдогу Халифалык, ал аларды мурда өздөрүнө окшогон перстер жана римдиктерди кулаткандай кулатат. Ислам үммөттү – тирүү, активдүү жана ал Аллах алар үчүн белгилеп койгон баштапкы жолуна тездик менен кайтып келе жатат.
﴿كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ﴾
“Силер адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөтсүңөр. Силер (адамдарды) жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарасыңар жана Аллахка ишенесиңер“.
Анан үммөттүн ичинде Аллах Таалага, Анын Элчисине ﷺ чынчыл болгон, сапарын тездетип, түнүн күнү менен улаган, Аллах Тааланын убадасы жана Анын Элчисинин ﷺ жакшы кабары анын колу менен аткарылганга чейин жана Аллах жолунда эч бир жамандоочунун жамандыгынан коркпостон иш алып барып жаткан бир жамаат бар. Аллах кааласа, анын убадасы ал аркылуу аткарылмайынча, Туура Жолдогу Халифалык кайтып келип, Аллах Тааланын убадасын жана Анын Элчисинин (ага тынчтык жана береке болсун) кубанычтуу кабарын аткармайынча, Константинопол фатх кылынганындай Рим мусулмандардын колу менен фатх кылынганга чейин-Анын чечкиндүүлүгү алсырабайт жана солгундабайт.
أخرج أحمد في مسنده ..عن عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عَمْرِو بْنِ الْعَاصِي فَقَالَ بَيْنَمَا نَحْنُ حَوْلَ رَسُولِ اللَّهِ ﷺ نَكْتُبُ إِذْ سُئِلَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ: أَيُّ الْمَدِينَتَيْنِ تُفْتَحُ أَوَّلاً قُسْطَنْطِينِيَّةُ أَوْ رُومِيَّةُ؟ فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ: «مَدِينَةُ هِرَقْلَ تُفْتَحُ أَوَّلاً يَعْنِي قُسْطَنْطِينِيَّةَ»
Ахмад өзүнүн “Муснад” китебинде Абдулла бин Амр бин аль-Аастын сөзүнөн риваят кылат, ал мындай дейт: Биз Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жанында жазып турганыбызда, Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын салам-салаваты болсун): Эки шаардын кайсынысы биринчи фатх кылынат , Константинополбу же Римби? деп суралганда, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Алгач Ираклий шаары, башкача айтканда, Константинопол фатх кылынат”, – деп айткан.
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾
“Ал күнү момундар Аллахтын жеңишине кубанышат. Ал кимге кааласа жеңиш берет. Ал – Кудуреттүү, Мээримдүү“.
1447-х, 1-жумаадис саани.
2025-ж, 22-ноябрь.




