Саясий
Trending

Судандагы Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (RSF) Фаширди басып алышы

Судандагы Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (RSF) Фаширди басып алышы

Суроо:

АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча башкы кеңешчиси Масъад Булус билдиргендей, Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрү үч айга созулган ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетишти. Бул келишимге Бириккен Араб Эмираттары, Америка Кошмо Штаттары, Сауд Арабиясы жана Мисир кирген «төрттүк тобу» тарабынан 12-сентябрда сунушталган план негиз болгон… (Sky News Arabia, 2025-жылдын 3-ноябры).

Бул АКШнын планын Судандын эки тарабы т.а. режим жана Ыкчам колдоо күчтөрү жактырганы, Фашир шаары Ыкчам колдоо күчтөрүнүн колуна өткөндөн кийин болуп жатат. Демек, бул АКШнын планына макул болуунун артында эмне турат? Андан тышкары, Судандын армиясы Ыкчам колдоо күчтөрү Дарфур аймагынын борбору болгон Фашир сыяктуу чоң жана бекемделген шаарды басып алуусуна кантип жол берди? Армия бул шаарды узак убакыт бою катуу коргоп келген эле, Ыкчам колдоо күчтөрүнүн чабуулдарына каршы турууда чоң каршылык көрсөткөн. Шаар Ыкчам колдоо күчтөрүнө кантип өттү? Бул окуянын көлөмү менен кесепеттери кандай?

Жооп:

Бул суроолорго толук жана так жооп берүү үчүн төмөнкү жагдайларды карап чыгалы:

Биринчиден: «Аль-Жазира» өзүнүн сайтына 2025-жылдын 28-октябрында мындай деп жазды: «Ыкчам колдоо күчтөрү жекшемби күнү таң эрте Фашир шаарына толук көзөмөл орнотту. Бул бир жылдан ашык убакытка созулган курчоонун жыйынтыгы. Мунун натыйжасында колдоо күчтөрү Дарфурдун бардык беш вилаятын өз көзөмөлүнө алды. Ошентип, өлкөнүн чыгыш бөлүгү Судан армиясынын, ал эми батыш бөлүгү Ыкчам колдоо күчтөрүнүн көзөмөлүндө болуп калды».

Бул маалыматтын өзү эле көрсөтүп турат, Фаширди басып алуу жөн гана бир шаардагы жеңиш эмес, бүтүндөй Дарфур аймагын басып алуу дегенди билдирет. Анткени, Ыкчам колдоо күчтөрү бул шаарды бир жыл бою курчап турган. Алардын колунда армиянын бөлүктөрүнө каршы чечүүчү жеңишке жетүүгө мүмкүндүк бере турган олуттуу аскердик техника да жок эле. Ошого карабастан, шаарды бир жылдан бери эрдик менен коргоп келген Судан армиясынын бөлүктөрү күтүүсүздөн артка чегинди.

Мунун себеби, аль-Бурхан өкмөтү шаарды ачык эле бөлүп берип, аны козголоңчу — Ыкчам колдоо күчтөрүнүн жетекчиси Хамдан Даклонун (Хамидти) колуна өткөрүп бергени айкын болду. Бул өткөрүп берүү эч кандай жашыруусуз, ачык жана көрүнө тургандай түрдө ишке ашкан.

  1. Судан Эгемендүүлүк Кеңешинин төрагасы Абдуль-Фаттах аль-Бурхан мындай деди: «Судан эли жана куралдуу күчтөр сөзсүз жеңишке жетет. Бирок Фашир шаарындагы жетекчиликтин чечими шаарды системалуу түрдө кыйратуу болгону үчүн аны таштап чыгууга мажбур болду» (Аль-Жазира Нет, 27/10/2025).

Андан соң ал куру убадага окшош сөздөрдү кошуп мындай деп айтты: «Биздин күчтөр жеңишке жетип, абалды өзгөртүүгө жана жоготулган аймактарды кайтарып алууга жөндөмдүү. Биз ар бир шахиддерибиздин каны үчүн өч алабыз».

  1. 2. Судандык аскердик булактар «Аль-Жазирага» билдиришкендей, Судан армиясы Фаширдеги бир дивизиянын командачылыгынын штабын «тактикалык себептерден улам» бошоткон. (Аль-Жазира Нет, 27/10/2025).

Бул билдирүүлөр Абдуль-Фаттах аль-Бурхан тарабынан жана анын аскердик булактарынан кыйыр мааниде эмес, түз мааниде чыккан. Судан армиясынын өзү Фашир шаарын таштап чыгып, аны Ыкчам колдоо күчтөрүнө олжо катары калтырды.

Экинчиден: Бурхан өкмөтү жана анын аскердик жетекчилиги толук бир жыл бою өзүнүн борбордук көзөмөлүндөгү аймактардан Фаширдеги армия бөлүктөрүнө эч кандай аскердик же логистикалык колдоо көрсөтүүдөн карманып турду. Ошондуктан бул бөлүктөр бир жыл бою шаар ичинде бар болгон мүмкүнчүлүктөрү менен гана Ыкчам колдоо күчтөрүнүн кол салууларын токтотуп турушту. Ал эми Бурхан өкмөтүнүн  Хартум, Омдурман жана Бахриден Ыкчам колдоо күчтөрүн тазаладык деп мактанган армия жетекчилиги кааласа, сөзсүз түрдө Фаширдеги ири бөлүктөрүнө колдоо көрсөтө алмак, бирок бир жыл бою аны кылган жок. Бул болсо ошол бөлүктөрдү кулап түшүүгө чейин атайылап жалгыз калтыруу планы болгонун билдирет.

Үчүнчүдөн: Козголоңчу бөлүнүүчү Хамидтинин күчтөрүнө шаарды өткөрүп берүү процесси Америка эки судандык тарап менен ок атышууну токтотуу боюнча жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөр менен дал келди: “Судан Эгемендүүлүк Кеңеши Вашингтондо Ыкчам колдоо күчтөрүнүн делегациясы менен түз же кыйыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деген маалыматты четке каккандан кийин, дипломатиялык булактар билдиришкендей, Судандын тышкы иштер министри Мухийиддин Салим расмий сапар менен Америка Кошмо Штаттарына барган. Бул сапардын максаты эки жылдан ашык убакыттан бери уланган согушту токтотууга багытталган аракеттерди талкуулоо болгон”. Аль-Арабия, 24/10/2025).

Бул бир эле нерсени билдирет, Америка Вашингтондо Судандагы эки кол астындагы өкүлүн т.а. өзүнүн кулу Бурханды жана экинчи кулу Хамидтини чогулткан. Ал эми Судандын Суверендик Кеңешинин Вашингтондо Ыкчам колдоо күчтөрү менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн четке кагуусу, сүйлөшүүлөрдүн болгонуна далил болуп саналат. Америка өзүнүн эки кулуна берген көрсөтмөлөрдү аткаруу Фаширде эки-үч күндөн кийин ачык түрдө ишке ашкан.

Мурунку эле булактын маалыматына ылайык: “Булактар “Аль-Арабия/Аль-Хадатка” жума күнү билдиргендей, судандык министр Вашингтондо АКШ администрациясынын бир катар аткаминерлери, алардын ичинде президенттин Жакынкы Чыгыш жана Африка боюнча башкы кеңешчиси Масъад Булус менен жолугушуулар өткөрөт. Ошондой эле Салим бир нече араб кесиптештери менен да жолугушууларды пландаган. Маалыматта бул сапар АКШ администрациясынын расмий чакыруусу боюнча, эки тарап үчүн маанилүү айрым маселелерди талкуулоо максатында болуп жатканы айтылат. Ошондой эле америкалык бир аткаминер “Аль-Арабия/Аль-Хадатка” билдиргендей, Булус Судан кризиси боюнча төрт өлкөнүн жыйынына жетекчилик кылат”.

Мындан тышкары, Американын эки өкүлдү Вашингтондо чогултканын дагы бир нерсе ырастайт: “Бир дипломатиялык булак кечээ, бейшемби күнү, билдиргендей, “төрттүк” (АКШ, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана Мисир) өлкөлөрү бүгүн Вашингтондо Судан армиясынын жана Ыкчам колдоо күчтөрүнүн өкүлдөрү менен жолугуп, тараптарды үч айлык гуманитардык ок атышууну токтотууга үндөйт. Ал мындай деген: “Максат — ок атышууну токтотууну бекемдөө жана жарандарга гуманитардык жардамдын киришине бирдиктүү түрдө басым көрсөтүү”. (Аль-Арабия, 24/10/2025).

Башкача айтканда, Ыкчам колдоо күчтөрүнүн Фаширге кириши менен Судан армиясынын шаарды бошотушу Вашингтондогу жыйын менен дал келгени эч кандай шек калтырбайт. Бул стратегиялык маанидеги шаарды Ыкчам колдоо күчтөрүнө тапшыруу чечими Вашингтондо кабыл алынган, жана судандык эки тарап бул чечимди дароо эки күндүн ичинде аткарып, үчүнчү күнү натыйжа ишке ашкан.

Төртүнчүдөн: Вашингтондогу аталган жыйын — бул АКШ өзүнүн региондогу кулдары менен тарапкерлерин «төрттүк» деп аталган форматта чогултуп, Суданда ок атышууну токтотуу боюнча өз эркин ишке ашыра баштаган биринчи кадамдан кийинки иш болуп эсептелет. «Аль-Арабия» телеканалы 12/9/2025 күнү ошол жыйындан чыккан билдирүүнүн мазмунун мындайча келтирди: «АКШнын чакыруусу менен АКШ, Мисир, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министрлери Судандагы жаңжал боюнча терең кеңешмелер өткөрүштү. Алар бул жаңжал дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризиске айланып, аймактык тынчтыкка жана коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратканын эске салышты. Министрлер Судандагы жаңжалды токтотуу үчүн биргелешкен негизги принциптерге берилгендиктерин тастыкташты».

Билдирүүнүн төртүнчү пунктунда мындай деп жазылган: «Судандагы башкаруунун келечегин судан эли аныктайт, бул өткөөл мезгилдеги толук жана ачык процесстин негизинде жүргүзүлүшү керек жана ал согушуп жаткан эч бир тараптын көзөмөлүндө болбошу керек».

Ошондой эле билдирүүнүн башка бир пунктунда мындай деп айтылган: «Судан куралдуу күчтөрүнүн жана Ыкчам колдоо күчтөрүнүн активдүү катышуусу менен жаңжалды сүйлөшүү жолу аркылуу жөнгө салууга бардык аракеттер көрүлөт».

Демек, бул «төрттүк» — АКШнын өз чечимин Суданда аймактык маселе катары көрсөтүү үчүн түзгөн форматы. Башкача айтканда, бул өлкөлөр аймактагы негизги мамлекеттер катары көрсөтүлсө да, алар Вашингтондун көрсөтмөсүсүз бир да кадам жасабайт жана АКШнын кыймылысыз эч кандай демилге көтөрө алышпайт.

Мындан тышкары, билдирүүнүн тексти Судан жаңжалындагы эки тарапты тең укуктуу катары таануу менен, экөөнөн тең «активдүү катышууну» талап кылат. Башкача айтканда, Суданды бөлүп-жаруу үчүн өзүнчө өкмөт түзгөнүнө карабастан, анда Ыкчам колдоо күчтөрү бөлүнүүчү же козголоңчу күч катары каралбайт жана алардын бөлүнүү аракетин токтотууга чакырык жок.

Бешинчиден: Ыкчам колдоо күчтөрү стратегиялык маанидеги Фашир шаарын басып алгандан кийин, бул алардын Дарфур аймагын толук көзөмөлгө алганын билдирет. Дарфурдун беш вилаятынын көбү буга чейин эле алардын реалдуу көзөмөлүндө болчу. Ошентип, үч айлык ок атышууну токтотууга макул болуу, ал тургай аны талап кылуу АКШ тарабынан Ыкчам колдоо күчтөрүнүн үстөмдүгүн жана алардын Дарфур аймагындагы, айрыкча анын эң маанилүү шаары болгон Фаширдеги вужудун мыйзамдуу деп таануу болуп саналат.

АКШ сунуштап, «төрттүк» форматына ороп көрсөткөн бул тынчтык келишими Судандагы согушуп жаткан эки тараптын ортосунда кийинки сүйлөшүүлөргө алып келүүчү кадам болуп саналат. Мунун алдында АКШнын пландары Ыкчам колдоо күчтөрүн Дарфурдун толук аймагына ээ кылды. Ошондой эле АКШнын агенти Хамдан Дакло (Хамидти) 2025-жылдын февраль айынын аягында Кениянын борбору Найробиде өзүнчө бөлүнүүчү өкмөт түзүлгөнүн жарыялаган жана анын борбору катары Түштүк Дарфурдун борбору Нияла шаарын колдонуп келген. Эми болсо ошол өкмөттү Фашир шаарына көчүрүүгө жол толугу менен ачылды.

Алтынчадан: АКШнын позициясы өтө эле ачык болду. Алар Ыкчам колдоо күчтөрүнүн Фаширди басып алышына эч кандай нааразычылык билдирген жок, тескерисинче, Судан боюнча АКШнын планындагы кийинки кадамды, башкача айтканда, ок атышууну токтотууну талап кылды. Бул Судан армиясы үчүн Фаширди кайра кайтарып алуусуна жол жапты жана Хамидтинин шаардагы үстөмдүгүн бекемдөөгө багытталды.

«АКШ президенти Дональд Трамптын Африка боюнча кеңешчиси Масъад Булус Суданда согушуп жаткан эки тарапты гуманитардык ок атышууну талкуулап, аны дароо кабыл алууга чакырды. Ал үч айлык гуманитардык ок атышуунун долбоорун сунуштап, Судандагы эки тарап тарабынан колдоого алынганын билдирди. Ал Ыкчам колдоо күчтөрүн ок атышууну токтотууга жана гуманитардык тынчтыкка карай кадам таштоого чакырды. Ошондой эле Булус кечээ жасаган билдирүүсүндө дүйнө коомчулугу Ыкчам колдоо күчтөрүнүн аракеттерин жана Фашир шаарындагы абалды чоң тынчсыздануу менен байкап жатканын белгилеп, жарандарды коргоого чакырды» (Аль-Жазира Нет, 27/10/2025).

Андан кийин бул маселе дагы бир жолу тастыкталды. Sky News Arabia 2025-жылдын 3-ноябрында мындай деп билдирди: «АКШнын президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча башкы кеңешчиси Масъад Булус Судандын армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрү үч айлык ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетишкенин ырастады. Бул келишим 12-сентябрда жарыяланган Бириккен Араб Эмираттары, Америка Кошмо Штаттары, Сауд Арабия жана Мисирден турган “төрттүк” тобунун планына негизделет. Булус дүйшөмбү күнү Каирден сүйлөп жатып, ок атышууну токтотуу боюнча акыркы кол коюудан мурун техникалык жана логистикалык талкуулар жүрүп жатканын айтты. Ал ошондой эле тараптардын өкүлдөрү бир нече убакыттан бери Вашингтондо болуп, бул келишимдин чоо-жайын талкуулап жатышканын белгиледи.

Булус мындан тышкары мындай деди: “Ок атышууну токтотуу боюнча сунуш — кризисти токтотуунун реалдуу мүмкүнчүлүгү. Армия да, Ыкчам колдоо күчтөрү да АКШ тарабынан «төрттүк» өлкөлөрдүн колдоосу менен сунушталган, тынчтыкты орнотууга багытталган документти талкуулоого катышууда”. Ал ошондой эле Судандагы жаңжал аймактык жана дүйнөлүк деңгээлде, айрыкча Кызыл деңиздин коопсуздугу үчүн коркунуч туудуруп жатканын кошумчалады» (Sky News Arabia, 3/11/2025).

Жетинчиден: Америка президенти Дональд Трамп өзүн «тынчтыктын орнотуучусу жана согуштарды токтотуучу» катары мактап жаткан маалда, АКШ бул кадам менен Суданды бөлүү жана Дарфур аймагын андан ажыратуу планын дээрлик ачык түрдө, ылдам темп менен ишке ашырып жатканы анык болууда. Бул мурдагыдай эле биз көп жолу эскерткен кооптуу багыт.

Чынында эле, 2025-жылдын 21-майында жарыяланган «Дрондук чабуулдар жана Судандагы согуштун өнүгүшү» аттуу суроо-жообубузда биз төмөнкүлөрдү айткан элек:

«Булардын бардыгынан төмөнкү жыйынтык чыгат: Судандын чыгыш тарабындагы ири чабуулдар, айрыкча стратегиялык мааниге ээ Порт-Судан шаарынын инфраструктурасына болгон соккулар Дарфурдагы согуш менен тыгыз байланышта. Бул армияны Фаширге кол салуудан алыстатып, аны Порт-Суданды коргоо үчүн чыгышка жылдырууга мажбурлоо аракети».

Биз мындай деп да кошумчалаган элек: «Төртүнчүдөн: бул абдан кайгылуу көрүнүш. Себеби каапыр колонизатор Америка Суданда элдин канын төгүп жаткан согушту өзү башкарууда жана өзүнүн агенттерин бул ишти жашыруун эмес, ачык, эл алдында аткарууга мажбурлап жатат… Бурхан менен Хамидти Судан элинин канын төгүп өз ара күрөшүүдө. Бул Америкага кызмат кылуудан башка эч нерсе эмес. Америка Суданды кайра бөлүп-жаруу, мурда түштүктү бөлүп кеткендей эле, эми Дарфурду калган Судандан ажыратуу максатын көздөп жатат. Ошондуктан армия негизги көңүлүн өлкөнүн калган аймактарына буруп жатса, Ыкчам колдоо күчтөрү өз аракетин Дарфурга топтоодо. Эгер армия ичиндеги чынчылдар Дарфурду кайра көзөмөлгө алуу үчүн аракеттене баштаса, анда Ыкчам колдоо күчтөрү согушту Судандын башка аймактарына жылдырып, армияны алаксытып, аны Дарфурдан чыгууга мажбурлайт. Ошол эле учурда Ыкчам колдоо күчтөрү Дарфурда толук үстөмдүккө жетишүү үчүн чыгыштагы аймактарга дрондук чабуулдарды күчөтүүдө!».

Мунун алдында, 2025-жылдын 6-февралындагы «Судандагы согуштук аракеттердин тездеши» аттуу суроого берген жообубузда биз мындай эскертүү жасаган элек:

“Судандагы саясий жана аскерий жетекчилик б.а. Трамп администрациясынан көрсөтмө алып турган агенттик бийлик армияга Борбордук аймак аркылуу Дарфур тарапка Ыкчам колдоо күчтөрү үчүн жол ачуу буйругун берип жатканын айтканбыз. Анда биз мындай деп белгилегенбиз: «Алтынчыдан: Демек, Судандагы аскерий кырдаалдын өнүгүшү — Трамптын түздөн-түз уюштуруусу жана башкаруусу астында жүрүп жатат жана анын максаты төмөнкүлөргө багытталган:

– Америка өзүнүн эки агентинин ортосунда өлкөнү бөлүштүрүүгө ылайыктуу шарттарды түзүү максатындагы планын тездетүүдө: бул планда Дарфур аймагы Ыкчам колдоо күчтөрүнүн жана Хамидтинин башкаруусуна өтөт, ал эми армия Бурхандын жетекчилиги астында Судандын борбордук жана чыгыш бөлүгүн көзөмөлдөйт. Натыйжада Суданда эки режим пайда болот, жана бул абал Хамидтинин Дарфурду толук көзөмөлдөп алышы менен бекемделет”.

Биз буга чейин, 2023-жылдын 19-декабрындагы суроого берген жообубузда мындай дегенбиз: «Америка өзүнүн кызыкчылыктарына жараша Суданды бөлүп-жарууга даярдык көрүүдө. Эгер анын кызыкчылыгы Түштүк Судандан кийин дагы бир бөлүнүүнү талап кылса, анда ал бул бөлүнүүнү Дарфурда ишке ашырат. Учурда бул бөлүнүү али болбосо да, ага шарт түзүү процесси жүрүп жатат».

Мына ушуларды мурда айткан элек. Эми болсо Американын кызыкчылыгы Дарфурду бөлүп алуу жагына ыктап, бул процессти тездетип жаткандыгы көрүнүп турат. Эгер Трамп бул планды ишке ашыра алса, бул абдан кооптуу абал болот. Ошондуктан үммөт бул планга каршы туруп, Түштүк Судан бөлүнгөндөгүдөй унчукпай калбашы керек!

Сегизинчиден: Хизб ут-Тахрир бул коркунуч жөнүндө быйылкы жылдын башынан эле, атүгүл 2023-жылдан бери — Америка өзүнүн эки агентинин ортосунда согушту тутанткан мезгилден тартып — эскертип келген. Ал кезде биз Американын планы Суданды бөлүү менен аяктай турганын айткан элек.

Эми болсо, бул бөлүү планы силердин көз алдыңарда ишке ашууда: Судан уулдарынын көпчүлүгү ушул кыргынга катышып, Американын максаттарын ишке ашырууга жана анын Судандагы таасирин сактоого кызмат кылып жатышат.

Бүгүн Америка Дарфур аймагын Судандан бөлүп чыгарууга жакындап калды. Бул болсо силердин көз алдыңарда болуп жатат!

Эми суроо туулат, Судан армиясынын жетекчилигинде акылдуу, кайраттуу жана Аллах үчүн гана ниет кылып, Американын бул планын талкалоо үчүн зарыл болгон аракетти көрө турган бир эркек табылар бекен? Эл арасынан он миңдеген адамды өлтүрүп, миллиондогонун жер которууга мажбур кылган Вашингтондун агенттерине чекит коюуга бел байлаган адам бар бекен?

Судандын күчүн чынчыл колдорго өткөрүп, Исламды кайра орнотууга көп жылдан бери чакырып келген Хизб ут-Тахрирге нусрат берүүгө чечим кылган акылдуу жана кайраттуу бир адам табылар бекен?

Ошондо Суданда Пайгамбарыбыз ﷺ  айткандай экинчи рошид Халифалык кайра тикеленет эле. Ал ﷺ  мындай деген:

«…ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ ثُمَّ سَكَت»

«‏…Кийин залим падышалык болот жана ал Алла каалаганча турат. Кийин Алла Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин жабыр көрсөтүүчү падышалык болот жана ал Алла каалаганча турат. Кийин Алла өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот». Кийин Пайгамбар (с.а.в) сүкүт сактады”. (Имам Ахмад риваяты)

Ата ибн Халил Абу Рашта

12-жумада ал-ула 1447 х.

3-ноябрь 2025 ж.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button