
Трамп менен Путиндин Аляскадагы жолугушуусу
Суроо: АКШ президенти Трамп менен Орусиянын президенти Путин 2025-жылдын 16-августунда Аляскада жолугушуу өткөрүштү, алар негизги маселелер боюнча мунасага келишиштиби? Бул жолугушуу эки өлкөнүн мамилесине, Украинага, эл аралык деңгээлде Европа менен Кытайга кандай таасир этет?
Жооп: Жогорудагы суроолорго жоопту тактоо үчүн биз төмөнкү маселелерди карап чыгабыз:
- Америка менен Орусиянын мамилеси 1991-жылы Советтер Союзу кулаганга чейин дүйнөнүн тагдырын көзөмөлдөгөн эки супер держава катары сакталып келген. Акыркы отуз жылдыкта, Россия эл аралык майдандан четтеп, өзүнө чегинди. Ошондой эле Америка Россиянын кыйроосуна тереңден байкоо жүргүзүп, анын советтик таасир чөйрөсүн басып алуу аракетин күчөтүп келе жатат. Россиянын президенти Путин Орусияны эл аралык аброю бар негизги өлкө катары калыбына келтирүү аракетинде. Бирок, Америка муну четке кагууда. Эки өлкөнүн максаттарынын ортосундагы карама-каршылыктын тереңдигинин белгиси катары 2022-жылы Украинада согуш чыкты. Ал аркылуу Орусия өзүнүн эл аралык аброюн күч менен көтөрүүгө аракет кылган, ал эми Америка Украинаны колдоо аркылуу Орусияны улуу державалардын тизмесинен чыгарууну көздөгөн. Бул саясат Байден администрациясынын акырына чейин сакталып турду. Трамп кайрадан АКШнын президенти болгондон кийин, ал америкалык компасты Кытайга каршы багыттай баштады. Ал Орусия менен болгон чыңалууну басаңдатууну каалаганын билдирип, Украинадагы согушту 24 сааттын ичинде бүтүрө аларын, бул согуш анын эмес, Байдендин согушу экенин айтты. Ошентип, Трамптын тушунда Америка Орусия менен мамилесинде бурулуш жасай баштады. Бул бурулуш президент Трамптын Украинанын президенти Зеленскийди кайра-кайра мазактоосунан ачык байкалды. Ал АКШнын Украинага аскерий колдоосун катуу сындап, Европа өлкөлөрүн Украинадагы каржылык жана аскерий жоопкерчиликтерин алууга чакырды.
- Украина согушу Орусиянын эл аралык аброюн начарлатты. Анын армиясы Украинада тез жана негизги максаттарга жете албастыгын далилдеди. Анын деңиз флотунун жарымына жакыны Кара деңизде жок кылынган жана Россиянын тереңиндеги стратегиялык базаларына сокку урулган. Ал кургактагы күчтөрүнүн олуттуу элементтерин, анын ичинде техникасын жана генералдарын жоготту, бирок ал жеңилген жок. Кумурска жүрүштө болсо да Украинанын ичинде прогресске жетише алды. Бирок ал НАТО өлкөлөрү менен согушуп жаткандай түр көрсөтүп, НАТОнун аскерий мүмкүнчүлүктөрү менен бетме-бет келгенде капалыгын көрсөтүп, кээде өзөктүк билдирүүлөрдү жасап, даярдыктарды көрүп жатты. Бул Америка үчүн өтө кооптуу жана жагымсыз. Украина согушу өзөктүк согушка айланып кетүү коркунучун көрсөттү. Украинадагы согуш орус президенти Путинди Кытай менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө түрттү. Бул тенденция Америка тарабынан күтүлгөн. Бирок, дүйнөнүн кайра эки лагерге бөлүнүп кетиши Американын эң акыркы тандоосу. Ошондуктан ал Кытайдын экономикалык күчү менен Орусиянын аскердик күчү бир лагерге кошулушун таптакыр каалабайт. Ошентсе да, Кытай АКШ жана Европа менен болгон негизги соода алакаларын жоготуп албашы үчүн Орусияны мурдагыдай жылуу мамиле менен тосуп алган жок.
Орусия Американын Украина талаасында пландап жаткан стратегиясынан жеңилүүдөн коркуусу анын ракеталык жана өзөктүк куралын көбөйтүүсүнө түрткү болду. Америка 2019-жылы Орто аралыкка атуучу өзөктүк курал келишиминен чыккандан кийин минималдуу болуп калган. Орусия Украинадагы согушка гиперүндүү ракеталык системаларды киргизгенден тышкары, 2024-жылы катуу кыйратуучу Орешник ракетасын да киргизген. Акыры Путин менен Трамптын жолугушуусуна аз калганда Орусия сыноолорду жарыялады… Америка Орусиянын өзөктүк кыймылдаткычтары бар, башкача айтканда алыс аралыкка жана ылдамдыкка ээ болгон өзөктүк ракеталарга даярдыгы жөнүндө билген. Бул Америка үчүн кооптуулукка кошумча болуп саналат, анткени ал мактанып, миллиарддаган акча короткон ракеталык калканчын жок кылат. Бул Америкага Россия өзүнүн экономикасы үчүн кандай чыгым болбосун, жаңы стратегиялык аскердик жарышты көздөп жатканын тастыктайт. Мына ушул жагдайлар Американы Орусия менен Кансыз Согуш доорундагыдай аскерий жарыштан качуусуна түрткү болуп, Орусиянын алдыга жылышын токтотуу үчүн макулдашууну талап кылды.
- Орусия Украинада ыктымал аскердик жеңилүүгө туш болду, анткени анын армиясынын супер держава деген имиджи талкаланып, украин армиясын жеңе алган жок. Согуш “ит уруш” абалында алдыга жана артка чегинүү менен уланып жатат, башкача айтканда, Россия чечүүчү күч катары артыкчылыгын жоготкон. Бул анын эл аралык аброюна доо кетирди жана Украинадагы көрүнгөн аскердик алсыздыгынан тышкары, ал Батыштын санкцияларынын терең пакетинин астында калды, бул аны дүйнөлүк экономикадан чыгуунун босогосуна алып келди. Бул ага олуттуу эл аралык обочолонуу киргизди, анткени орус президенти Эл аралык кылмыш сотунун камакка алуу ордеринен улам өлкөдөн тышкары ээн-эркин жүрө албай калган. Ушуга ылайык, Орусия Украина согушунда стратегиялык жеңилүү коркунучун алдын алуу үчүн бардык экономикалык жана аскердик мүмкүнчүлүктөрүн жумшады. Анын экономикасы согуш экономикасына айланып, эл аралык абалын Украинадагы согуш аныктайт деп эсептеген. Бирок жеңилүү көлөкөсү аны таштап кеткен жок жана анын эң чоң коркунучу НАТОнун кийлигишүүсү жана аны менен түздөн-түз тирешүүнү таңуулоо багытында өнүгөт деп корккон. Ал өзөктүк куралын колдонмоюнча муну кыла албайт, бирок бул куралдарды колдонуу өтө кооптуу жана тобокелдүү. АКШнын президенти Трамп келип, Орусия менен ойун кылып, анын президентин мактап баштаганда, ал жеңил дем алып калды, анткени бул Американын Россиянын стратегиялык жеңилүү пландарынан баш тартуусун чагылдырган. Орусия Трамптын сунуштарын кабыл алууну ойлонушу мүмкүн, анткени ал сунуштар анын чарчоосун жандырат. Бирок ал эл аралык аренага кайтып келиши үчүн Трамп ачкан эшикти карап турат жана жабылып калышынан коркуп, киргиси келип турат.
- Америка Орусиянын тартынуусун жана согушту токтотуудан баш тартканын көрүп, Батышта Путин Трамптын акыркы мамилесин жана Украинадагы согушту токтотуу каалоосун пайдаланып жатат деген үндөр көтөрүлдү. Ошондо, Америка президенти Орусияга Украинадагы согушту токтотуу үчүн 50 күндүк мөөнөт жарыялады. Орусия бул мөөнөткө абдан капа болуп, түшүндүрмөлөрдү талап кылганы менен, аны толук пайдаланууну каалап, бул мөөнөттүн ичинде токтоп кала берди. Орусиянын бул кадамы АКШ президентин багытты артка кайтарам б.а. эшикти жаап, Байдендин администрациясынын позицияларына кайтып келем деген коркутуусуна түрттү. Ал бул мөөнөт 10 күнгө чейин кыскартыларын билдирди. Орусия, Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин орун басары жана мурдагы президент Медведев муну согушка карай кадам катары баалады. Медведев Америкага Орусиянын “өлүмгө алып келе турган өзөктүк колун” эскертти. Америка президенти ага жооп кылып өтө кооптуу аймакка кирип бараткандыктан этият болуусун талап кылды. Америка Украинаны колдоп, Орусияга, анын ичинде андан мунай сатып алгандардын баарына, тактап айтканда, Кытайга каршы катаал санкцияларды киргизүү менен коркутту. Москвага чечим кабыл алышы керектигин билдирген сааттын жебеси чыкылдай баштады.
- Ошентип, Орусия Американын Украинаны кайрадан колдоосун каалабаганы үчүн тез арада чегинүүлөргө барышы керек экенин сезди, эгер антпесе бул аны көбүрөөк чаалыктыра турган жана президент Трамп ачкан эл аралык изоляциядан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготуп алышына себеп болот. Бул Россиянын Кытайга болгон шектенүүсүнө кошумча болду. Эгер Кытайга арзан орус мунайынан пайда көрүү жана АКШ менен болгон соода алакаларынын ортосунда тандоо берилсе, ал өзүнүн көптөгөн артыкчылыктарынан улам, албетте, экинчини тандамак. Анын үстүнө Трамптын тынчтык сунушу Орусиянын каалоосун орундатат. Бул 1945-жылдагы Ялта конференциясына окшош Америка менен жалгыз келишим. Ал башка европалык же украиналык тараптарды катыштырууну каалабайт, тескерисинче, Америка менен гана келишим түзүүнү каалайт. Ошентип, Орусия берилген мөөнөт ичиндк АКШ президенти Трамптын атайын өкүлү (Уиткофф) менен жолугушууну талап кылды. Бул нерсе анын айрым талаптарынан баш тартканын билдирет. Эки президент ортосундагы саммиттин алдында жана ага даярдануунун кыска мөөнөтүндө эки тарап тең бул жолугушууну каалаганынын белгилерин көрсөттүштү жана Трамп чындыгында Орусиянын өзүнүн атайын өкүлү Уиткоффту Москвага жөнөтүү өтүнүчүнө жооп берди. Трамп Орусия менен Украинанын ортосундагы мүмкүнчүлүктөр жана аймактар менен чек араларды алмашуу жөнүндө, ал эми Орусия Американын чын ыкластуулугу жөнүндө айтты. Путин Москва тынчтыкка шарт түзүүгө аракет кылып жатканын, АКШ Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн чын жүрөктөн аракет кылып жатканын айтты. Путин стратегиялык чабуул куралдарын чектөө боюнча Вашингтон менен макулдашууга жетишүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. (Al Jazeera Net, 14-август, 2025-жыл). Орусия Трампты тынчтандыруу үчүн саммитти Аляскада б.а. Америкада өткөрүүгө макул болду. Трамп Орусиянын президенти Владимир Путиндин Аляскага барып, аны менен жолугушуу чечимин “абдан сыйлуу иш” деп эсептерин билдирди. (RT, 12.08. 2025).
- Бирок, башка жагынан караганда Трамп Ак үйгө келгенден кийин бир нече ай ичинде Орусиянын олку-солку болгонуна күбө болуп, бул саммиттин Орусиядан чегинүүлөрсүз өтүшүн каалабады. Трамп бул саммит “чалгындоо” экенин жана Путиндин Украинадагы согушту токтотууга олуттуубу же жокпу, саммиттин алгачкы мүнөттөрүнөн тарта биле турганын айтты. Ал саммиттин ийгиликсиздигинен эскертип, анын ийгиликсиз болушунун 25% ыктымалдыгын белгилеп, ал Орусияны оор кесепеттерге алып келерин эскертти. Шаршемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп орусиялык кесиптеши Владимир Путинди Украинада тынчтык орнотуу аракеттерине тоскоол болсо, анын кесепети оор болорун эскертти. Жума күнү Аляскада өткөрүлө турган жолугушуусу олуттуу жыйынтыктарга жетишпесе, экономикалык санкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү менен коркутуу. Трамп Путин менен жолугушуу Украинанын президенти Владимир Зеленский менен экинчи жолугушууга “даярдык” болорун түшүндүрүп, анын өткөрүлүшү Аляскадагы жолугушуунун жыйынтыгына жараша болорун белгиледи. (Араб 48, 14-август, 2025-жыл). Анда АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Путин менен болгон саммитин мындай деп мүнөздөдү: “Жогорку тобокелдик” Анкориджге, Аляскага, алардын жети жылдагы биринчи жолугушуусуна сапарынын алдында Трамп ок атышууну токтотууну “абдан тезирээк” көргүсү келгенин билдирди. ( Көз карандысыз Арабия, 15-август, 2025-жыл.) Трамп эгер Путин олуттуу болбосо, Аляскадан Вашингтонго шашыла турганын айтты. АКШнын президенти Дональд Трамп жума күнү Алясканын Анкоридж шаарындагы Элмендорф аба күчтөрүнүн базасына келди. Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен саммит начар өтсө, ал дароо кете турганын айтты. (CNN Arabic, 15-август, 2025-жыл). Жолугушуудан дароо чыгуу тууралуу бул билдирүү Америкага Трамп менен жолугушуу үчүн келген президент Путинди кандайдыр бир кемсинтүү болуп саналат!
- Бул билдирүүлөрдүн баары Орусияны оор кесепеттерге алып келе турган санкциялар жана жыйындан дароо чыгып кетүү менен коркутуу, үстөмдүк кылуу үчүн жана алдын ала чегинүүлөргө баруусуна басым жасоо. Бул алардын ортосундагы жолугушуу мурдагы советтик жана америкалык жетекчилердин ортосундагы маанилуу жолугушуулар сыяктуу эле тең эмес экендигин билдирет. Бул эки дөөнүн жолугушуусу эмес, ал тургай АКШ-Кытай саммитинин деңгээлине да көтөрүлбөйт. Бул Американын текебердигин жана анын Орусия ага моюн сунуу талабын коюусу, ошондой эле Американын бардык ушул шарттарын, мөөнөттөрүн жана коркутууларын кабыл алган жаңы Россиянын статусунун төмөндөшүн ырастайт. Анын президенти жолугушуу үчүнчү өлкөдө болушун талап кылуунун ордуна Трамп менен жолугушуу үчүн Америкага барды. Россиянын президенти Путин протоколдо каралган бардык эл аралык жолугушууларында өзүнүн унаасы коштоп жүргөнүнө карабастан, АКШ президентинин жеке унаасы менен жүрүү сунушун кабыл алды. Мындай профессионалдуу эмес иш-аракети Орусиянын моюн сунгандыгынын жана анын стратегиялык жоготууларын азайтуу үчүн Трамп менен жылуу мамилеге муктаж экендигинин далили болуп саналат. Муну ырастаган нерсе, Байдендин администрациясы таңуулаган АКШ-Орусия мамилелериндеги чоң үзүлүүгө карабастан, орус президенти Трампты азгырууга ынтызар болгон. Бул тууралуу орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Россия менен Америка Кошмо Штаттарынын кызматташтыгынын эбегейсиз зор потенциалы бар. Ал белгилегендей, орус делегациясынын курамында президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, тышкы иштер министри Сергей Лавров, каржы министри Антон Силуанов жана Орусиянын түз инвестициялык фондунун төрагасы Кирилл Дмитриев бар. (RT, 14-август, 2025-жыл). Бул Америка көңүл бурушу керек болгон Орусиянын алсыздыгынын көрсөткүчү. Мүмкүн, Орусиянын президенти Путиндин жолугушуудан кийинки билдирүүлөрү бул алсыздыкка жана Орусиянын эки өлкөнүн мамилелериндеги чыңалуунун уланып жатканына тынчсыздануусунун тереңдигине ишарат кылууда. Орус президенти пресс-конференциядагы сөзүн акыркы жылдарда АКШ-Орусия мамилеси начарлап кеткенин моюнга алуу менен баштады. Ал мындай деди: “Белгилүү болгондой, Орусия менен АКШнын ортосунда төрт жылдан бери бир дагы саммит өткөрүлгөн жок, бул көп убакыт. Бул мезгил эки тараптуу мамилелер үчүн абдан оор болду. Чынын карай турган болсок, ал Кансыз согуштан берки эң төмөнкү чекке жетти. Менимче, бул биздин эки өлкө үчүн же жалпы дүйнө үчүн жакшы эмес”. Эки мамлекет башчынын жеке жолугушуусу эбак эле күтүлүп жатканын айткан Путин: «Сүйлөшүүлөр урмат-сый, конструктивдүүлүк жана өз ара урматтоо атмосферасында өттү жана ар тараптуу жана абдан пайдалуу болду”,-деди. (CNN Arabic, 16-август, 2025-жыл). Жыйынтыктап айтканда, Трамп менен Путиндин жолугушуусунун жүрүшүн жана маалымат каражаттарында чагылдырылгандарды кылдаттык менен карап чыгуу жана ой жүгүртүү менен алардын жолугушуусу төмөнкү темаларды камтыды деп айтууга болот:
А. Украина: Бул эң көрүнүктүү маселе, бирок жалгыз эмес, ал эң көрүнүктүүсү жана эң ысыгы. Орусиянын коопсуздук чөйрөсүндөгү талаптарынын олуттуулугуна, тагыраак айтканда, Украинаны НАТОдон алыстатууга жана анын Орусияга коркунуч келтире турган күчтүү армияга ээ болбоштугу талабына карабастан, саммитте ачык макулдашууга жетишилди. Мунун бир аспектиси Орусиянын келечекте Украинага кол салбоо убадасы. Путин Украинанын коопсуздугун камсыз кылуу зарылчылыгы менен макул экенин баса белгилеп: “Украинанын коопсуздугун камсыз кылуу зарылчылыгы боюнча (АКШнын президенти Дональд) Трамп менен макулмун жана биз, албетте, бул багытта иштөөгө даярбыз”,- деди. Ал кошумчалагандай, “Биз бирге жетишилген келишим бул максатка жетүү үчүн салым кошот жана Украинада тынчтыкка жол ачат деп ишенем”. (CNN Arabic, 16-август, 2025-жыл). Келишимдин бар экенин дагы тастыктаган нерсе, АКШ президенти Путин менен жолугушуусуна 10дон 10 балл берген (Sky News, 16.8.2025). Америка ок атышууну токтотууга даярдануу үчүн Украинадагы согуш зонасын муздатуу үчүн америкалыктар украин армиясына америкалык жана батыштын аскерий колдоосун акырындык менен басаңдатууга убада бериши керек. Андан соң ок атышууну токтотуу жарыяланып, ал бир нече жума ичинде эки президент менен Украинанын президенти Зеленскийдин кийинки саммитинде болушу мүмкүн. Анда Украинадагы чечим акырындык менен, балким, жылдар бою изделет. Башкача айтканда, Америка акыркы чечимди кийинкиге калтырууда жана ок атышууну тез токтотууну каалайт. Ал эми акыркы чечим көп жылдар бою болот, анын ичинде Россиянын Америкага берген чегинүүлөрү сыяктуу эле Америка Украинаны башка маселелер боюнча территория жана чек аралардан баш тартууга мажбурлайт. Орусия Американы ыраазы кылуу үчүн чегинүүлөргө баруусунун каршысында Украинадагы орус көзөмөлүнүн чегин таануусу үчүн шилекейи агып жаткандай.
Б. АКШ-Орусия карым-катнаштарын кайра нормалдаштыруу: Бул процесс 2025-жылдын апрель айында Стамбул жолугушуусу менен башталганына карабастан, ылдамдоосу күтүлүүдө. Ок атышпоону жарыялоо максатында Украина кошулушу мүмкүн болгон эки өлкөнүн экинчи жолугушуусунан кийин импульс пайда болушу ыктымал. Мамилелерди нормалдаштыруу Америка үчүн башка стратегиялык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чукул зарылчылык болуп саналат.
В. Жарыша куралдануу жана стратегиялык күч: эки тараптын тең муктаждыгын эске алганда, курал-жарак жана стратегиялык өзөктүк жана ракеталык күч боюнча сүйлөшүүлөр тез жанданат. Кыязы, Орусия бүгүн Американын Кытай бул сүйлөшүүлөргө кошулуусу, үч тараптуу болушу үчүн койгон мурунку шартына макул болушу ыктымал. Себеби, ага чейинки орус-америкалык келишимдер эки аскерий дөөнүн ортосунда ондогон жылдар бою түзүлгөн келишимдердин уландысы болгон жана Америка Кытай гигантын бул суйлөшүүлөр катарына кошкусу келгени үчүн Орусия менен сүйлөшүүлөрдү токтотуп койгон. Айрыкча, Кытай бүгүн өзөктүк курал программаларын ишке ашырып жаткандыктан, ал аны жакында алптардын катарына киргизет. Анын өзөктүк программасы 2030-жылга чейин болжол менен 1000 өзөктүк дүрмөткө ээ болушуна алып келет, башкача айтканда, ал көп жылдар бою Британия жана Франция сыяктуу орто аралыкка атуучу өзөктүк державалардан ашып кетет. Демек, Кытайды стратегиялык курал боюнча орус-америкалык сүйлөшүүлөргө катышууга чакырууга байланыштуу Орусиянын ыңгайсыздыгынын бардык себептери жок кылынгандай. Бул Американын орус-кытай союзун бузуу жолундагы кадамын билдирет. Булардын бардыгынан Американын Россиянын Кытай менен болгон союзун ыдыратууга чоң үмүтү бар экени көрүнүп турат. Бирок ага түздөн-түз кайрылбай, муну менен Орусиянын сезимдерин оорутпастан, тескерисинче, Орусия менен жакындашуу кадамдары аркылуу кытай-орус союзун акырындык менен алсыратат.
Акырында, каапыр өлкөлөр дүйнөнү башкарып, алардын лидерлери жолугуп, талкуулап, пландап жатканы өкүнтөрлүк. Адамзат үчүн чыгарылган Ислам үммөтүнүн эл аралык окуяларга эч кандай таасири жок абалда. Тескерисинче, ал өз иштерин өз алдынча башкарууга да кудурети жетпейт, тескерисинче, каапыр колонизаторлордун колу менен башкарылууда! Маселе, эки миллиардга жакын үммөттүн бир бүтүн башы жок дене сыяктуу экенинде. Аны бириктирген халифалык жок, анын иштерин көзөмөлдөп, анын артында согушуп, аны менен корголгон халифа жок! Бирок, Аллах Тааланын убадасы жана Анын Элчиси (саллаллаху алейхи уа салламдын), сүйүнчүсү боюнча, инша Аллах халифалык кайра келет. Бирок Аллахтын мыйзамы үммөт халифалыкты тикелөө үчүн амал кылбай турганда периштелер бизге халифалыкты тикелөө үчүн асмандан түшпөөсүн буйруйт. Тескерисинче, биз иштеп жатканда Кудай бизге жардам берүү үчүн периштелерди түшүрөт. Үммөткө калп айтпаган жол башчы Хизб-ут-Тахрир үммөттү аны тикелөө үчүн аны менен бирге иштешүүгө чакырат. Ошондо Ислам жана мусулмандар урматталат, куфр жана каапырлар кор болот.
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾
Ал күнү момундар Аллахтын жеңиши менен кубанышат. Ал кимди кааласа жеңишке жеткирет жана Ал Улуу, Мээримдүү.
1447-х, 25-сафар.
2025-ж, 19-август.