Кинотеатрдан фильм көрүүнүн өкүмү?

Кинотеатрдан фильм көрүүнүн өкүмү?
Суроо: Фильмдерди көрүү үчүн кинотеатрга кирүүгө болобу? Ошондой эле, порнографиялык фильмдерди көргөн мусулманга кандай мамиле кылуу керек, ага насаат кылып тыйышыбыз керекпи же өзүнө коё беребизби?
Жооп: Эгер кинотеатрда пайдалуу жана олуттуу мазмундагы фильмдер көрсөтүлүп жатса, анда ага кирүү жаиз. Бирок аялдардын жана эркектердин катарлары өз-өзүнчө бөлүнгөн болушу керек. Бул жагдайда кино көрсөтүү лекция же илимий жыйын сыяктуу эле болот. Демек, аял жана эркектерди бөлүү шарты сакталса жаиз болот. Бирок бул шарттар аткарылган күндө да, мындай жайларга барбоо абзел. Себеби анда көз аялдардын айрым аврат жерлерине түшүп калышы мүмкүн же кулак адепке жат үн, күлкү, сөз угушу ыктымал. Ошондуктан андайдан сактануу эң коопсуз жол.
Ал эми эротикалык же порнографиялык фильмдерди көрүү арам. Мейли алар чыныгы адамдар эмес сүрөт же видео көрүнүш болсо да арам. Себеби шариаттагы:
“Арамга алып баруучу нерсенин өзү да арам” деген эрежеге ылайык, арамга жеткизиши анык болбосо да, эгер көп учурда ошол нерсе арамга жеткирип коюшу мүмкүн болсо, ага тыюу салууга жетиштүү негиз болуп саналат.
Мындай фильмдер, адатта, көргөн адамды арам иштерге, шахватын козутууга жана күнөө иштерге алып барат. Ошондуктан бул эреженин өзү аларга түздөн-түз тиешелүү болот. Демек, мындай фильмдерди көрүү да, сактоо да арам.
Ал эми жигиттер мындай фильмдерге катышкан мусулмандарга карата кандай мамиле кылышы керек деген суроого келсек, адатта мындай фильмдерди көргөндөр ахлакый жактан начар, көңүл ачууга берилген адамдар. Аларга насаат же тыюу көп учурда таасир бербейт. Алла ырайым кылган адамдар гана насаат алышат. Ошентсе да, эгер жигиттер акылдуу, таасирдүү жана токтоо ыкма табышса аны колдонуп, жамандыктан кайтаруу керек. Балким суроочу адам өзүнүн жакын туугандарын мындай жаман адаттан алыстатууну каалап айтып жаткандыр. Эгер ошондой болсо, анда аларды жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарсын, бирок жумшак, ылайыктуу ыкманы тандасын. Балким Алла Таала алардын жүрөгүн туура жолго салат жана бул иш үчүн суроочуга сооп жазылат, инша Алла.
10.10.2006-ж.




