Фикхий
Күйөөсүнүн атасы кафир болсо эмне кылуу керек?

Күйөөсүнүн атасы кафир болсо эмне кылуу керек?
Суроо: Мусулман аял бир мусулман эркекке турмушка чыккан, ал эми анын атасы кафир. Бул аял үчүн күйөөсүнүн кафир атасы махрам болуп эсептелеби? Ага күйөөсүнүн мусулман атасынын алдында жүрө ала турган аврат жайлары ачык жүрсө болобу?
Жооп:
Күйөөнүн атасы – ал мусулман болобу же кафир болобу – махрам болуп эсептелет. Анткени Аллах Таала аятта:
{أو آباء بعولتهن}
«…же эрлеринин аталарына». (Нур: 31) деп айткан жана аны Ислам менен чектебеген. Ошондуктан кайнатанын өкүмү мусулман болсо да, каапыр болсо да бирдей болот.
Хадисте да: Расулуллах ﷺ момундардын энеси Умму Хабиба бинт Абу Суфяндын атасы Абу Суфяндан парда тоспогонуна унчукпаган жана муну менен икрар (уруксат) кылган. Ал Мединага Худайбия келишимин жаңыртуу үчүн келгенде, кызынын үйүндө турган, ал кезде кафир болчу. Умму Хабиба болсо атасынан парда тоскон эмес. Эгерде анын куфурлугу аны мусулман атадан башкача кылып койгондо, Умму Хабиба энебиз парда тосмок. Демек аяттагы «же аталары» деген аят «же эрлеринин аталары» деген аят сыяктуу эле, кафир атага да, мусулман атага да бирдей өкүм болот.
Ошондуктан, аял аврат маселесинде күйөөсүнүн мусулман атасына кылган мамилени күйөөсүнүн кафир атасына да кылууга уруксат. Бирок бул өкүм милдеттүү эмес. Башкача айтканда, махрам болгон мусулман кайнатасынын алдында ачууга жаиз болгон дене мүчөлөрүн кафир кайнатасынын алдында ачуусу жаиз болгондой эле, ачпай коюу да жаиз. Менин пикиримде, кафир болгону үчүн авраты ачык жүрүүсүн азайтканы жакшыраак.
28/07/2004-ж.