Фикхий

Муслима аялдын каапыр атасы ага валий боло алабы?

Муслима аялдын каапыр атасы ага валий боло алабы?

Суроо: Каапыр үй-бүлөдө чоңойгон аял кийин Исламды кабыл алса, кийин бир мусулман эркек аны никеге алууну кааласа, анда анын каапыр атасы ошол никеде валий боло алабы? Эгер боло албаса, анда анын валийи ким болот?

Жооп: Каапыр адамдын мусулман аялга валий болуу укугу жок. Демек, аял Исламды кабыл алгандан кийин, анын каапыр атасы ага валий боло албайт. Эми суроодо айтылгандай, каапыр аял Исламды кабыл алганда кантип турмушка чыгат жана ким анын валийи болот? Мунун жообу төмөнкүчө:

Эгерде анын туугандарынын ичинен агалары, чоң аталары же аталаш жакындарынын ичинен кимдир бирөө Исламды кабыл алган болсо, ошол валий болот. Эгер алардын ичинен бир нечеси мусулман болсо, анда эң жакыны валий болот. Мисалы, мусулман агасы мусулман чоң атасынан артык болот.

Эгер анын туугандарынын ичинен эч бир мусулман жок болсо жана аял Ислам өкүмдөрү менен башкарылбаган өлкөдө жашаса (суроодо айтылгандай), анда эгер өлкөдө ишенимдүү мусулман казы (шаръий сот) болсо башкача айтканда, ал аялдын Исламын бекемдөөгө жардам берип, анын каапыр туугандарына кошулуп ага каршы чыкпаса, анда ошол казы валий боло алат. Эгер андай ишенимдүү казы болбосо, анда аял Исламды кабыл алышына себеп болгон адамды валий катары ала алат. Эгер андай да болбосо, анда өзү ишенген, такыбаа жана адилеттүү бир мусулман эркекти валий кылып тандай алат. Ал никени шаръий негизде өткөрөт, андан соң күйөөсү нике келишимин укуктар сакталсын деп расмий каттатууга кам көрөт.

Белгилей кетүү керек, эгер аял жашаган өлкөдө Ислам өкүмү өкүм сүрүп турган болсо, анда анын туугандары жок болгон учурда валий мамлекет башчысы (султан) болот. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:

«لا نكاح إلا بولي والسلطان ولي من لا ولي له»

«Валийсиз нике жок, ал эми валийи жок болгон аялдын валийи — султан»

(Ахмад Ибн Аббастан жана Айша رضي الله عنهم аркылуу риваят кылган).

Демек, мындай учурда султан казыдан жана башкалардан артык валий болот.

10.10.2006-ж.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button