Никеге ала турган кызды кароо

Никеге ала турган кызды кароо
Суроо: Эгер жигит бир кызды үйлөнүү үчүн колун сурагысы келсе, ал кыздан өзүнүн авратынын бир бөлүгүн, мисалы чачын же бутунун балтырынын бир бөлүгүн көрсөтүүнү суранса болобу? Ошондой эле кыз ага макул болуп, көрсөтсө болобу? Себеби айрымдар “хатиб (кыздын колун сураган адам) башка эркектерге караганда көбүрөөк көрө алат” деп, башка эркектерге ачык болгон жүз жана колдон тышкары жерлерин да көрүүгө уруксат берилет деп эсептешет.
Жооп: Эгер жигит бир кызды никеге алуу ниетинде болсо, ага кызды көрүүгө уруксат берилет. Эгер ал жүз менен колдон башка жерлерин да көрө алса, бул ага арам эмес, бирок бул көрүү кыз билбеген абалда болуусу керек. Бул тууралуу хадисте айтылган: Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«إِذَا خَطَبَ أَحَدُكُمُ الْمَرْأَةَ فَإِنِ اسْتَطَاعَ أَنْ يَنْظُرَ إِلَى مَا يَدْعُوهُ إِلَى نِكَاحِهَا فَلْيَفْعَلْ»
«Силердин бириңер бир аялга үйлөнгүсү келсе, аны никеге тартуучу (жактыруучу) нерсени көрө алса — көрсүн». (Абу Дауд риваяты, Ибн Хажар хадисти “хасан” деген).
Бул хадистин риваятчысы болгон Жабир رضي الله عنه мындай дейт:
«فخطبتُ امرأةً فكنتُ أَتَخَبَّأُ لها حتى رأيتُ منها ما دعاني إلى نكاحها فتزوجتُها»
«Бир аялдын колун сурап баргам, анан ага көрүнбөй жашынып, аны никеге алууга үндөгөн нерселерин көрдүм, анан аны никеге алдым». (Бул хадисти Хаким да риваят кылып, “Муслимдин шартына ылайык сахих” деген).
Хадистеги “فإن استطاع أن ينظر “эгер көрө алса” деген сөз айкашы анын жүз менен колдон башка нерселерине тиешелүү экенин көрсөтөт. Себеби жүз жана кол башкаларга да ачык болгон мубах дене мүчөлөрү, демек “эгер көрө алса” деген сөз буларга тиешелүү эмес. Ошондой эле Жабир رضي الله عنه “فكنت أتخبأ لها “ “ага көрүнбөй жашынып карадым” дегенде да, бул анын ачык эмес (аврат) жерлерине караганын билдирет.
Бирок ошол эле учурда “эгер көрө алса” жана “жашынып карадым” деген сөздөр, кызды билбеген абалында көрүүнү гана билдирет. Башкача айтканда, хатиб кыздын авратын ачтырууну суранбайт жана кыз да мындай өтүнүчкө жооп бербейт. Хатиб кыз билинбей турган жол менен, уруксат берилген чектен чыкпай, анын келбетин көрө алат. Ал эми эгер бул кыздын билиши менен, башкача айтканда, анын өзүнүн же валийинин уруксаты менен болсо, анда ага мубах болгон гана дене мүчөлөрүн башкача айтканда, жүзүн жана колдорун гана көрсөтүүгө болот. Себеби аялдын авратын жабуу тууралуу аяттарда хатибге хос уруксат берилген эмес. Ал аяттар жалпы бардык эркектерге тиешелүү.
Алла Таала мындай деген:
{وَلاَ يُبْدِينَ زِينَتَهُنَّ إِلاَّ مَا ظَهَرَ مِنْهَا وَلْيَضْرِبْنَ بِخُمُرِهِنَّ عَلَى جُيُوبِهِنَّ وَلاَ يُبْدِينَ زِينَتَهُنَّ إِلاَّ لِبُعُولَتِهِنَّ …}
“Ошондой эле көрүнүп тургандан башка кооздук – жасалгаларын (тактап айтканда үстүлөрүндөгү кийимдеринен башка кооздук жасалгаларын чоочун бирөөлөргө) көрсөтүшпөсүн жана көкүрөктөрүн оромолдору (жоолуктары) менен тосушсун! Алар кооздук жасалгаларын көрсөтүшпөсүн, бирок эрлерине гана (көрсөтүүлөрү мүмкүн)” (Нур: 31).
Бул аяттагы {ما ظهر منها} – “көрүнүп тургандан башка” дегенди Ибн Аббас رضي الله عنهما жүз жана колдор деп тафсир кылган. Пайгамбарыбыз ﷺ да мындай деген:
«إن الجارية إذا حاضت لم يصلح أن يرى منها إلا وجهها ويداها إلى المفصل»
«Кыз балагатка жеткен соң, андан билекке чейинки колу жана жүзүнөн башка жерин көрүү жаиз эмес». (Бул хадисти Байхакий риваят кылган).
Бул тексттерде аялдын хатиб алдында өзгөчө уруксат менен авратын ачууга эч кандай хос өкүм келген эмес. Демек, аял ар кандай бөтөн эркекке, мейли ал хатиб болобу же башка бирөө болобу — өз авратын жаап жүрүүгө милдеттүү.
Ал эми өзгөчө уруксат болгон нерсе эркек аялдын авратына карабашынын өкүмү. Ал төмөнкү аят жана хадистер менен чектелет.Алла Таала мындай деген:
{قُلْ لِلْمُؤْمِنِينَ يَغُضُّوا مِنْ أَبْصَارِهِمْ}
«Эй Мухаммад), момундарга айткын, көздөрүн (чоочун аялдарга кароодон) тосушсун». (Нур: 30). Ошондой эле Муслим риваят кылган хадисте айтылат:
«سألت رسول الله صلى الله عليه وسلم عن نظر الفجاءة فأمرني أن أصرف بصري»
«Мен Пайгамбарыбыз ﷺ дан күтүүсүз карап калган көз тууралуу сурадым, ошондо Ал мага “көзүңдү башка жакка бур” деди». Бухарий риваят кылган хадисте болсо мындай дейт:
«كان الفضل رديف النبي صلى الله عليه وسلم فجاءت امرأة من خثعم فجعل الفضل ينظر إليها وتنظر إليه، فجعل النبي صلى الله عليه وسلم يصرف وجه الفضل إلى الشق الآخر»
«Фадл Пайгамбарыбыз ﷺ менен бирге бараткан эле. Ошондо Хасъам уруусунан бир аял келип, ал Фадлга карады, Фадл да ага карады. Ошондо Пайгамбарыбыз ﷺ Фадлдын жүзүн башка жакка бурду». Ал эми Насайи риваятында:
«وكانت امرأة حسناء، فأخذ رسول الله صلى الله عليه وسلم فحول وجهه من الشق الآخر»
«Ал аял сулуу эле, ошондо Пайгамбарыбыз ﷺ анын жүзүнөн көзүн буруп койду» — деп айтылган. Бул аялдын жүзүнө да шахват менен карабаш керек экенин көрсөтөт.
Демек, бул аяттар жана хадистер хатиб эмес эркектерге тиешелүү. Ал эми Жабирдин хадисинде болсо хатибге аялдын жүзүн, колдорун жана жүз менен колдон башка айрым жерлерин көрүүгө — эгер бул аны никеге алуучу болсо — уруксат берилгени айтылат.
Жогоруда айтылгандардан көрүнүп тургандай, аял үчүн хатиб алдында өзүнүн авратынын бир бөлүгүн ачууга уруксат берген эч бир шаръий насс келбеген. Тескерисинче, аялдын авратын бөтөн эркектерге көрсөтүүгө тыюу салган аяттардан өзгөчө жагдай чыгарылган эмес. Өзгөчөлүк берилгени, хатиб эркектин, эгер мүмкүн болсо, аялдын жүзү менен колдорунан башка айрым жерлерин кызга билгизбестен, жашыруун карап көрүүгө уруксат берилгендиги.
Ошондуктан, эгер хатиб аялдын жүзү менен колдорунан башка ачык эмес жерлерине кызга билгизбестен карай алса ага уруксат. Бирок аялдын өзү, атасынын уруксаты менен болсун же ансыз болсун, жүзү менен колдорунан башка жерлерин ачып көрсөтүүсү жаиз эмес.
Жыйынтыктап айтканда, хатиб аялдын мубах болгон жерлерин, башкача айтканда жүзүн жана колдорун гана көрө алат. Бул эки түрдө болушу мүмкүн:
• Ага билгизбестен, мисалы көчөдө көрүп калышы;
• Анын же валийинин уруксаты менен, мисалы кыздын үйүнө барып, нике сунуш кылганда валийи аркылуу көрүүгө уруксат сураса болот. Анда валийи кызды алып чыгып, экөө (валийи жана хатиб) катышкан шартта кыз чыгып отуруп, мисалы чай берип, ошол учурда хатиб анын жүзүн жана колдорун көрөт.
Демек, хатиб аялдын мубах болгон жерлерине — жүзүнө жана колдоруна — кыздын билиши менен да, билгизбестен да карай алат.
Ал эми жүз менен колдордон башка жерлерине карай турган болсо, буга уруксат берилбейт, мейли кыздын өзү уруксат берсин, мейли атасы уруксат берсин. Себеби аялдын авратын ачуу хатиб үчүн да, бөтөн эркек үчүн да арам. Бирок, хадисте айтылгандай, эгер хатиб аны билгизбеген абалда, жашынып карай алса, ага уруксат берилет.
Бул өкүмдөр карап көрүүгө гана тиешелүү, башкача айтканда, хатибге берилген өзгөчө уруксат карап көрүү гана. Ал эми башка өкүмдөр, мисалы, жалгыз калуу (хилват) үчүн эч кандай өзгөчө уруксат берилген эмес. Демек, хатиб болобу, башка эркек болобу аял менен жалгыз калуу арам бойдон калат.
10.10.2006-ж.




