Фикхий

Сатып алууга берген убада жана аялдын күйөөсү менен ажырашуусу

Сатып алууга берген убада жана аялдын күйөөсү менен ажырашуусу

Суроо: Соодагердин товарды сатып алуу үчүн берген убадасы соода келишимине киреби?

Аялдын күйөөсүнөн ажырашуусу жайизби? Биринчи суроого жооп:

  1. Соодагерде жок болгон товарды сатып алууга берген убадaсы милдеттүү эмес жана ал сатып алуу же сатуу келишиминин бир бөлүгү болуп эсептелбейт. Бул убадa соодагерде товар бар болгондо гана мааниге ээ болот, ошол учурда кааласа сатып алат, кааласа албай коёт. Демек, соодагер сатып алган товар соодагердики, ал аны сатып алууга убада берген кишини мажбурлай албайт.
  2. Эгер соодагерге сатып алам деп убада берип, бирок албай койгон киши убаданын бузулгандыгынан улам ихсан кылып, соодагердин көңүлүн алуу үчүн ага (акча) берүүнү кааласа, бул жаиз болот. Бирок бул компенсация сыяктуу милдеттүү амал эмес.
  3. Жогоруда айтылгандай, товар соодагердики. Эгер ал товарды сатып, көп же аз пайда тапса, аны сатып алууга убада берип, бирок албай койгон кишинин соодагерден пайдадан үлүш талап кылууга укугу жок. Анткени товар ага эмес, соодагерге таандык.
  4. Эгер соодагер сатып алам деп убада берип, бирок албай койгон кишиге: “Эгер сен мага убада бербесең, мен бул товарды сатып албайт элем” деген негизде, ал сатып алган товарын кайра сатып пайда тапкандан кийин акча берүүнү кааласа, бул мүмкүн. Бирок бул милдеттүү эмес, ал жөн гана белек же тартуу сыяктуу болот.

Жыйынтыктап айтканда, товар соодагердики жана ал экинчи тарапты аны сатып алууга мажбурлай албайт. Анткени соодагерде жок товарды сатып алууга берген убадa милдеттүү эмес, ал келишим болуп эсептелбейт. Себеби өзүндө жок нерсени сатуу хадистеги өкүмгө ылайык жараксыз.

Эгер соодагер товарды сатып, аз же көп пайда тапса, ал пайда өзүнө таандык. Аны сатып алууга убада берип, бирок албай койгон кишинин соодагерден аз же көп пайдадан үлүш талап кылууга укугу жок. Анткени товар соодагердин толук жана мыйзамдуу жеке мүлкү.

Эгер соодагер же экинчи киши өздөрүнүн акчасынан бири-бирине белек же хадия кылгысы келсе жаиз болот.

Экинчи суроого жооп:

Аял киши талак берүү укугуна ээ эмес, бирок эгерде нике келишиминде күйөө аялга талак берүү укугун берген болсо, башкача айтканда, аны өзүнөн өзү ажырашуусуна укуктуу кылган болсо, мындай учурда ал: “Мен өзүмдү сенден талак кылдым” десе, бул бир талак болуп эсептелет. Ал эми эгер нике келишиминде күйөө аялга өзүн талак кылуу укугун так жана ачык берген эмес болсо, башкача айтканда, мындай укук келишимде так макулдашылбаган болсо, анда аялдын өзүн талак кылуусу жараксыз жана эсепке алынбайт.

19.02.2004-ж

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button