Соода үстүнөн соода кылуунун арамдыгы

Соода үстүнөн соода кылуунун арамдыгы
Суроо: Ассаламу алейкум! Бирөөнүн соодасы үстүнөн соода кылуу арам экендигин билебиз. Бирок кайсы учурларда мындай кылуу арам болот?
Уа алейкум ассалам! Урматтуу бир тууганым.
Жооп: Бирөөнүн соодасынын үстүнөн соода кылууга тыюу салынганы тууралуу далил хадисте келген:
«لا يبع الرجل على بيع أخيه ولا يخطِب على خِطبة أخيه إلا أن يأذن له»
«Эч бир адам бир тууганы уруксат бермейинче, анын соодасы үстүнөн соода жүргүзбөсүн жана бир тууганынын нике сунушу үстүнөн сунуш жасабасын». Муслим риваят кылган. Ал эми Насаий сахих иснад менен мындай деп риваят кылат:
«لا يبع بعضكم على بيع بعض حتى يبتاع أو يذر»
«Силердин эч кимиңер бири-бириңердин соодасы үстүнөн соода жүргүзбөсүн, товарды сатып алганча же андан баш тартканча (жаиз эмес)».
Бул эки хадистен, эгерде соода бүтүмү али толук күчүнө кире элек болсо, башкача айтканда, аны эки тараптын бирөөсү бузууга шаръий мүмкүнчүлүгү болсо, анда бирөөнүн соодасы үстүнөн сатуу арам болот экендигин түшүнөбүз. Маселен, «хияр ал-мажлис» (жолугушуу жайында турган кезде келишимди бузуу укугу) же «хияр аш-шарт» (шарт коюлган учурда). Мисалы, сатып алуучу: «Муну мындай шарт менен алам» десе, эгерде шарт аткарылса сатып алуу күчүнө кирет, болбосо жокко чыгарылат. Дал ушул 2 абалда бирөөнүн соодасы үстүнөн соода жүргүзүү арам болуп эсептелет.
Ал эми эгерде келишим толук түзүлүп, бекем (лазим) болуп калса, башкача айтканда, сатып алуу келишими бүтүп, тараптар ажырашып кеткен болсо, хияр ал-мажлис бүтөт, шарт да аяктаган болот. Ошол учурда бүтүмдү бузууга жол жок. Мындай учурда экинчи бир соода жаңы сунуш жана жаңы бүтүм болуп эсептелет. Ошондуктан, сатуучу мурдагы товардан тышкары дагы бир товарды башка баада сунуш кыла алат. Биринчи бүтүмдү бузуунун эч кандай шаръий күчү болбойт, анткени хияр мүмкүнчүлүгү өткөн болот.
Бул «гобнуль-фахиш» — ашыкча алдануу — дегенден башка нерсе. Мисалы, сатып алуучу алданып базар баасынан кыйла жогору баага сатып алгандыгын билип калса, анда ал товарды кайтарып берүүгө же калтырууга укуктуу. Бул болсо башка маселе, ал «бирөөнүн соодасы үстүнөн соода кылуу» маселесине кирбейт).
Жыйынтыктап айтканда, эгер соода «хияр» мезгилинде болуп, башкача айтканда шарият боюнча аны бузууга мүмкүн болсо жана сатуучу менен сатып алуучу белгилүү баага макулдашып жаткан болсо, үчүнчү бирөө келип ошол эле товарды төмөн баада сунуштап, сатып алуучуну биринчи сооданы бузуп, андан кийин экинчи сатуучудан арзан баада сатып алууга түртсө бул арам болуп эсептелет жана хадистердеги тыюуга толук кирет.
Ал эми эгер соода бекем бүтүм болуп калган болсо, башкача айтканда тараптар ажырашып кеткен болсо жана эч кандай шарт калбаган болсо, анда мындай учурда экинчи бирөө келип сатып алуучуга ошол эле товарды арзаныраак баада сунуш кылса мында эч кандай айып жок. Анткени сатып алуучу биринчи сооданы буза албайт, ал эми экинчи сунуш кылынган товарды кааласа арзан баада сатып алат, каалабаса албайт. Мунун далили хадистин башка риваятындагы: حتى يبتاع أو يذر – сатып алганча же баш тартканга чейин деген сөзү.
Башкача айтканда, бул тыюунун бир чеги бар, ал чек – соода толук бүтүп кеткен учур. Демек, тыюу соода бекем болуп калганга чейин. Ал эми соода толук күчүнө киргенден кийин башка сатуучу келип ошол эле товарды арзаныраак сунуш кылса, бул жаңы бүтүм болуп эсептелет жана биринчи келишимге эч кандай таасир этпейт.
18/04/2004 ж.